Menu

Чоң-Алай району

Акылбек Жапаров: "Кокон хандыгында Шералы ханды хан кылган Нүзүп аталык, Алымбек датка жана Курманжан датка дал ушул Чоң-Алайга келип, иштеп турган"

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин Төрөгасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 30-июлда, Чоң-Алай районунун Доорот-Коргон айылында өткөн райондун кайра түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Акылбек Жапаров Президент Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан район тургундарын мааракелүү дата менен куттуктады.

“Чындыгында Чоң-Алай – карт тарыхтын сырларын катып жаткан жер. Кокон хандыгында Шералы ханды хан кылган Нүзүп аталык, Алымбек датка жана Курманжан датка  дал ушул жерге келип, иштеп турган. Чоң-Алайды  – даткалардын изи калган жер дейбиз.  Бул жердин элинин бекем ынтымагы – башкаларга  үлгү. 2017-жылы жер титирегени эсиңиздерде болсо керек. Ошондо 623 үй жабыркаган. Бирок келген жардамдарды башкалардай ызы-чуу кылбай, абдан так, калыс, уюшкандыкта бөлүштүрүп, бекем ынтымагыңарды көрсөткөнсүздөр”- деди Жапаров.

Өлкөдөгү акыркы өзгөрүүлөргө, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө токтолгон министрлер кабинетинин башчысы башталган ири долбоорлор аягына чыгарын белгиледи.

“Аймакта наркы 455 млн сом болгон Шибээ-Жекенди каналына быйыл биз 100 млн  сомго жакын каражат бөлдүк. Буюрса, 500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт, 462 гектар талаалардын суу менен камсыз болушу жакшырат. Быйыл канал толук бүтүп, ишке берилет.

Президентибиз Садыр Нургожоевич ушул жерде мектепке капсула салып кеткен. Аны бүтүрөбүз.  30 жылдын ичинде 33 Өкмөт башчы, 5 Президент алмашты. Акыркы 15 жылдан бери саясий толкундар менен катаклизмден арылбай келдик. Президент Садыр Жапаровдун келиши менен баары өзгөрүүдө.

Башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга алдык. Былтыр 17-майда тышкы  башкаруу киргизилгенден бери 220 млн долл. таза киреше таптык. Алтындын бардык запастарына өзүбүз ээлик кылабыз! Кумтөр мындан ары Кыргызстандыкы болду. Бул – баарыбыздын  күткөн жеңишибиз“– деп кошумчалады.

Райондун борбордук стадионунда өткөн мааракелик салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын  төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Чогулгандарга театрлаштырылган оюн-зооктор  көрсөтүлдү.

Ош облусунун Чоң-Алай району 1992-жылы түзүлгөн, түштүк-батышынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу, Жерге-Тал району менен чектешет. Тоолуу аймакта 34636 адам жашайт, анын карамагына 3 айыл аймак кирет.

Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн шаарча курулат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын апрелинде Садыр Жапаров Памирде калган афгандык кыргыздарды көчүрүп келип жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген.

Муну менен, Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 га жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган.

Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, афгандык кыргыздарды үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин аларды сактап калуу максатында, тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниетин дагы бир жолу белгиледи. Бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин эске салды.

Анын айтымында бул жерде келечекте 300-400 үй памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай курулат.

Президент чогулгандар менен баарлашып, алар турак жай жана жер көйгөйлөрү, автотранспорттук логистика, ичүүчү суу маселелерин көтөрүп, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүнү тездетүүнү өтүнүштү.

Садыр Жапаров жергиликтүү калктын суроо жана каалоо-тилектерин угуп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында райондордун акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейе турганын эске салды. Муну менен жергиликтүү калкты тынчсыздандырган көпчүлүк маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин деңгээлинде ыкчам чечилет.

Алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, Мамлекет башчысы ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын өзгөчө белгиледи.

«Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар партия үчүн гана добуш берген өткөн шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы шайлоолордо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, андагы өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсыл бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт», – деп билдирди Садыр Жапаров.

Баарлашуунун аягында анда курула турган билим берүү жана социалдык мекемелер жөнүндө айтып жатып Садыр Жапаров бул мектепти куруунун маанисине токтолду.

«Бул айылда жашаган мекендештерибиздин урпактары өз Мекенинин гүлдөп өскөн аймакка айланышына, өлкөнүн өнүккөн мамлекеттердин катарына киришине салым кошот деп ишенебиз. Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен көчүп келип, тоолуу Бурган-Суу айылына отурукташкан боордошторубуздун балдары ыйык кыргыз жергесинде бакубатчылыкта чоңоюшсун”, – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров айылдын курулушуна капсула салып жатып.

Өз кезегинде аталган райондун аксакалдары Мамлекет башчысынын Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздарды колдоо саясатын колдой тургандыгын баса белгилешти. Анткени алардын оор турмуш шарттарында жашаганына кайдыгер карап тура алышпайт.

Меню