Menu

Шайлообек Атазов

Видео - Депутаттар Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевди билимсиз, иштей албай жатат деп кескин сынга алышып, кызматтан кетирүүнү талап кылышты

КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 5-июлдагы жыйынында бир нече депутат Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин ишин кескин сынга алышты.

Айбек Осмонов, ЖК депутаты: Биз жакынкы күндөрдө эле Анкара шаарына барып келдик. Ал жердеги кыргыздар менен, ишкерлер менен жолуктук. Эл элчи Кубанычбек Өмүралиевге абдан нааразы. Эл нааразы. Ошондуктан мен бул кишиге Түркия менен катар Израилге элчи болуусуна каршымын. Эл өкүлү болгондон кийин элдин үнүн жеткизишибиз керек. Ал өз ишин иштей албай жатса анан ага дагы бир ишти кошуп берүү болбойт да. Жогортон айтты деп эле иштей албаган адамды кызматка коё берүү туура эмес да. Иштей алган кишилерди коюш керек. Элчи болгондон кийин эл менен иштеши керек. Канчалаган адамдар ал жактан кайтыш болуп, сөөгү келе албай жаткандары бар экен. Ошолорду карабайт экен, жардам бербейт экен.  Анан ишкерлер өздөрү биригип, сөөктү Кыргызстанга узатышат экен, узаткандан кийин анан келип, элчи “аны мен кылдым” деп автор болуп алат экен. Андай болбойт. Ал гана эмес бул жактан барган элдерди, депутаттарды, кыргыз жарандарын карабайт экен. Иштебеген адамды иштебейт деп айтыш керек. Эл айтып жатат, биз эл менен жолуктук, “кандай адамды элчи кылып дайындап жатасыңар? Силер, Эл аралык комитет элчини кызматка коёт экенсиңер” деп  жатышат. Бул туура эмес да.

Айбек Артыкбаев, (ТИМ өкүлү): Урматтуу Айбек Жапарович, сиз айткан сындарды эске алабыз, сентябрда элчи Кубанычбек Өмүралиев силердин алдыңарга келип отчет берет, ошондо суроо-жооп кылып элчини талкуулабайлыбы…

Айбек Осмонов, ЖК депутаты: Урматтуу төрага, бул боюнча биз Тышкы иштер министрлигине да көрсөтмө беришибиз керек. Көрүнгөндү алып келип, элчиликке дайындатып кетише берет экен, анан алар ал жакка барып иштей албай жатышат. Иштебесе кетириш керек да.

Абдывахап Нурбаев, жыйындын төрагасы: Айбек Жапарович, бүгүн Кыргызстандын Израилдеги элчилигин Түркияга кошуп берели, бирок элчи Кубанычбек Өмүралиевдин отчетун карайбыз…

Шайлообек Атазов, ЖК депутаты: Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп 2019-жылы дайындалып иштеп келе жатыптыр, бирок алигиче түрк тилин билбейт экен. Стамбулдагы эл аралык иш чарага бүт элчилер келди. Казакстандын, Өзбекстандын элчилери келди, ошол жердеги элчилердин арасынан бир гана Кыргызстандын элчиси жок болду. Кыргызстандын желеги бир бурчта,  эскилиги жетип туруптур. Биз уялдык. Анкарада элчилик боюнча аябай жаман пикирлер бар экен. Эми бул элчинин ишин Тышкы иштер министрлиги карайсыздарбы же карабайсыздарбы?

Айбек Артыкбаев, (ТИМ өкүлү): Туура сөз айттыңыз. Кечээ мен да социалдык тармактардан көрдүм. Сиздер Стамбулга барып, сыйлуу наамдарды алып, Кыргызстандын желегин көтөрүп келдиниздер. Биздин элчибиз боюнча айтсак, элчилик кызмат – бул саясый кызмат…  Жакында элчи сиздердин алдыңыздарга отчет менен келет, ошондо сунушуңуздарды берсеңиздер, өлкө башчысы карап чыгат…

Шайлообек Атазов, ЖК депутаты: Элчи деген биринчиден, экономикалык дипломатия аркылуу өлкөгө инвестиция тартышы керек. Экинчиден, ал өлкөдөгү кыргыз жарандарынын укуктарын коргош керек. Кубанычбек Өмүралиевге Анкарадагы, Стамбулдагы кыргыз диаспоралары нааразы, жергиликтүү түрк бийликтери да нааразы экен. Анан ал кантип Кыргызстандын атынан элдин жүзү болуп олтурат. Башка өлкөлөрдөгү элчилерди алмаштырып бүттүңөр, эми жалгыз эле Түркиядагы элчибиз калды. Отчет бергенде ушул маселени карагыла. Биз элчи Кубанычбек  Өмүралиевге нааразыбыз деп баа бердик. Израилдеги элчиликти кошуп берүү маселесин Түркиядагы элчиликке билимдүү, кесипкөй, дипломат киши барганда гана чечүү керек. Азыркы элчи бир Түркияны эптей албай жатса кантип ага Израилди кошуп беребиз? Министрге айта барыңыз, элчилерди дайындаганда кесипкөй, иш билген кишилерди тандаңыздар. Элчи мамлекеттин жүзү болот. Ал мамлекеттин президентинин ишине таасир берет.

Айбек Артыкбаев, (ТИМ өкүлү): Сиздин сунуштарыңызды эске алабыз.

Ирина Карамушкина, ЖК депутаты: Элчи Өмүралиевдин үстүнөн Тышкы иштер министрлигине расмий арыздар түшкөнбү, ошону такташ керек. Эгер арыздар болсо аны караш зарыл…

Айбек Осмонов, ЖК депутаты: Анкара шаарында, парламенттин ичинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү болуптур. Биздин элчи ага да барбаптыр. Анкара шаарынын парктар башкармалыгы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн бир жумалык көргөзмөсүн өткөрөлү деп чакырса ага да барбаптыр… 86 миллион калкы бар Түркия мамлекетинде биздин элчинин иштебей жатканы туура эмес да…

Абдывахап Нурбаев, жыйындын төрагасы: Анда элчи Кубанычбек Өмүралиевдин отчетун күзгө калтырбай ушул июль айында эле карайлы. Депутаттар ага чейин сунуштарын беришсин…

Шайлообек Атазов, ЖК депутаты: Түркияда 30 жылдан бери иштеп жүргөн Шерипбаев деген, Эрмеков деген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү айтып жатат: “Груз 200” кетип жатат, 19000 эмгек мигранты бар, алардын укугун коргоодо биз элчиликтен жардам көрбөй жатабыз дейт. Андан сырткары жергиликтүү бийликтерден нааразычылыктар бар…

Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: Эки депутат, эки эл өкүлү бул маселени жөндөн-жөн айтып жаткан жок. Элден да угуп жатабыз, бул элчиге нааразычылык чоң экен. Анан ошондой өзүнүн жумушун эптей албай турган элчиге кошумча дагы бир жумушту кошуп берүүгө болобу?

Айбек Артыкбаев, (ТИМ өкүлү): Биз депутаттардын жогоруда айткандары боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөбүз…

Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: Ал элчи биздин кыргыз диаспоралары уюштурган иш-чараларга да келбейт экен… Ушул элчилердин ишмердигине баа бере турган методикаңар, критерийлериңер барбы?

Айбек Артыкбаев, (ТИМ өкүлү): Элчилер ар бир 6 айда, бир жылда отчет берип турушат. Ошого жараша биз өлкө башчысына сунуш берип турабыз…  Биздин элчилер экономикалык дипломатиянын алкагында өлкөгө инвестиция жана туристтерди тартууга, биздин жарандардын укуктарын коргоого, мамлекеттин тышкы саясатын жүргүзүүгө милдеттүү…

Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: Эгер азыр элчи Түркияда болсо тезинен бизге онлайн-конференция уюштуруп бериңиздер, бизде ал элчиге суроолор бар…

Айбек Артыкбаев, (ТИМ өкүлү): Уюштурууга болот. Уюштурабыз…

Айбек Осмонов, ЖК депутаты: Өзбекстандын Түркиядагы элчиси акыркы 3 айда эле өз өлкөсүнө бир эле түрк ишкеринен 14 млн доллар инвестиция тартыптыр, ал эми биздин элчи 3 жылда канча инвестиция тартканы белгисиз, көзгө көрүнө турган кылган иши жок…

Закир Шарапов, ЖК депутаты: Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин отчетун тезинен июль айынын графигине киргизип, андан отчет алышыбыз керек… Ал эми Израилдеги элчилик менен Түркиядагы элчиликти кошо берели, эртең-бүрсүгүнү элчи алмашып кетиши мүмкүн…

Абдывахап Нурбаев, жыйындын төрагасы: Анда кийинки жумага элчи Кубанычбек Өмүралиев онлайн болсо да ЗУМ менен отчет берсин. Ага суроолорду берип, жоопторун угуп, анан чечим кабыл алалы…

Эске сала кетсек, элчи Кубанычбек Өмүралиев Бириккен Араб Эмираттарында генконсул болуп иштеп жүргөндө да ал жактагы кыргыз диаспорасы кыргыз бийлигине расмий кайрылуу жасап,  арызданышкан. Анда кыргыз жарандары элчи Кубанычбек Өмүралиевди бой көтөргөн, текебер, орой адам катары сүрөттөшүп, кыргыз жарандары менен жолугушпай турганын бирок ал жерде эмиграцияда жүргөн кыргыз кримтөбөлдөрү менен коюн-колтук алышып, бирге жүргөнүнө арызданышкан. Бирок Кубанычбек Өмүралиев Атамбаевдик бийлик менен мамилеси жакшы болгондуктан кыргыз жарандарынын арызын эч ким уккан эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Меню