Menu

Шинжаңдагы куугунтук

Кытай Шинжаңдагы уйгурлардын абалы боюнча баяндаманын жарыялануусуна тоскоол болууга тырышат

Кытай БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелеттен Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу жөнүндө баяндаманы жарыялабоону сурады. Бул тууралуу кытай бийлиги жазган катта айтылган. Кат менен  Reuters агенттиги таанышып чыккан.

Укук коргоо уюмдары Пекинди мусулмандардын: уйгур, казак, кыргыз жана Шинжаңдагы башка түпкүлүктүү элдин укуктарын бузууга айыптап келет. Алардын билдиришинче, кытай бийлиги мусулмандарды негизсиз түрдө кармап, “саясий жактан кайра тарбиялоо” лагерлерине камашууда. Кытай айыптоолорду четке кагууда.

Адам укуктары боюнча эксперттер тобу Кытайдагы уйгурлардын абалы жөнүндө баяндаманы үч жылдан ашык убакыттан бери даярдап келе жатышат. Бачелет аны кызматтан кеткенге чейин, башкача айтканда 2022-жылдын август айынын аягына чейин жарыялоого убада берген.

Кытай дипломаттары жазган катта Шинжаң баяндамасы боюнча олуттуу тынчсыздануу бар экени белгиленген.

“Биз Жогорку комиссар айымды мындай баяндаманы жарыялабоого чакырабыз”, – деп айтылат” катта.

Кытай катты башка өлкөлөрдүн дипломаттарына жөнөтүп, кол коюуну сураган. Үч дипломат документти алганын тастыктады. Эки дипломат тыгыз экономикалык байланыштардан улам кээде Кытайды колдоодон баш тартуу кыйын деп эсептейт. Reuters кат канча кол топтогонун аныктай алган жок.

Мишель Бачелет катты алган-албаганы да белгисиз. Комиссар Шинжаңга 2022-жылы май айында барып кеткен.

Дүйнөлүк имамдар кеңеши Шинжаңдагы куугунтуктан улам мусулмандарга Бээжин Олимпиадасына барууга тыюу салды

Дүйнөлүк имамдар кеңеши атайын билдирүү жасап, мусулмандарга 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын Бээжин шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына катышууга тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганын жарыялады.

Кеңеш мындай жол менен кытай бийлиги тарабынан “кемсинтүүгө жана кыйноого кабылып жаткан” Шинжаңдагы мусулмандарды колдоону чечкен.

Кеңештин билдирүүсүнө Орусиянын, Омандын, Египеттин жана башка өлкөлөрдүн муфтийлери кол койгон. Мындан тышкары анда Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгрессинин жетекчисинин да колу бар.

“Дүйнөлүк имамдар кеңеши – ислам дининдеги бардык агымдар менен мазхабдардын лидерлеринен турган мусулман дүйнөсүндөгү эң алгачкы жана эң ири трансулуттук бейөкмөт уюм. Биз кыйноого кабылып жаткан уйгур мусулмандарын колдойбуз. Кытайдын өкмөтү кыйноого алуу, эзүү жана диктатурасы аркылуу өлкөдөгү мусулмандардын негизги укуктарын, жалпы эле адам укуктарын бузууну улантууда. Дүйнөлүк имамдар кеңеши Нажаф шаарындагы Ыйык Ислам окуу жайы жана ислам дүйнөсүнүн белгилүү муфтийлери тарабынан берилген ыйгарым укуктарына ылайык, мусулмандардын Бээжиндеги Олимп оюндарына катышуусуна тыюу салган чечим чыгарды. Бул оюндар уйгурлардын геноциди үчүн жооптуу болгон тирандык жана деспоттук режимдин кызыкчылыгына түздөн-түз кызмат кылат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары билдирүүдө кеңеш “Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарына бойкот жарыялаган уюмдардын көбөйүп жатканын” кубаттай турганы белгиленген.

Буга чейин АКШ баштаган бир катар өлкөлөр Бээжиндеги оюндарга дипломатиялык бойкот жарыялаган.

Кытайдагы мусулмандар, өзгөчө Шинжаң автоном облусунда жашаган тургундар өлкө бийлигин мажбурлап иштетүүгө, төрөт санына көзөмөл жүргүзүүгө, алардын маданий жана диний өзгөчөлүктөрүн жок кылууга жана ата-энелерин камакка алуу менен балдарды алардан бөлүүгө айыптап келишет.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Кытайдагы бул көрүнүштү геноцид деп атап, бир катары Батыш өлкөлөрү Шинжаңдын жогорку кызматтагы бир топ аткаминерине каршы санцияларды киргизишкен.

Бээжин мындай айыптоолорду четке кагып, өз аракетин “экстремизмге каршы күрөш” деп, ал эми уйгурлар, казактар жана кыргыздар кармалып турган лагерлерди “окутуу жайлары” деп атап келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню