Menu

чек ара

ИИМ: Баткенде чек ара кайтарып жүргөн жоокер кокустан жанындагы жоокерди автомат менен атып алган

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жоокери Чек ара кызматынын жоокерлери менен биргеликте чек ара тилкесинде коомдук коопсуздукту сактоо боюнча Лейлек районундагы Сада айылындагы чегарага жакын нөөмөт пунктунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан учурда кокустуктан чогуу кызмат кылган жоокерди ок атуучу куралдан атып алган.
Ок атуучу курал алып жүрүүдө коопсуздук талаптарын бузуп, бири-бирине ойноп курал кезегендиктен улам ички аскерлердин катардагы жоокери 2002-жылы туулган Н.у Т.  кокусунан бет маңдайда турган шериги ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып алган.
Жарадар болгон катардагы жоокер 2003-жылы туулган М.у.К. дароо ооруканага жеткирилген, тилекке каршы жаракат алган жоокер ооруканадан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ички аскер кызматкери АКСУ ок атуучу курал колдонууда коопсуздук талаптарын сактабастан, курал менен ойношуп, ок атуучу куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам маңдайында турган чогуу кызмат өтөгөн ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып атып алган. Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен биргеликте окуянын бардык жагдайларына текшерүүнү жүргүзө баштады.

Кыргыз тарап чек арадагы атышуу тууралуу маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышууга тажик чек арачылары себепкер деп билдирди.

“Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районундагы чек ара аймагында жайгашкан Наумин ашуусунда атчан баратып, Чашмагилдан тилкесинде Тажикстандын чек арачыларынын чабуулуна кабылган. Натыйжада, эки тараптан тең ок атылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Ага ылайык, Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери окуя болгон жерге жөнөп кетишкен. Эки тараптан тең бул окуя териштирилип жатканы маалым болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу 8-июлда, саат 16:00 (Тажикстандын убактысы боюнча 15:00) чамасында болгону маалымдалган. Окуяны Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери талкуулап, анын себебин чогуу иликтөөнү чечкенин кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза болгон 27 жарандын үй-бүлөсү 1 млн сомдон, жабыркаган 67 үй-бүлө 24 млн сом кенемте алышты

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта каза болгон 27 жарандын үй-бүлөсү бир миллион сомдон кенемте алды.

Чатакта жабыркаган дагы 67 үй-бүлөгө тарткан зыянына жараша 50 миң сомдон бир миллион сомго чейин акча төлөнүп берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев 6-июлда басма сөз жыйынында билдирди. Анын маалыматына ылайык, кенемте үчүн жалпысынан бюджеттен 51 миллион сом каралган.

Министрлер кабинети чек ара жаңжалындагы зыяндын көлөмүн 1,3 миллиард сом деп эсептеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө тең кылмыш иштери козголгон.

Кыргыз-тажик чек арасы: активисттер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылышты

Кыргызстандын жай тургундарына каршы Тажикстандын бийлигинин аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү жазылган кат Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна жиберилди. Бул тууралуу юрист, укук коргоочу Сания Токтогазиева билдирди.

“Бүгүн, Рим статутунун 15-беренесинен пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын бийлигине каршы тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу жөнөттүм. Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин бардыгына терең ыраазычылыгымды билдирем”, – деди юрист.

Токтогазиева кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды иликтеген жарандык коомдун өкүлү.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай талкаланып, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш объектиси жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню