Menu

чакан ГЭС

Баткенде 5 чакан ГЭС курулууда, дагы 10 ГЭСтин долбоору даяр

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун  энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту  камсыз кылуу максатында,  чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл буруу боюнча жарлыгына ылайык, чакан ГЭСтерди куруу Баткен облусунда активдүү колго алынууда. Бул тууралу Баткен облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Бул багытта  КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин аракети менен, гидроэнергетика тармагына кызыккан тараптарга мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан каралган колдоолор жана жеңилдиктер жеткирилип, ишкерлердин кызыгуусу артууда. 

ГЭСтин курулушу бир эле электр энергиясы эмес, сугат суу  маселесин чечүүдө да зор мааниге ээ болууда. 

Учурда Баткен облусунун аймагынан агып өткөн  дарыяларда 5 чакан ГЭСтин курулушу жүрүүдө. Алар,

1.Баткен  районунун аймагында Кыштут чакан ГЭСи курулууда. 10 МВТ кубаттуулуктагы обьект үчүн  7,0 млн сом АКШ доллары керектелээри белгиленген. ГЭСти  5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, учурда  1-каскадтын100% жумушу аткарылды. 

2.Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кожо-Кайыр каналынын нугунда 300 КВТ кубаттуулугунда, сметалык баасы 300 миң АКШ долларын түзгөн долбоордун курулуш иштери аяктап, биринчи агрегаттын генараторун орноштуруу иштери жүрүүдө. 

  1. Майдан айыл аймагынын  Пата-Таш участкасында  4 МВттык “Исфайрам-1” долбоору  2,81 млн АКШ долларына курулууда. Курулуш иштери 90% аяктап калды. 
  2. Лейлек  районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы  Жаңгакты  дарыясына   0,54 МВТ кубаттуулугундагы “Белес” чакан ГЭСинин курулушу аяктады.  5 км аралыкта чубалгылары курулуп  райондук электр  тармактар ишканасынын Белес фидерине кошулду. План боюнча 2023-жылдын июнь айында электр энергия өндүрүү пландалган. 
  3. Өзгөрүш айылында Козу-Баглан дарыясынын капталында 5,9  МВТ кубаттуулуктагы “Лейлек”  ГЭСи,  5,6 млн АКШ долларына курулууда.  

Мындан сырткары 10  чакан ГЭСти куруу боюнча ички инвесторлордон билдирмелер түшүп,  долбоорлору даяр. 

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Бакыт Төрөбаев: Быйыл 50гө жакын чакан ГЭС курушубуз керек

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл Кыргызстанда 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы 31-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүш үчүн 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычына 8,6 млрд м³ суу топтоо пландалууда. Быйыл 2,2 млрд. кВт саат электр энергиясын импорттоо каралган.

Кыргызстандын суу ресурстарынын энергетикалык мүмкүнчүлүгү 162 млрд. кВт саат, бул Борбор Азиядагы энергокордун 38% түзөт. Бирок эсептөөлөр боюнча, Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктүн 10% жетпегенин гана колдонот.

Кыргызстанда жылына 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок ал жалпы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам өкмөт жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын сатып алат.

Президент Садыр Жапаров 21-январда май айынан тарта электр энергиясынын тарифи 77 тыйындан бир сомго көтөрүлө турганын билдирген.

Азыр калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан, мекеме-ишканалар 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин төлөйт.ө

«A-Hid» венгриялык компаниясы Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди долбоорлойт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча «A-Hid» венгриялык компаниясынын аткаруучу директору Ласло Салом менен жолугушту.

«Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз», – деди Акылбек Жапаров.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана «A-Hid» компаниясы (Венгрия Республикасы) ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Кол коюлган келишимге ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени жана чакан энергетика обьектилеринин өздөрүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин андан ары иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн кыйла ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Макулдашуунун алкагында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен кичи ГЭС тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселеси да иликтенмекчи.

Маалымат үчүн: «A-Hid» компаниясы энергетикалык объектилерди, көпүрө, автожол, темир жол, коомдук транспорт курулмалары сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенет.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасы менен Венгрия Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Уюм өз ишинде венгриялык компаниялар менен ишкер байланыштарды түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө басым жасайт.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген кредиттерди берет. Анын уставдык капиталы 16 млн АКШ долларын түзөт.

2022-жылдын 12-майында долбоорду каржылоого арыздарды кабыл алуу башталганы жарыяланган.

