Menu

Шайлоо

БШК талапкер Улан Сариевдин да каттоосун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июндун кечинде бир мандаттуу Ленин округунан парламент депутаттыгына ат салышкан дагы бир талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды.

Маалыматка караганда, 2-июнда БШКнын дарегине УКМКнын Бишкек башкармалыгынан Улан Сариев шайлоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деген маалымат келип түшкөн.

Ал шайлоочулардын добуштарын сатып алды, муниципалдык кызматчыны жана аймактык коомдук башкаруучу кызматкерди үгүт иштерине тартты, административдик ресурс пайдаланды, шайлоо фондунда каралбаган каражатты колдонду жана шайлоочуларды системалуу түрдө ташып келди деп шек саналган.

Комиссиянын жыйынында УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын өкүлү маалымат берди, ал Улан Сариевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сураган жок.

Натыйжада БШК талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды. Буга ал каражатты шайлоо фондун кыйгап өтүп пайдаланды деген негиз келтирилди.

Талапкер Улан Сариев дагы шайлоо фондунда каралбаган 25 миңди сомду ижара акысына жумшаганын моюнуна алды.

Ага чейин жыйында БШК башка бир талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жообуна тартууга макулдук берген.

Бишкектин Ленин районундагы кайра шайлоо 28-майда өткөн.

Президент бийлик өкүлдөрү шайлоого кийлигишпей турганын айтты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде Бишкектин Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо тууралуу комментарий берди.

Маектин жүрүшүндө журналист алдыдагы шайлоого байланыштуу “кайсы бир талапкер президентке кирип жолугуп, батасын алыптыр” деген сөздөр айтылып жатканы туурасында сураган.

“Эч бир талапкерди кабыл алган жокмун жана кабыл албайм дагы. Биз илгерки замандагы мындай жосундарды унутушубуз керек. Саясатчылардын баары шайлоолор боюнча жаңы заман келгенин билип, сезиши керек. Ооба, мурда ошондой болчу. Президенттин батасын алмайынча шайлоого аттанышпайт эле. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз. Ким утса, ошол өтсүн. Көпчүлүк эл кимди тандаса, ошол талапкер депутат болот. Мындан ары мурдагыдай айыл өкмөттөрдүн, мугалимдер менен медиктердин кайсыл бир талапкерге иштешине да жол бербейбиз. Иштегенин билип калсак, жоопко тартабыз”, – деди Жапаров.

Президент каттоо бүткөндөн кийин талапкерлерди чогултуп жолугуу планы бар экенин айткан.

№26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, учурда шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны үчкө жетти. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Боршайком 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, “Мекенчил” фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан.

Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Жогорку Кеңешти шайлоо тартиби өзгөртүлдү

Кыргызстанда парламенттик шайлоо системасы өзгөртүлдү. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот.

Президент Садыр Жапаров 27-августта президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы белгилегендей, быйыл 11-апрелде өткөн референдумда жаңы Конституция кабыл алынып, анда парламентти түзүүнүн жаңы тартиби каралган.

Кол коюлган мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат.

2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылгандан бери жаңы шайлоо жарыялана элек.

Буга чейинки шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке 120 депутат партиялык тизме менен беш жылга шайланып келчү.

Видео - КР БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаровдун 11-июлда өтө турган шайлоого карата маеги

Бүгүн, 9-июлда КР БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров 11-июлда өтө турган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоолорго карата журналисттер менен маектешип, көптөгөн суроолорго жооп берди.

 

ИИМ: Милиция шайлоону өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздайт

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-июлунда өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өткөрүлүүчү иш-чаранын маанилүүлүгүн түшүнүп, шайлоого карата даярдануу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартиптин жана коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жөнүндө” буйругу чыккан.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыгып, Бишкек, Ош жана Токмок ШИИБне жиберилген. Планда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоо участокторун коргоо, инвентаризациялоо, ташуу коопсуздугу жана шайлоо бюллетендерин шайлоо тилкелерине жеткирүү боюнча иштерди уюштуруу кирет. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана шайлоону өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен маалымат алмашуу, ошондой эле иш-чаралар жөнүндө маалыматты жалпылоо максатында маалыматтык-аналитикалык топ түзүлдү.
Ички иштер министрлиги БШК менен биргеликте мыйзамдуулукту сактоо жана шайлоо учурунда мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери үчүн онлайн усулдук окууларды өткөрүүдө.
2021-жылдын 9-июлунан 12-июлуна чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери алдыда өтө турган шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн түрдө кызмат өтөөгө киришти.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча 326 шайлоо тилкелеринин комиссиясы түзүлдү.
Бул шайлоо процессинде коомдук тартипти сактоого үч миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылат. Ал эми шайлоо тилкелеринде миңден ашуун кызматкер бекитилген. Ошондой эле, ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү дагы тартылат.
Учурда ИИМдин жана БШКнын кызматкерлери таза жана ачык шайлоо өткөрүү боюнча координациялык топто иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, COVID-19га байланыштуу, шайлоо күнү кошумча санитардык чаралар көрүлөт. Тактап айтканда, шайлоо күнү бардык шайлоочуларга бет каптар жана кол каптар берилет.
Ички иштер министрлиги саясий процесстерге катышпайт жана кийлигишпейт, ал бардык саясий коомдук бирикмелерге бирдей мамиле кылат, бирок, эгерде мыйзам бузуулар жана укук бузуулар аныкталса, анда бардык фактылар катталып мыйзам чегинде жоопко тартылышат.

