Menu

ЧЧК

Чүй облусунда суу лимитинин чектен чыгуусу боюнча көптөгөн фактылар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи  орун басары Айбек Жунушалиев Чүй облусунун дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо боюнча абал менен таанышты.

Айбек Жунушалиев адистер менен биргеликте Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) нугун кыдырып чыгып, Чүй облусунун Панфилов, Жайыл жана Москва районунун тургундары менен жолугушту.

Сапардын жүрүшүндө айрым суу постторунда суу лимитинин чектен чыгуусу боюнча көптөгөн фактылар аныкталды, бул суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өз функционалдык милдеттеринин тийиштүү түрдө аткарылбай жаткандыгынын далили болуп саналат.

Натыйжада, суу постторунда суунун бекитилген лимитин калыбына келтирүү боюнча ыкчам чаралар кабыл алынды, ага жараша Чүй облусунун Панфилов районуна дейре суунун тийиштүү көлөмүн жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Аталган фактылар боюнча, коррупциялык тобокелдиктердин жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу боюнча чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине мыйзамга ылайык, Чүй облусунун мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын жетекчисинин кызмат ордунан бошотууга чейинки жоопкерчилигин кароо жана Чүй облусунун бардык райондук суу чарба башкармалыктарынын башчыларын ротация жүргүзүүсү тапшырылды.

Белгилей кетсек, сугат сууга байланыштуу абал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үзгүлтүксүз көзөмөлүндө турат.

Меню