Чүй облусунун Сокулук районунда чакан ГЭС ишке кирди. Президент Садыр Жапаров инвесторлорду өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук ГЭС-2нин ишке киришине байланыштуу өткөн иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы ГЭСтеги негизги курулуштарды көрүп чыгып, анын жабдуулары жана иши менен таанышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө энергетика анын саясатынын негизги багыттарынын бири экенин, ошондуктан бул тармакка өзгөчө маани берип, ар бир өзгөрүүгө өтө кылдаттык менен мамиле кыларын баса белгиледи.

Президент мамлекеттин энергетикалык системасындагы кырдаалды жана кыйынчылыктарды терең изилдегенин жана өлкөнүн өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу боюнча алдыга максат койгонун айтты.

Мамлекет башчысы энергетика системасында туруктуулукка жетүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу максатында быйыл бир катар чаралар көрүлгөнүнө токтолду. Тагыраак айтканда,  электр энергиясын жана жылуулукту өндүрүүдөн баштап керектөөчүгө жеткирүүгө чейинки чыгымдарды жабууга мүмкүндүк бере турган орто мөөнөттүү жаңы тариф саясаты кабыл алынды, энергияны кайра жаратуучу булактар тармагындагы жабдууларды жана техникаларды импорттоодо КНС төлөө милдеттемесинен бошотулду, мамлекет менен потенциалдуу инвесторлордун өз ара кызматташуу, анын ичинде энергиянын кайра жаратуучу булактары боюнча ишкердикти лицензиялоодон бошотуп, жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу механизмдери иштелип чыкты.

Садыр Жапаров бул чаралар «жашыл энергияны» өнүктүрүүгө жана кошумча генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга туруктуу түрткү берет деп ишенээрин билдирди. Президент белгилегендей, бул демилгелерди иш жүзүнө ашыруу үчүн чаралар көрүлгөн.

Маселен, ушул жылдын август айында Талас облусундагы «Бала-Саруу» чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул ГЭС жыл сайын 100 миллион кВт саатка жакын энергия өндүрүп, Талас облусунун электр энергияга болгон муктаждыгынын 20 пайызын камсыздайт.

Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушун долбоорлоо жана буга байланыштуу иш-чаралар жүрүп жатат.  Жалал-Абад облусунда Кара-Көл ГЭСин куруу иштери жакында башталат. Бул долбоорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында ишке ашырылат.

Үстүбүздөгү жылдын март айынан бери 20дан ашуун компания чакан ГЭСтерди курууга даяр экенин билдирип, тиешелүү күбөлүктөргө ээ болушту. Учурда республика боюнча жалпысы кубаттуулугу 54 мегаватт болгон жана жылына 200 миллион кВт сааттан ашык энергия өндүргөн 10 чакан ГЭС бар. Бирок бул генерациянын көлөмү электр энергиясынын 3 миллиард кВт саат тартыштыгын жабуу үчүн жетишсиз.

Президент мамлекеттин катышуусуз, жеке инвесторлордун аракети менен, бюджеттик жана донордук каражаттарды тартпастан курулган чакан ГЭСтин ачылышынын маанисин баса белгиледи.

Садыр Жапаров бул чакан ГЭС өлкөнүн бардык региондорунда жаңы чакан ГЭСтерди ишке киргизүүнүн үлгүлүү мисалы болуп каларын кошумчалады.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы потенциалдуу инвесторлорго чакан ГЭСтердин курулушуна жардам берүү, бюрократияны жоюу жана мындай долбоорлорду колдоп-коштоо боюнча практикалык иштерди күчөтүү зарыл экенин билдирди.

Ал өлкөдө 200дөн ашуун створлор бар (чакан ГЭС салууга ыңгайлуу жер) жана чакан ГЭСтер 6-7 жылдын ичинде өзүн-өзү толук актай турганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү жана бардык кызыкдар болгон инвесторлорду Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырып, бул үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Бирок Советтер Союзу тарагандан кийин бул ГЭС консервацияланган жана 2007-жылы станцияны изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча негизги электротехникалык жабдуулар, ошондой эле гидротехникалык курулмалар жана ГЭСтин имараты бөлүктөргө бөлүнүп, жарым-жартылай талкаланган. Буга байланыштуу аны ишке киргизүү үчүн толук реконструкциялоо талап кылынган.

Сокулук ГЭС-2нин белгиленген кубаттуулугу — 2,4 МВт (2×1,2 МВт), электр энергиясын иштеп чыгуунун орточо жылдык көлөмү — 11 895 756 кВт/с түзөт.

Сокулук ГЭС-2 ишке кирсе Чүй облусуна электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйөт, тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электроэнергиясы менен камсыздайт.

Меню