ИИМ: Шайлоо учурунда милиция добуш сатып алууга, административдик ресурстарды пайдаланууга бөгөт коюп, мыйзамга ылайык ыкчам чечимдерди кабыл алат

Ички иштер министрлиги бардык жеке жана юридикалык жактарды шайлоо процессинин жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ички иштер министрлиги шайлоочулардын добуштарын сатып алууну аныктоо боюнча керектүү ыкчам иштерди жүргүзүп, ал эми жарандарга добуштарды сатуу кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертүүдө. Ички иштер органдарынын алдына бардык мыйзам бузууларга токтоосуз аракеттерди көрүү тапшырмасы коюлду. Милиция кызматкерлери ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюуга, мыйзам чегинде ыкчам чечимдерди кабыл алууга, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп, жүктөлгөн тапшырмаларды так аткарууга милдеттүү. Добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды пайдаланууга жана башка мыйзам бузууларга жол берилбейт.
2021-жылдын 7-июлунда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Ош шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын бири шайлоочулардын добуштарын сатып алып жаткан факты аныкталды. Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси (добуштарды сатып алуу) боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Ош шаарындагы Жумабаев көчөсүнөн жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын биринин талапкеринин өкүлдөрү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен алектенип жатканы аныкталган.
Окуя болгон жерди ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери кароо учурунда И.Х. жана Р.Ш. аттуу жарандардан 115000 сом акча каражаты менен Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунун Жалал-Абад көчөсүнүн жашоочуларынын 7 барактык тизмеси табылып алынган.
Депутаттыкка талапкер жаран Л.Б.нын өкүлдөрү 15 ашык шайлоочуга депутаттыкка талапкерге добуш бериши үчүн ар бирине 1000 сомдон таратышкан.
Кечээ, 2021-жылдын 7-июлунда, депутаттыкка талапкер Л.Б. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, депутаттыкка талапкердин өкүлдөрү И.Х. менен Р.Ш.га добуштарды сатып алуу фактысына шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама жеткирилди.
Азыркы учурда, бул факт боюнча жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышпоо чечимин кабыл алды

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Саясий кеңеши 11-июль күнү өтүүчү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоосуна катышпоо тууралуу чечим кабыл алды.

“Соңку жылдары бийликке жалаң акчага, күчкө таянган топтор талпынып, акыл менен акча тирешинде акча жеңип келди..
Эч бир эреже, мыйзам сакталбай бийликке, байлыкка жетүүнүн үлгүсү калыптанганы акыркы шайлоолордон көрүнүп турат. Шайлоолор бизде башаламандыктын, социалдык-саясий чыңалуунун фактору болуп калды. Шайлоого катышкан бийлик жана субьектилер өткөндөн сабак алууга дараметсиздигин көрсөтүп жатат. Ошентип өлкөдө кезектеги шайлоо өнөктүгү максатына жеткен жок.
Шайлоо кампаниясы учурунда 400гө жакын мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр келип түшкөн. Бир да АШКнын, УШКлардын төрагалары, мүчөлөрү, же шайлоонун жокко чыгышына себеп болгон тараптар жоопкерчиликке тартылган жок. Түзүлгөн кырдаал боюнча саясий баа да берилген жок.
Мындай шайлоо менен мамлекет алдыга жылып, өнүгүү жолуна түшө албайт.
Түзүлгөн кырдаалды эске алып, жоопкерсиз, башаламан, ыплас өткөн шайлоону жыйынтыктабай жатып, дал ушундай эле жол менен башталган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоосуна катышпоо тууралуу Бүтүн Кыргызстан партиясынын Саясий кеңеши чечим кабыл алды,” – деп айтылат партия тараткан билдирүүдө.

Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов шаардык көйгөйлөрдү талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

«Унаалардын агымын азайтуу жана шаардык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарына заманбап жана экологиялык жактан таза автобустарды жана троллейбустарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керек. Бишкек шаары коомдук автопаркты түп-тамырынан бери масштабдуу жаңыртууга жана кеңейтүүгө муктаж. Мындан бир нече күн мурда жаралган транспорттук көйгөй кайталанбашы тийиш», – деп белгиледи ал.

Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин көңүлүн шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган комплекстиүү чараларды кабыл алуу зарылдыгына бурду.

«Бишкек шаарынын борборунда абалы начар, басууга мүмкүн болбогон жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар кездешет. Мындан тышкары, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу, баш-аламан курулуштар, арыктардагы суунун жетишсиздиги, сугат тутумунун бузулгандыгы, же жоктугу сыяктуу маселелер нааразычылыктарды туудурууда. Бишкек шаары – биздин өлкөнүн борбору, ошондуктан муниципалдык бийлик күн сайын жана тутумдуу түрдө шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, шаардыктардын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосу үчүн шарттарды түзүү үстүндө иш алып баруулары керек. Шаар инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен шаардык бийликтен учурдагы көчөлөрдүн биринде жалаң жөө жүргүнчүлөр үчүн каралган көчөнү түзүү боюнча сунуш киргизүүнү тездетүүнү өтүнөм», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Жолугушууга катышкан BPC Group улук вице-президенти Тохир Абдукадыров коомдук транспортто электрондук билет берүү тутумун ишке киргизүүнү караган «Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук транспортун өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыздоо максатында аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу зарыл.

«Бул тутум муниципалдык коомдук транспортто гана киргизилген. Мындай валидаторлорду жүргүнчүлөрдү ташыган жеке унаа каражаттарында орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароо менен аны пайдаланууну кеңейтүү зарыл. Бишкек шаарынын коомдук транспортундагы эсептешүү толугу менен накталай эмес түрдө жүргүзүлүшү керек», – деп жыйынтыктады ал.

Меню