Menu

Экология

УКМК: “Мурас” мүнүшкөрлүк борбору бак-дарактарды мыйзамсыз кыйып, жайыт жерлеринин топурактарын иштетип, экологияга 7 млн 700 миң сом зыян келтирген

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, 2020-жылы Түп районунун Тогуз-Булак айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айыл аймагынын «Мурас» Кыргыз мүнүшкөрчүлүк борбору ЖЧКсы тарабынан бак-дарактар мыйзамсыз кыйылып, жайыт жерлеринин топурактары иштетилгени аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кыргыз мүнүшкөрлүк борбору “Мурас” ЖЧКсынын жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталып, экологияга өзгөчө ири өлчөмдө 7 млн 700 миң сом зыян келтирилгени такталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен белгиленген зыяндын орду толугу менен мамлекеттик бюджетке толтурулду.

Бакыт Төрөбаев: Адамдардын саламаттыгы жана экологиянын тазалыгы үчүн желим буюмдардан арылуубуз зарыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, айлана-чөйрөгө, адамдардын саламаттыгына зыян келтирип жаткан желимден жасалган буюмдар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө адистер, өзгөчө Ысык-Көл облусундагы кырдаалга токтолушту. Алардын белгилешинче, синтетикалык таштандылар Ысык-Көл акваториясынын флорасына жана фаунасына терс таасир алып келүүдө.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул багытта атайын ченемдик укуктук актылар иштелип чыгуусун белгиледи.

“Баарыбызга белгилүү, желим бөтөлкөлөр, баштыктар жана башка буюмдар узак жылдар бою сакталып тура берет. Акыры ал адамзатка жана жаратылышка зыян алып келет. Ошол себептүү, экологиялык жактан таза буюмдарды колдонууга өтүүбүз зарыл”, – деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусундагы бардык эс алуу жайларында,  соода түйүндөрүндө желимден жасалган буюмдардын ордуна экологиялык жактан таза, кагаздан жасалган буюмдарын сатуу жана колдонуу сунушталды. Аны менен катар кагаздан жасалган баштык жана идиш буюмдарды чыгаруучу ишкана ачуу маселеси көтөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, акыркы бир айда Ысык-Көл акваториясынан Түп районунун Өрүктү айылынан тартып Жети-Өгүз районунун Кызыл-Туу айылына чейин мыйзамсыз 48500 чарчы узундуктагы балык уулоочу тор, 4425 кг синтетикалык таштандыны көлдүн астынан чыгарган.

Бакыт Төрөбаев: Келээрки жылдары Бишкекте ыш маселеси жаралбашы керек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектеги ыштын келип чыгуу себептерин жана алардын алдын алуу жолдорун чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында борбордогу ыш көйгөйүн чечүү боюнча жол карта талкууланды.

“Жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүү максатында экономика тармактарын жана калкты жеткиликтүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо маселеси каралып келет. Ошол эле учурда,  ден соолукка терс таасирин тийгизген ыш маселеси экинчи планда калууда. Ушуга байланыштуу ыш маселесинин алдын алуу  иштерин күчөтүүбүз зарыл. Ыштын пайда болушун күтүп жата бербестен, анын пайда болуу себептерин чечүү жөнүндө түзүлгөн “жол картанын” негизинде тиешелүү жетекчилер иш алып барып, ай сайын иштин жүрүшү тууралуу так маалымат берүүңүздөр керек”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Адистердин айтымында, борбор калааны ыш каптоосуна себептеринин бири жаңы конуштарда, жеке менчик мончолордо көмүрдүн, желимдердин жана тигүү цехтериндеги калдыктардын жагылышы болууда. Бул жагдайды чечүү үчүн аларды жаратылыш газы менен камсыздоо каралууда. Ал эми калдыктарды жана желимдерди кайра иштетүү керек.

Мындан тышкары, ыш каптоого Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда жана отказандарда көмүрдүн колдонулушу, эски унаалардын көптүгү, таштанды таштоочу жайда таштандылардын өрттөлүшү, курулуш объектилеринин ирээтсиз курулушу жана бак-дарактардын азайышы болууда.

Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун алкагында тиешелүү булактардан каражаттарды тартуу күтүүлүүдө.

Көйгөйдү чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар жумушчу тобун түзүү менен активдүү иштер жүргүзүлөт жана анын жыйынтыгы боюнча  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жыйындар өткөрүлүп турат.

Меню