Menu

Шохрух Саипов

"Ош" аэропортундагы көйгөйлөрдү айткан журналист коркутууга кабылып жатканын билдирди

Ош аэропортундагы такси айдоочуларына байланыштуу көйгөйдү айтып чыккан журналист Шохрух Саипов өз дарегине коркутуулар болуп жатканын журналисттерге билдирди.

“Менин соцтармактагы билдирүүлөрүмдүн алдына ачык эле коркутууларды жазып жатышат. Тааныштарымдан мен жөнүндө маалыматтарды сураган учурлар да болуптур. Андан сырткары көчөдө түшүнүксүз тоскоолдуктар болду”, – деди Саипов.

Ал коркутуулар боюнча милицияга арыз жазууга камынып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Шохрух Саипов Орусиядан “Ош” эл аралык аба майданына учуп, андан ары Өзбекстанга кетчү жарандарды аэропорттогу такси айдоочулары зордоп машинесине салып, чек арага чейинки беш-алты чакырым жерге ар бир кишиден 500 сомдон алып жатканын айтып чыккан эле. Кийин бул маселе боюнча президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жыйын өткөрүп, маселени чечүүнү тапшырган. Мындан соң аэропортто иштеген 105 таксист милицияга суракка чакырылган болчу.

Меню