Menu

Эдуард Кубатов

Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатов Улуттук Олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды

Быйыл  23-май күнү “Эверест 1” экспедициясынын курамында дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокуну багындырган алгачкы кыргыз Эдурад Кубатов 12-июлда  Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды. Ага сыйлыкты Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, КР хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов тапшырды. Алтын орден тапшыруу салтанатына УОКтун биринчи вице-президенти, КР жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов, УОКтун Башкы катчысы, КР ок атуу федерациясынын президенти Саламат Эргешов, УОКтун Аткаруу комитетинин мүчөсү, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов катышты.   

 Атактуу альпинист Эдурад Кубатов  жолугушуу учурунда бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталганын, команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер киргенин, экспедицияга катышкан 14 адамдын ичинен 5 адам гана Эверестке чыкканын, абдан катуу шамаал болуп, жол татаал  болгонун, чокуга жеткен адамдын организиминде кычкылтек кадимки нормадан 4 эсеге аз болоорун,  бул жеңишти Кыргыз элине жана Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына  арнаганын, кыйынчылыктар болгонун айтып берди.

-Абдан оор болду. 14 кишиден бешөөбүз гана чыктык дебедимби. Арабыздан эки киши ковид менен ооруду. 8000 метрде арабыздан бирөө каза болуп калды. Аба-ырайын күтүп жатып, абдан кыйналдык. Саатына 70 чакырым шамал. Биз чыккан 23-май күнү дагы шамал аркырап турду. Сыноо ушунча оор болгонун мындан көр, бир заматта 6 кг арыктаган экем. Чогуга бешөөбүздүн ичинен биринч болуп мен чыктым. Мен ушул жеңишимди  эгемендүү элиме, жериме жана ата-энемдин элесине  гана арнадым, -дейт Эдурад Кубатов

Ал буга 2014-жылдан бери даярданып келгендигин белгиледи.Эдуард  Кубатов дагы эки чокуну – Денали (Түндүк Америка) жана Винсон Массифти (Антарктида) багындырып, “Дүйнөнүн жети чокусун” багындырууну  пландаштырууда.

Эверест жер планетасынын 8 848 метр бийиктиктеги эң бийик жери. Гималай тоо системасынын бөлүгү болуп саналат жана Тибет менен Непалдын чек арасында жайгашкан. Анын көрүнүшү үч бурчтуу пирамидага окшоп, 5-чакырымынан тарта чокуга чейин мөңгүлөр менен капталган. Тоонун аталышы англиялык геодезист Джордж Эвересттин урматына аталган. Ал эми Эвересттин чокусун 1953-жылы 29-майда Жаңы Зеландиялык Эдмунд Хиллари алгачкы болуп багындырган. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү эң бийик тоого 4 000ден ашуун альпинист барса, жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан  чокууга чыгуу учун 500дөн ашуун адам каттайт.

Меню