Menu

Эгемендүүлүк күнү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

“Кымбаттуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди маанилүү даталардын бири – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм!

Мындан отуз жыл мурда – 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттары Көз карандысыздык жөнүндө декларацияны кабыл алган. Бул Кыргызстанды көз карандысыз демократиялык мамлекет катары жарыялаган чыныгы тарыхый документ болгон.

Кыргызстан эли ондогон кылымдарга созулган катаал жолду басып өтүү менен кайрадан өнүгүү жолун тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Кыргызстандыктар биримдиктүү, ынтымактуу жана эмгекчилдигине жараша бардык сыноолордон татыктуу өтүп, өз мамлекеттүүлүгүн сактап кала алды.

Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун, ар кыл эл аралык жана аймактык уюмдардын толук кандуу мүчөсү болду. Биз мурдагы Советтер Союзунун аймагында алгачкылардан болуп өз валютабызды ишке киргизип, чек араларды чындоо, жеке армияны түзүү, мамлекеттик башкаруу институттарын уюштуруу жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча иштерди баштадык.

Биз улуу жолдун баштапкы этабында турабыз. Алдыда дагы көп иштерди аткаруубуз керек. Бүгүнкү кундө биз бардык күч-аракетибизди ата мекендик экономиканы мындан ары өнүктүрүүгө багыттообуз зарыл.

Кичи жана орто бизнести колдоого алуу, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү санариптештирүу, коррупцияга каршы күрөшүү, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү сыяктуу милдеттерди кыска мөөнөттө чечүү үстүндө иш алып бармакчыбыз.

Аймактарды, өз продукцияларын экспорттоого ыңгайлашкан айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн, бул багыттагы ишканаларды колдоого алууга, өлкөнүн тышкы чектерин чындоого, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын жана натыйжалуу тутумун негиздөөгө олуттуу басым жасалат.

Ушундай жол аркылуу гана биз өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнө ишенимдүү шарттарды түзүп, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууну камсыздай алабыз.

Бирок бардык коюлган максаттарга элдин колдоосу аркылуу гана жетишүү мүмкун экендигин белгилей кетүү зарыл.

Кыргызстанда 80 ашуун улуттун өкүлдөрү ынтымактуу чоң үй-бүлө катары жашап келет. Биздин күчүбүз элдердин биримдигинде жана ынтымагында.

Урматтуу мекендештер,

Ушул майрам күнү жалпыңыздарга чың ден-соолук, жаркын маанай, ачык асман, бакубаттуулук жана алдыга койгон максаттардын ишке ашуусун каалайм! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

Меню