Menu

ШКУ

ШКУга жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Бишкекке келди

ШКУга жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов келди.

Аларды 25-октябрда “Манас” аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

26-октябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана жана Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

ШКУнун жыйынына катышуу үчүн Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани да Бишкекке келген. Аны 25-октябрда президент Садыр Жапаров кабыл алып, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Президент Жапаров эки өлкө ортосунда соода алаканын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, пакистандык инвесторлор менен тыгыз кызматташуу жаатында иш алып барууну сунуштады.

Ушул эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберди кабыл алды. Жапаров Кыргызстан инвестициялык климатты жакшыртуунун үстүндө аракеттенип жатканын айтып, деңизге чыгуу үчүн Ирандын аймагын пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди.

“Кыргызстандын Иран рыногуна төө буурчакты экспорттоо үчүн чоң потенциалы бар. Төө буурчак 55 миң гектардан ашык аянтты ээлейт, 2022-жылга карата дүң жыйым 78 276 тоннаны түздү”, – деди Акылбек Жапаров.

24-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цян расмий сапары менен Бишкекке келген. Ал сапардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, 12 документке кол коюлду. ШКУнун өкмөт башчыларынын жыйынына Ли Цян да катышат.

Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери менен “Самарканд Жибек жолу” туристтик комплексинде бак отургузууга катышып, «Түбөлүк шаар» комплекси менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине келген мамлекет башчылары менен бирге көчөт отургузууга катышты.

Символикалык иш-чарага Өзбекстанга ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына келген өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Көчөттөрдү биргелешип отургузуу ШКУнун саммити өтүп жаткан «Самарканд Жибек жолу» туристтик комплексинде өттү.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров өлкө башчылары менен бирге «Түбөлүк шаар» комплексинде болуп, ал жердеги орто кылымдардагыдай стилдештирилген базарды, карапа, жибек кагаз, зергерчилик, килем токуу жана башка буюмдарды жасоочу устаканаларды көрүп чыкты.

“Түбөлүк шаар” менен таанышкандан кийин мамлекет башчылары майрамдык концерттик программанын коштоосундагы бейформал сый тамакка өтүштү.

 

Садыр Жапаровдун КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен Самарканд шаарындагы жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды

Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды:

  1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
  2. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
  3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо» № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.

Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.

Ал Россия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын олуттуу– өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өсүшү катталганын белгиледи.

«Инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ийгиликтүү жылып жатат. Бүгүнкү күндө Фонд 440 миллион долларга жакын 3200дөн ашык долбоорду жактырды», — деди ал.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын дагы бир приоритеттүү багыты гуманитардык тармак экенин белгилеп, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын аймагында орус тилинде окутуулар менен жалпы билим берүүчү мектептердин курулушунун башталышы күтүлүп жатканын кошумчалады,

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу кыргыз-орус көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого жана эки тараптуу күн тартибинде турган маселелерди иш жүзүндө ишке ашырууга көмөктөшөөрүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин Россия менен Кыргызстан жакын өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр жана бир катар регионалдык уюмдардын алкагында биргелешип иш алып барган союздаштар экенин белгиледи.

«Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкаларлык болсо, быйыл көлөмү өсүүдө жана абдан жакшы темпте. Өткөн жылы ал 46,6% өскөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч», — деди ал.

Владимир Путин орус тарап Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын жана өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктарды жоюу жаатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Ал ушул жылдын июлунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасына өрт өчүрүүчү жана тик учак техникаларын жеткирүү боюнча токтомуна кол коюлганын, бул максаттарга орус бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард рубль бөлүнгөнүн билдирди.

Владимир Путин ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурду.

Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары биргелешкен күн тартибин мазмундуу толтуруу үчүн ар кандай багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Душанбе шаарында ШКУ отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышты.

Отурум жүрүшүндө ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн башчылары катышуучу-мамлекеттердин туруктуу өнүгүү, уюм мейкиндигиндеги жана дүйнөдөгү стабилдүүлүктү колдоо, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин карашты.

Жыйын Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү.

ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма жылдыгынын Душанбе декларациясы.
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2022-2024-жылдарга терроризм, сепаратизм жана экстремизге каршы күрөшүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2018-2023-жылдардагы антинаркотикалык стратегиясынын программасындагы пункттарды ишке ашыруу боюнча иш планын (2021-2023-жж.) бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча 2022-2023-жылдарга карата өз ара аракеттенүү планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2021-2023-жылдарга COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык терс кесепеттерин жойуу боюнча биргелешкен чаралар планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна чакырык жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  7. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  8. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антиттеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  9. Шанхай кызматташтык уюмунун гимни тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  10. Шанхай кызматташтык уюмунун “Жашыл алкак” программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  11. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2022-2024-жылдар аралыгында айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  12. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  13. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук түзүмүнүн 2020-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Регионалдык антитеррордук кеңешинин баяндамасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  14. Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  15. Шанхай кызматташтык уюмунун экономикалык форумунун концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  16. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун ортосунда өнөр-жай өнүгүүүсү боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  17. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Араб мамлекеттеринин лигасынын катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  18. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын катчылыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  19. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча эл аралык комитеттин катчылыгы ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  20. Иран Ислам Республикасын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүккө алуу жараянын баштоо жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  21. Катар Мамлекетине Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  22. Египет Араб Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  23. Сауд Аравия Королдугуна Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.
  24. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин илим, технология жана инновация жаатында кызматташууну бекемдөө жөнүндө билдирүүсү.
  25. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча билдирүүсү.
  26. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы жаштар менен иштөө жаатында кызматташуу жөнүндө келишими.
  27. ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий мурастардын объектилерин коргоо боюнча жаатында кызматташуу жөнүндө келишими.
  28. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин маданият жана искусство жаатындагы жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
  29. Шанхай кызматташтык уюмунун банктар аралык бирикмесин мындан аркы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы (2022-2026-жж.).
  30. Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Евразиялык экономикалык комиссиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму.
Меню