Menu

Шайлоо 2021

Өлкөдө шайлоого катышуу үчүн жети партия билдирме жөнөттү

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 31-августка карата жети партия билдирме жиберди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, шайлоого катышуу үчүн билдирмени “Социал-демократтар”, “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Альянс”, “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Жаратман эл”, “Кыргызстан биримдиги патриоттук партиясы” берген.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоого катышчу партиялар 3-сентябрга чейин Боршайкомго билдирме жибериш керек. Бир мандаттуу округдардан талапкер болчу жарандар 14-октябрга чейин арыз тапшырышы зарыл.

Бул жолку парламенттик шайлоо пропорционалдык (54) жана мажоритардык (36) система менен өтөт. Шайлоочулар партиянын тизмесиндеги талапкер үчүн дагы добуш бере алат.

ИИМ: Кечээ Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоодо мыйзамдарды бузуу боюнча 67 маалымат келип түштү

Кечээ, 11-июль күнү Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жана коопсуздукту бузган фактыларга жол берилген жок.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 67 маалымат келип түшүп, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык ички иштер органдарынын маалыматтардын электрондук журналдарына катталган. Анын ичинен 38 наменклатуралык ишке чыгышталып, 16 маалымат каралып жатса, 2 маалымат бириктирилип, 6 маалымат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси (Добуштарды сатып алуу) боюнча 3 факты, Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча 2 факты катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 37 маалымат катталып, курамында мыйзам бузуу аныкталбагандыктан 23 факты наменклатуралык ишке чыгышталып, 10 маалымат каралып жатса, 1 маалымат бириктирилди. Учурда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси (Добуштарды сатып алуу) боюнча 3 факты катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Ош шаары боюнча 12 маалымат катталса, анын ичнен 6 маалымат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлүп, 6 маалымат каралууда.
Токмок шаары боюнча маалыматтардын электрондук журналына 18 маалымат катталып, анын ичинен 15 номенклатуралык ишке чыгышталган, бирөөсү бириктирилген. 2 факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча 2 факты катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо аяктады

Үч шаардагы кайра шайлоого кечки саат сегизге чейин 188 396 адам катышып, көрсөткүч 30,51% түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык добуш саноонун жыйынтыгына таянып билдирди.

Үч шаарда 617 миң 517 шайлоочу бар. Алардын 427 миңдейи Бишкекте, 153 миңге жакыны Ошто, 38 миңден ашууну Токмокто.

Токмок шаарында катышуу 44,5% түздү. Ошто 43,6%, Бишкекте 24,5% болду.

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өтүп, 26 партиядан 2200дөн көп талапкер ат салышты. Баштапкы эсепке ылайык, Бишкекте 18 партиядан алтоо, Ошто сегиз партиядан төртөө, Токмокто алты партиядан бешөө утту. Бул эсеп добуш саноонун акырына чейин өзгөрүшү мүмкүн.

Бишкек менен Ошто 45, Токмокто 31 мандат бар.

Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Аталган үч калаада мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо дайындалган.

Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары:

Токмок шаардык кеңешине шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары:

Бишкек шаардык милициясы эртең өтө турган шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган өздүк курамын саптык кароодон өткөрдү

Бүгүн, 10-июлда, эртең, 11-июлда боло турчу Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилигинин катышуусунда шаардык милициянын өздүк курамынын саптык кароосу болуп өттү.

Белгилей кетсек, шаардагы коомдук тартипти жана жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылууга 1200дөн ашык борбордук милиция кызматкерлери тартылган.

Бишкек шаарынын ИИББы жарандарды шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн бири-биринен аралыкты кармап, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырат.

Меню