Menu

Чаткал алтын казуудагы уурулук

УКМК: Чаткал районунун алтын казуучу ишканасына карата козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы 4 жетекчи камакка алынды

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы тарабынан  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгүнүн (коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, алтынды мыйзамсыз ташуу учурунда алтынды мыйзамсыз казып, сатууну жашыруу максатында Чаткал районунун кызмат адамдары менен  кылмыштуу келишим түзгөн, алтын-кен компаниянын башкы директору кармалган. 

      Иликтөө иштеринин жүрүшүндө экологиялык коопсуздукка, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч жаратканын эске албастан, Чаткал районунун кызмат адамдары менен компаниянын өкүлдөрү материалдык пайда көрүү максатында жең учунан сүйлөшүп алган фактылар аныкталды. 

        Каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун төмөнкү кызматкерлери кармалган:

      – Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы «С.К.К.»;

      – Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы «Ж.Н.Ж.»;

     – Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары «С.А.К.».

     – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Регионалдык дирекциянын Чаткал району боюнча көзөмөл-инспектордук кызматынын башкы инспектору «Б.З.Ж.».

     Мындан тышкары, алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү да кармалган.

     Жогорудагы адамдарга өзгөчө оор кылмышка шектелип айып тагылып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Меню