Menu

Эдуард Худайнатов

5 орус олигархы Путинге 583 миллион долларлык суперяхтаны Жаңы жылга белекке беришкен

Документтер боюнча “Роснефть” компаниясынын мурдагы президенти Эдуард Худайнатовго таандык Италияда камакка алынган “Шехерезада” суперяхтасы 583 миллион еврого курулган. Аны орус олгархтары президент Владимир Путинге Жаңы жылга белек катары беришкен.

Бул тууралуу “Досье” иликтөө борборунун материалында жазылган.

Суперъяхта быйыл май айында Италиянын Марина ди Каррара деген портунда камакка алынган. Анда ал санкциялык тезмеге киргизилген орусиялыктардын бирине таандык болушу мүмкүн экени айтылган. Яхтанын ээси тууралуу Италиянын бийлигине жөнөтүлгөн катта ага Худайнатов ээлик кылары жазылган. Ошол эле маалда Худайнатов АКШ санкциялык тизмедеги миллиардар Сулейман Керимовго таандык деп эсептеп жаткан 106 метрлик “Амадея” суперяхтасына жана Испаниянын бийлиги Игорь Сечиндин менчиги катары камакка алган 135 метрлик “Кресент” яхтасына да ээлик кылат.

Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен иликтөөсүнүн материалдарында Худайнатов жогоруда айтылган яхталардын баарына ээлик кылгыдай бай эмес экени белгиленген. ЕБ яхталардын курулушун беш компания каржылаганын аныктап чыккан.

“Досье” борборунун маалыматына караганда, аталган офшорлордун бери дегенде эле бирөө орус бизнесмендерине түздөн-түз байланыштуу болушу мүмкүн. Иликтөөчүлөр компаниянын ээси катары “Сумма” тобунун ээлеринин бири Зиявудин Магомедовду атап жатышат. Долбоордун аты-жөнүн айтпаган булагы Магомедов Путинге “Шехерезаданы” белек кылган олигархтардын бири экенин айткан.

Басылма жаңы жылдык белекке акчаны миллиардер Геннадий Тимченко чогултканын жазды. Ошол эле маалда белек берүүчүлөрдүн башкаларынын аты-жөнү айтылган эмес.

Буга чейин “Шехерезада” суперяхтасына Орусиянын президенти Владимир Путин ээлик кылары башка иликтөөлөрдө да айтылып, анын экипажы Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнөн тураары белгилүү болгон. Кремль азырынча “Досьенин” бул материалы боюнча комментарий бере элек.

7-сентябрда Путин орусиялыктардын чет өлкөлөрдөгү активдеринин камакка алынышы – “бардыгы үчүн сабак” экенин билдирди. Анын айтымында, эгер орусиялык ишкерлер яхталарын Орусияда кармап, акчасын чет өлкөлүк активдерге салбаганда, “эч нерсе жоготпой болчу”.

Февраль айында Гамбург портунан Калининградга Путинге байланышы бар экени айтылып жүргөн 82 метрлик “Грейсфул” деген суперяхта жеткирилген. Андан эки апта өткөндөн кийин Путин Украинга согуш жарыялаган.

Меню