Menu

Чолпонбек Сыдыков

Казакстанда сабалган эки кыргызстандык боюнча “Кыйноо” беренеси менен иш козголду

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин кое берилген кыргыз жарандары Чолпонбек Сыдыков жана Викрам Рузахунов боюнча бул өлкөнүн Жазык кодексинин 146-беренесинин (“Кыйноо”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Бул тууралуу 14-февралда Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди:

“Иш акыйкат каралат деген кепилдигин беришти. Иш биргелешип караларын айтышты”.

Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда 8-январда кармалган. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айыныны соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Белгилүү музыкант, пианист Рузахунов да ошол күндөрү кармалып, эки күндөн кийин коомчулуктун кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал да ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Быйыл январда Казакстандын бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, натыйжада миңдеген адамдар камакка алынган, 200дөн ашуун адам каза болгон. Курман болгондордун экөө кыргызстандык экени расмий айтылган. Кармалган он чакты кыргыз жараны көп өтпөй коё берилген.

Соңку маалымат боюнча, Январь окуяларына байланыштуу кармалган бир кыргыз жараны азыр Тараз шаарында кармалып турат.

ТИМ: Алматыда кармалып, эки буту, кабыргасы сынганча сабалган Чолпонбек Сыдыков атайын медициналык унаада "Ак-Жол" көзөмөлдөө-өткөрмө пунктуна чейин алып келинди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жараны Ч.Сыдыковго байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 20-январында Министрликтин тапшырмасы менен КРнын Алматы шаарындагы Башкы Консулдугу тарабынан Ч.Сыдыков атайын медициналык унаада “Ак-Жол” көзөмөлдөө-өткөрмө пунктуна чейин алып келинди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин көмөгү менен Министрлик тарабынан Ч.Сыдыковду “Ак-Жол” көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунан тосуп алуу менен, аны андан ары тийиштүү медициналык мекемеге жайгаштыруу уюштурулду.

Учурда министрлик казакстан тарабы менен КРнын жараны Ч.Сыдыковго байланыштуу окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Алматыда жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков табылды

Казакстандын Алматы шаарында башаламандыктар учурунда кармалып дайыны билинбей жаткан Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыков 11 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу 19-январда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

“Эки буту, кабыргасы сыныптыр. Эртең Кыргызстанга жөнөтөбүз. Ал Бишкекке кетип баратканда (ред: 8-январда) Алматынын чыга беришинде атайын операцияга туш келип кармалып калган. Кийин суракка алынган. Ошондон бери дайынсыз болуп жаткан”, – деди Арипов.

Сыдыковдун жакындары эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбекти казак күч кызматкерлери Алматыдагы башаламандыкка шектүү катары кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.

Маалымат боюнча, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалган, алардын баары чыкты. Каза болгондор экөө.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноолор менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

Меню