Menu

Чүй

ИИМ: Чүй облусунда баңгизаттарды өстүрүү менен алектенген жергиликтүү жаран кармалды

Жүргүзүлгөн комплестүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан каннабис тобундагы баңгизаттарды өстүрүү менен алектенген жактын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусунун Сокулук районунан 45 жаштагы жергиликтүү жаран жашыруун шарттарда өсүмдүк баңгизаттарын өстүрүү жана өндүрүү менен алектенген.

Кыргыз  Республикасынын КЖКнын 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун максатын көздөбөй сатып өткөрүү жана мыйзамсыз даярдоо) алкагында ыкчам кызматкерлери тарабынан  ЧЧКнын (БЧК) ылдый жагындагы фермада тинтүү жүргүзүү учурунда, жети жүз жыйырма эки даана көчөттөр табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 177 кг 900 грамм баңгикаражаттарды камтуучу өсүмдүктөр алынган.

Учурда шектүү УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүү иштери уланууда.

Чүй районунда аялын сабап өлтүргөн 64 жаштагы жаран кармалды

2021-жылдын 26-июль күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында Чүй районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Чүй айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын  басма сөз кызматы билдирет.

Дароо окуя болгон жерге Чүй РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда каза болгон жарандын өзүгү аныкалып, ал 1958-жылы туулган Т.С.  экендиги такталып, жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда дене жаракаттары аныкталган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган.
Милиция кызматкерлери тарабын жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон аялдын 32 жаштагы баласы Т.А. ата-энесинин үйүнө келип жансыз денени көрүп калганы маалым болгон. Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, каза болгон аялдын күйөөсү 1957-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүйдө талаада иштеп жүргөн өз тууганын сабашып, тоноп кетишкен жарандар кармалды

29-июнь күнү Аламүдүн районунун ИИБнө ооруканалардын бирине дене жаркаттары менен эркек киши жаткырылгандугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Ал жерден милицияга 1993-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү 29-июнь күнү болжол менен саат 05:30 чамаларында Мраморное айылындагы талаалардын биринен туугандары аны сабап, алардын бири 3500 сом акчасын алып кетип калганын билдирген. Арыздануучу алган жаракатынан улам аймактык ооруканага кайрылган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзулүп, окуяга шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, алардын бири 1993-жылы туулган А.А. милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүй облусунда суу лимитинин чектен чыгуусу боюнча көптөгөн фактылар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи  орун басары Айбек Жунушалиев Чүй облусунун дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо боюнча абал менен таанышты.

Айбек Жунушалиев адистер менен биргеликте Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) нугун кыдырып чыгып, Чүй облусунун Панфилов, Жайыл жана Москва районунун тургундары менен жолугушту.

Сапардын жүрүшүндө айрым суу постторунда суу лимитинин чектен чыгуусу боюнча көптөгөн фактылар аныкталды, бул суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өз функционалдык милдеттеринин тийиштүү түрдө аткарылбай жаткандыгынын далили болуп саналат.

Натыйжада, суу постторунда суунун бекитилген лимитин калыбына келтирүү боюнча ыкчам чаралар кабыл алынды, ага жараша Чүй облусунун Панфилов районуна дейре суунун тийиштүү көлөмүн жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Аталган фактылар боюнча, коррупциялык тобокелдиктердин жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу боюнча чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине мыйзамга ылайык, Чүй облусунун мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын жетекчисинин кызмат ордунан бошотууга чейинки жоопкерчилигин кароо жана Чүй облусунун бардык райондук суу чарба башкармалыктарынын башчыларын ротация жүргүзүүсү тапшырылды.

Белгилей кетсек, сугат сууга байланыштуу абал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үзгүлтүксүз көзөмөлүндө турат.

Жайыл районунда мал уурулукка шектүүлөр кармалышты

2021-жылдын 21-февраль күнү Жайыл РИИБнө Новониколаевка айылынын 54 жаштагы тургуну Ж.Т. арыз менен кайрылып, 20-февралдан 21-февралга караган түнү эки баш бодо малын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилгени матетиалдык чыгым 70 миң сомду түзгөн.
Ушундай эле арыз менен Алексеевка айылынын жашоочусу Т.Н. аттуу жаран Жайыл РИИБнө кайрылып, 7-майдан 8-майга караган түнү жана 21-майдан 22-майга түнү анын сарайынан эки баш музоосун белгисз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 60 миң сомду түзгөн.
Жогорудагы фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 23 жаштагы С.Ж. жана 21 жаштагы А.С. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, алардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню