Menu

Чек ара кызматы

УКМК: Чек арадан өтүп жаткан жарандарды пара берүүгө мажбур кылган 4 чек арачы кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлгөн, анын натыйжасында айрым аскер кызматчылары кармалып, акча каражаты табылып алынды. Табылган акча каражаттарга алдын ала “пара” белгиси коюлган, бул КР УКМКнын Чек ара кызматынын айрым аскер кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз опузалап акча талап кылынгандыгын тастыкталган. 

КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын аскер кызматчылары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы келип, мыйзамсыз түрдө материалдык пайда алуу максатында жана өз кызыкчылыктарын көздөп, арам ниетте өткөрмө бекеттеринен өтүп жаткан адамдарды атайылап ыңгайсыз абалга келтирип, Кыргыз-Өзбек мамлекетинин тилкесинен тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн жарандардан системалуу түрдө 50 сомдон 1000 сомго чейин мыйзамсыз акча талап кылышкан. 

Акча берүүдөн баш тарткан учурда аскер кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй коюшуп, бул жарандарды чек арачылардын талаптарына баш ийип, керектүү сумманы берүүгө мажбур кылышкан.

Азыркы учурда КР УКМКнын Чек ара кызматынын 4 аскер кызматкери кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, аларга карата тиешелүү болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: “Манас” аэропортунун чек ара көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси, ага лейтенант К.К.К. кармалды

Кечээ, 17-мартта Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай эл Республикасынын КЭР жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Мамлекеттик чек ара кызматынын айрым жетекчилери коррупциялык кылмыштары үчүн кармалды

КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Такталгандай, «Достук-унаажолу» текшерип өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстан Республикасынын жарандары жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнашканы аныкталды.

2021-жылдын 19-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө,  «Достук-унаажолу» текшерип өткөрмө пунктунун башчысы «А.Э.»,  КР УКМК Ош областы боюнча чек ара кызматынын  башчысы «Ч.Н.», жана ошондой эле КР УКМК чек ара кызматынын  Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары «К.Б.» кармалды. Баардык кармалгандар КР УКМК Ош областык жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка жогору кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

УКМК: “Ош-аэропорту” көзөмөл өткөрүү пунктунан Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөң узак мөөнөттүү иш-чаралардын жүрүшүндө, “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан КР УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныктады.

Тактап айтканда, аталаган көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча каражатын алып жүрүшкөндүгү аныкталды.

Азыркы учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун КР УКМК Чек ара кызматынын 20 кызматкерлеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.

Меню