Menu

Шнар Мухтарова

Алия Назарбаевага тиешеси бар делген компаниянын мурдагы түзүүчүсүнө издөө жарыяланды

Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Оператор РОП” компаниясынын мурдагы түзүүчүсү Шнар Мухтаровага издөө жарыялады.

Ал 2017-2018-жылдары экологиялык кодекстин талаптарын “бузган” жана “дивиденд катары мыйзамсыз төлөнгөн 920 миллион теңге өлчөмүндөгү утилизациялык алымды кымырып алган” деп шектелүүдө.

Сот издөө жарыяланган Муктарованын бөгөт чарасын карап, аны камакка алуу чечимин чыгарды.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы шектүүнүн кайсыл жерде экени тууралуу маалымат бергендерге 4000 бир айлык эсептик көрсөткүч (12,2 миллион теңге) өлчөмүндө сый акы убадалады.

Мекемеден кошумчалашкандай, бүгүнкү күндө “Оператор РОП” компаниясынын жетекчилигине жана башка кызмат адамдарына карата “өзгөчө ири өлчөмдө каражат уурдоо” боюнча сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Акыркы жылдары Казакстандагы фермердик чарбалар менен активисттер айыл чарба техникасы үчүн утилизациялык алымды жоюуну талап кылып келишет. Алардын айтымында, утилизациялык алым сатып алына турган техниканын баасын жогорулатып, өз кезегинде ал өндүрүлгөн азыктардын кымбатташына алып келүүдө.

Январь окуяларынан кийин президент Касым-Жомарт Токаев “Оператор-РОП” компаниясын утилизациялык алымдарды жыйноо укугунан ажыратып, бул милдетти мамлекеттик “Жасыл даму” ишканасына жүктөгөн.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия менен байланышы бар экени айтылган бул компания 2015-жылы түптөлгөн. “Оператор РОП” эски автоунаалардын жараксыз тетиктерин, иштетилген майлардын калдыгын чогултканы жана кайра иштеткени үчүн мекемелерден атайын төлөм алып турчу.

Январдын аягында казак бийлиги өлкөнүн экология жана геология министринин орун басары Ахметжан Примкулов менен “Оператор РОП” компаниясынын башкаруучулар кеңешинин төрагасы Медет Кумаргалиев коррупция шеги менен кармалганын билдирген. Көп өтпөй Нур-Султан шаарында “Оператор РОП” компаниясынын укуктук маселелер боюнча директору Руслан Шамшиев каза болгону кабарланган. Мартта Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Оператор РОПтун” мурдагы башкы директору Светлана Коротенко “20 миллиард теңге өлчөмүндөгү каражатты кымырып алууга” шектелип кармалганын билдирген.

Казакстандын өкмөтү көптөгөн митингдерден кийин утилизациялык алымдарды 50% азайткан. Бирок активисттер бул чечимди сындап, бир техника үчүн алына турган утилизациялык алым 100 миң теңгеден (200 доллардан ашык) ашпагыдай кылууну өтүнүшкөн.

Меню