Menu

Ысык-Көл

Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун Ысык-Көлдөгү өлүмү боюнча үч милиция кызматкери камакка алынды

Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун Бостери айылында каза болгон фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын
жүрүшүндө, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери К.У., Н.У., жана Э.А. кармалып, райондук милициянын УКЖга киргизилген.
Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Тергөө амалдары уланууда.

ИИМ: Ысык-Көлдөгү скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы мушташтын эки тарабы тең камакка алынды

16-август күнү Кош-Көл айылынын “Радуга Вест” эс алуу борборуна жакын орун алган пляжда скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы окуя боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иштери козголду.

Мурда маалымдалгандай, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуяга катышкандардын өздүктөрү аныкталган. Алар скутердин ижарачылары – 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С. А. жана Б. Э., ошондой эле эс алуучулар – Казакстан Республикасынын Алматы шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, 55 жаштагы С. Д. жана анын уулу 27 жаштагы С. Э. болуп чыгышты. Окуянын бардык катышуучулары Ысык – Көл РИИБдин тергөө кызматына алып келинип, алардан көргөзмөлөрү алынган.

Эки тарап тең арыз жазып, арыздары Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көргөзмөлөрү, ошондой эле видеокөзөмөлдөө камераларынан жана күбөлөр тараптан тартылган видео тасмалар толук иликтенип, тергөө кызматы – окуя скутер менен көлдүн үстүнөн айдагандын белгиленген убакыт боюнча талаш – тартыштан улам болгонун аныктады. Оозеки пикир келишпестиктин натыйжасында эс алуучу 27 жаштагы С.Э. скутердин ижарачысы 18 жаштагы С.А.ны биринчи уруп жибергенден кийин, башка скутердин ижарачылары эс алып жаткан атасы менен баласын сабашкан.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында, скутердин ижарачылары Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Ж., жана Кош-Көл айылынын тургуну С.А., ошондой эле Казакстан Республикасынын Алматы шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жараны, 27 жаштагы С.Э. сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берет

Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков билдирди.

Кеп “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары жөнүндө болуп жатат.

Тургунбеков белгилегендей, Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 миллион доллар инвестиция жумшоону көздөөдө.

Өкмөт 2020-жылы эле “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, “Рохат” – “Алтын жай”, “Дилором” – “Эне-Сай”, “Золотые пески” – “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми “Бустон” пансионатынын аталышы ошол бойдон калган.

Ысык-Көлдө милиционерлер сууга чөгүп бараткан жердешин куткарып, бир эс алуучу жоготкон 500.000 сом акчасын таап беришкен

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын Көл” эс алуу жайында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери милициянын старшинасы Дуулат Азатов жана милициянын старшинасы Шайкидин уулу Бекмырза көл жээгинде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн учурда көлгө чөгүп жаткан жаранды көрүп куткарып калышкан. Куткарылган жаран Ысык-Көл облусунун Түп районунун 23 жаштагы жараны болгон. Бул тууралу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун “Аврора” эс алуу жайында эс алып жүргөн Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну полктун кызматкерлери милициянын старшинасы Эрлан Талгартбековго, милициянын старшинасы Бекболот Көчөровго жана милициянын кенже сержанты Мирбек Табалдиевге ири суммадагы акчасын жоготуп алгандыгын билдирип, жардам сурап кайрылган.
Ошол замат кызматкер эс алуу жайдын айланасын издешип 500000 миң сом өлчөмдөгү акчаны таап,  ээсине кайтарып беришкен. Өз кезегинде ыкчам жардам көргөзүшүп, кызматтык милдеттерин так аткарган милиция кызматкерлерине жарандар терең ыраазычылыгын билдиришкен.

ИИМ: Ысык-Көлдө текшерилген 35 скутер жана кеменин 20сы лицензиясы жок, мыйзамсыз иштегендиги аныкталды

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте, чакан кемелердин ээлери тарабынан ченемдик-укуктук актылардын талаптары кандай дээӊгелде аткарылып жаткандыгы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Үстүбүздөгү жылдын август айында башталган 10 күндүк текшерүүнүн жүрүшүндө 35 кеме ээлери текшерилип, анын ичинен 15 суу скутеринин, 3 катердин жана 2 теплоходдордун ээлерине суу транспортунун техникалык шайкештигин бузгандыгы, кеме билеттеринин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиялардын жоктугу үчүн протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары, суу транспортторунун ээлери менен каттоо жана уруксат берүүчү иш кагаздарын алуу боюнча бардык зарыл процедуралардан өтүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 70 жаран Балыкчы шаарында орун алган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлчүлүгүнө кеме билеттерин алуу боюнча арыздарын тапшырышты.

Ысык-Көлдүн пляждарында эс алуучулардын акчаларын, телефондорун уурдап жүрүшкөн уурулардын тобу кармалды

Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери, курорттук аймакта уурулук менен алектенип жүрүшкөн кылмыштуу топту кармашты.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө – ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу мекемелеринин аймагындагы пляждарында эс алуучулардын мүлкүн уурдаган жаштардын тобу кармалган. 

Бир катар уурулукка шектелгендер, мурда соттолгон Бишкек шаарынын тургундары, 20 жаштагы К.Б., СИ., Д.И. жана Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну Т. А. Болуп чыгышты. Кармалган үч шектүүгө карата райондук сот тарабынан үй камагына чыгаруу чарасы тандалып алынган, ал эми шектүү Д.И. тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алынган.

Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы шектүүлөргө карата эс алуучулардын мүлкүн уурдаган 8 факты боюнча айыптарын угузушту. Шектүүлөр негизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 факт боюнча жалпы материалдык зыян 310 496 сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган топтун мүчөлөрү тарабынан башка ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы бар, же жогун текшеришүүдө.

ИИМ: Ысык-Көлдө Таластын 23 жаштагы тургунун өлтүргөн Бостеринин жана Бишкектин тургундары кармалышты

Мурда маалымдагандай, 6-августунда Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын-Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б. өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн болчу.
Окуяны, Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүүнү тапшырган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшү КР ИИМдин жана Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө дайыма болуп, ар бир аткарылган иштер боюнча маалыматтар күндө угулуп келген.
8-август күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан аталган окуя боюнча чогулган маалыматтардын негизинде, бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122 – беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Түзүлгөн атайын тергөө-ыкчам тобу тарабынан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көлөмдүү иликтөө иштери турмушка ашырылып, кошумча күбөлөр аныкталып, алар менен сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн. Талас облусунун 23 жаштагы А.Бнын. өлүмүнүн себебин аныктоо максатында кошумча соттук-медициналык жана соттук – химиялык экспертизалар дайындалган.
Андан тышкары, тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө 100дөн ашык жарандар суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көргөзмөлөрүн беришкен. Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада, күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 220-беренесинин (Атайын тергөө аракеттеринин түрлөрү) негизинде сотко атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр киргизилип, санкциялар алынды жана атайын тергөө аракеттери турмушка ашырылды.
Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Алар, мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29-жаштагы Э.А. болуп чыгышты.
Аталган жарандар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (Кармоонун негиздери) негизинде Ысык-Көл РИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.
Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Ысык-Көлдө моторлуу кайык менен мыйзамсыз балык кармап жүргөн 21 жаштагы тургун кармалды

Ысык-Көл облусунун аймагында браконьерлик менен күрөшүү боюнча масштабдуу рейдтик иш-чара өтүүдө.

Аталган рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык уулоого шектелип, Григорьевка айылынын 21 жаштагы М.У. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жарандан 19 даана мыйзамсыз кармалган балык жана моторлуу кайык далил зат катары алынды.

Бул факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында, материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди. 

Алардын корунтундусунун негизинде юридикалык баа берилмекчи.

Ысык-Көлгө чөгүп кетти деп изделип жаткан спортчу аман-эсен өзү сүзүп чыкты

Бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышып, сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз болгону кабарланган.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.
Саат 16:30 чамасында 1974-жылы туулган Е.И.В аттуу жаран Тору-Айгыр айылынан көлдүн жээгине аман-эсен өзү сүзүп чыкты.

Ысык-Көл облусунда жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ысык-Көл облусунда КР балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын катышуусу менен «Жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу жана Ысык-Көл облусу боюнча пробация кеңештеринин жана балдар иштери боюнча комиссиялардын ишмердүүлүгү жөнүндө» маселе боюнча жыйын болуп өттү.

Көчмө жыйын «Оэйсис» коомдук кайрымдуулук фонду жана Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чарага Пробация боюнча кеңештердин жана Балдар иштери боюнча комиссия мүчөлөрү, билим берүү, медициналык уюмдардын, социалдык өнүктүрүү жана пробация кызматтарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Жыпариса Рысбекова бүгүнкү күндө коомдун алдында турган эң негизги жана социалдык жактан маанилүү милдеттердин бири жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды азайтуунун жолдорун издөө жана алардын алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу экендигин белгиледи.

«Мектептерде “тобокелдик тобуна” кирген өспүрүмдөрдүн саны жыл өткөн сайын өсүп жатат, муну менен бирге алар өз алдынча чече албай турган көйгөйлөр да келип чыгууда. Ошондуктан мындай өспүрүмдөр менен профилактикалык иштерди жүргүзүүнүн жаңы ыкмалары зарыл», – деп баса белгиледи Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Ошондой эле, акыркы жылдары Ысык-Көл облусунда жашы жете электер арасында кылмыштуулук күчөгөнүн белгиленди.

Мындан сырткары, пробациянын көзөмөлүндө турган балдар менен иштөөдө мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара кызматташуу, агрессиясы күчөгөн же башка белгилери болгон өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча билим берүү жана социалдык өнүктүрүү мекемелеринин өз ара иш алпаруусунун алгоритмдери, аларга өз убагында психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүү, профилактикалык иштерди биргелешип уюштуруу маселелери талкууланды.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү бул өткөрүлүп жаткан жыйындын маанилүү экенине токтолуп, балдардын кызыкчылыгы үчүн бардык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары өз ара тыгыз кызматташып, Балдар иштери боюнча комиссиянын жана Пробация боюнча кеңештердин ишин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында жашы жетелек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бардык органдардын ишин жакшыртуу боюнча иштиктүү чаралар сунушталды. Атап айтсак, ар кандай деңгээлдеги мыйзамдык базага өзгөртүүлөрдү киргизүү, ата-энелерге түшүндүрмө иштерин жүргүзүү, аларга өспүрүм куракта пайда болгон ар кандай терс чакырыктар жөнүндө эскертүү, ошондой эле профилактикалык иштерди жүргүзгөн адистерди системалуу түрдө окутуу жана башка көптөгөн сунуштар айтылды.

Меню