Menu

Эгемендик күн

Садыр Жапаров: Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар

«Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы  Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Чуңкурчак жайлоосундагы өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктоосунда.

Мамлекет башчысы быйыл эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы Чуңкурчак жайлоосунда салтанаттуу белгиленип, өлкөнүн 31 метрлик туусу көтөрүлүп жатканын белгиледи.

“Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келди.

Кыргызда ар дайым ийгиликке, жеңишке жетишкенде туусун бийик көтөрүп, ага таазим кылып келген. Байрагыбыз бийик желбиреп турса, элибиздин Мекенге болгон сүйүү жана атуулдук сезими артылат. Себеби атуулдук ариетибиз да, ар-намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турат.

Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда, бүгүнкүдөй чоң салтанаттын коштоосунда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт.

Албетте, 3000 жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил. Узак тарыхыбызда кээде жылдызыбыз жанып, улуу каганат куруп көккө сермелдик.

Кээде эркиндигибизди алдырып, чачырап кете жаздаган, азып-тозгон абалды башыбыздан кечирдик. Айтор, тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылдык.

Ошентсе да карт тарыхта кыргыз менен үзөңгүлөш жашаган далай элдер бүгүн жок, алардын аталыштары гана тарых беттеринде калды.

Эгемендик бактысына ар убак эркиндикти туу тутуп, тынымсыз күрөшүп келген намыстуу эл гана татыктуу!

Көкүрөгүбүзгө сыймык уялап турган ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аянбай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз!

Ар дайым эгемендигибизди туу тутуп, эл-жерибиздин көз карандысыздыгы үчүн канын, жанын аябай күрөшкөн Байтик баатыр сыяктуу ата-бабаларыбызды эскерүү, алардын Ата Журтка кылган кызматын кийинки муундарга чып-чыргасын коротпой жеткирүү мойнубуздагы ыйык

Себеби биздин баатыр ата-бабаларыбыз элдин, мамлекеттин уюткусу катары мамлекеттүүлүктүн, эгемендиктин маани-маңызын аңдап-сезип, тарых агымына баам салып, жети өлчөп, бир кесип отуруп келечек муун үчүн, тагыраак айтканда, мына бүгүнкү күн үчүн кам көрүшкөн.

Дегеле 3 миң жылдан ашуун терең тарыхты бизге калтырып кеткен ата-бабаларыбыздын рухуна дайыма таазим кылабыз!”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент өлкөнүн ар бир жараны улутуна жана динине карабастан бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ экенин белгиледи. Ынтымактуу Кыргызстандын эли балдарды чогуу тарбиялап, майрамдарды чогуу тосуп, кыйынчылыкты бирге көтөрөт.

«Бирөөнүн үйүнө кыйынчылык келсе, бизден өткөн ынтымактуу, камкор адамдар жок. Биз ар дайым бири-бирибизге жардам берүүгө шашабыз. Ар бир көчөдө, ар бир жамаатта, айылда жана шаарда бардык кыргызстандыктар бүгүн тынчтыкта ​​жана ынтымакта жашап жатышат. Ар бирибиз ушул бейпилдикти сактап гана тим болбостон, жерибизде өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана гүлдөп-өнүгүүнү жигердүү бекемдешибиз керек.

Бүгүн биз жалпы, эң маанилүү майрамыбызды – 31-августту белгилейбиз. Бул биздин Эгемендүүлүк күнүбүз гана эмес, Кыргызстандын көп улуттуу элинин достугунун жана биримдигинин майрамы», – деди президент Садыр Жапаров.

Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз элин Эгемендик күнү менен кыргыз тилинде куттуктады - видео

Бүгүн, 31-августта Европа Биримдигинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргыз элин Эгемендик күнү менен кыргыз тилинде куттукташты.

“Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Бул күн – жалпы кыргызстандыктардын улуттук биримдигинин жана ынтымагынын символу. Бардык пландарыңыздын ийгиликтүү ишке ашырылышын, туруктуу келечекке ишеним жана бейпилдик каалайбыз! Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдиги кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн ишин улантат. Тынчтык, бакубатчылык жана өркүндөө болсун!” деп айтылат куттуктоодо.

АКШ элчилиги адаттагыдай эле кыргыз элин Эгемендик күнү менен кыргыз тилинде куттуктады, а Россия элчилигичи?

Бүгүн, 31-августта АКШ элчилиги кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү менен адаттагыдай эле кыргыз тилинде куттуктады.

“Достор, АКШ элчилигинин атынан сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Бул өзгөчө күндүн урматына биз English Access студенттери менен Улуттук тарыхый музейге бардык. Биз турдан ырахат алып, Кыргыз Республикасын эгемендүүлүккө алып келген эр жүрөк инсандар жөнүндө билдик. Кыргыз Республикасы мындан ары да өсүп-өнүгө берсин!” деп айтылат куттуктоодо.

Ошол эле учурда орус өнөктөштөрүбүз (Орус элчилиги) кыргыз элин бир да жолу кыргыз тилинде куттуктап койбойт. Бул өнөктөштөрдүн тилине болгон кандай мамиле?

Меню