Menu

Экономикалык дипломатия

ТИМ 2022-жылы ата мекендик 154 продукцияны чет мамлекеттердин рынокторуна экспорттоого багытталган экономикалык иш-чараларды өткөрдү

Кечээ, 19-январда «Кабар» КУМАнын басма сөз борборунда 2022-жылдагы тышкы саясий ишмердиктин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев менен жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө КРдин Тышкы иштер министрлигинин башчысы министрликтин 2022-жылы аткарган иштери боюнча кеңири баяндама жасады. Тактап айтканда, министр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө тышкы саясий ведомство тарабынан жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо, суу дипломатиясы, чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына тиешелүү башка маселелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Министр белгилегендей, 2022-жыл Кыргызстан үчүн маанилүү тышкы саясий жана конструктивдүү дипломатиялык байланыштарга бай болду, тактап айтканда, бийик жана жогорку деңгээлдеги 116 сапар жана иш-чара ишке ашырылып, 972 көп тараптуу эл аралык келишим менен документке, 82 эки тараптуу эл аралык келишим менен документке кол коюлду. Мындан тышкары, министр Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусу ийгиликтүү өткөндүгүн, Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын өткөндүгүн, 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргыз Республикасынын шайлангандыгын, ошондой эле биздин өлкөнүн катышуусу менен уюштурулган башка тышкы саясий иш-чараларды белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен жолугушуусу 1,5 саатка созулуп, анда министр Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүсү, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилеринин ишмердүүлүгү, транспорттук-логистикалык долбоорлор, ошондой эле чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо сыяктуу суроолорго кеңири жооп берди.

Эмгек мигранттарына укуктук жардам көрсөтүү боюнча суроого жооп берүүдө министр Ж.Кулубаев Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирген 47 миңден ашык кыргызстандык чыгарылып, Украинадагы аскердик аракеттерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын 300дөн ашуун жаранын эвакуациялоого көмөк көрсөтүлүп, Казакстандагы январь окуясында Кыргыз Республикасынын 300дөн ашык жаранын бошотууга жардам көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, журналисттерди министрлик жүргүзгөн экономикалык дипломатиянын жыйынтыгы тууралуу маселелер кызыктырды. КРдин Тышкы иштер министрлигинин башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарына 2022-жылы 465 экономикалык иш-чара өткөрүлгөндүгү, анын 230у чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшүүгө, 154ү ата мекендик продукцияны чет мамлекеттердин рынокторуна экспорттоого, 61и туризмди өнүктүрүүгө багытталгандыгы тууралуу маалымдады.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле 2023-жылга пландаштырылган иш-чараларга жана өлкөнүн тышкы саясатынын жакынкы жана узак мөөнөттүү келечектеги артыкчылыктуу багыттарына токтолду.

Иш-чарага 30дан ашуун жергиликтүү жана чет элдик басылмалардын өкүлдөрү катышты.

Акылбек Жапаров: Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүшү зарыл

Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүшү зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинде өткөн жумушчу кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жактырылган 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык, экономиканын ар жылдык реаалдуу өсүү темпин ИДП карата 13% кем эмес көлөмдө (жылына болжол менен 1,0 млрд АКШ долл) чет элдик түз инвестицияларды тартуу менен орточо 5%дык деңгээлде камсыздоо максаты коюлган.

«Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги алдына экономикалык дипломатияны активдештирүү жана биринчи кезекте үч негизги багыт: чет элдик инвестицияны тартуу, туристтик агымдын кеңейишине көмөктөшүү жана ата мекендик продукцияны экспорттоого көмөктөшүү боюнча ишти активдештирүү милдети тапшырылган. Биз сиздерден социалдык-экономикалык маселелерди жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө конкреттүү жыйынтыктарды күтөбүз», – деди ал жана дипломаттардын көңүлүн текстиль өндүрүшүн жана бөтөлкөдөгү суу чыгарууну илгерилетүүгө бурду.

Акылбек Жапаров белгилегендей, чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин иши тийиштүү деңгээлде аткарылбаса, үстүбүздөгү жылдын соңунда өлкө жетекчилиги тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынат.

Анын айтымында Министрлик жана чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин алдына төмөнкү милдеттер коюлган:

– өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү;

– эки тараптуу инвестициялык фонддорду түзүү үчүн инвестицияларды, жеңилдетилген кредиттерди, кошумча финансылык ресурстарды тартуу;

– республиканын экспорттук потенциалын эске алуу менен “экспорттук корзинаны” иштеп чыгуу;

– 2022-жылдын соңуна карай конкреттүү максаттуу көрсөткүчтөр менен экспортту илгерилетүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу;

– өз ара пайдалуу кызматташуу жөнгө салынган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү, виза саясатын өркүндөтүү маселесин иштеп чыгуу;

– туристтик визаларды алуу үчүн арыздарды кароо убактысын кеминде 36 саатка чейин кыскартуу.

Экономикалык дипломатия боюнча консультативдик топтун (ЭДКТ) отуруму болуп өттү

Кечээ? 24-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Руслан Казакбаевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Экономикалык дипломатия боюнча консультативдик топтун (ЭДКТ) отуруму болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын жыйырмага жакын бизнес-ассоциацияларынын жетекчилиги жана өкүлдөрү, ошондой эле КРдин Экономика жана финансы министрлигинин (КР ЭФМ), КР Инвестициялар министрлигинин, КРдин Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин, КР ЭФМ алдындагы Туризм департаментинин жетекчилеринин орун басарлары жана өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык кызыкчылыктарын эл аралык аренада илгерилетүү жана коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын бизнес чөйрөлөрү жана адистештирилген ведомстволору менен диалогду жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер боюнча ачык, конструктивдүү диалог жүрдү.

Министр Р.Казакбаев өз сөзүндө ЭДКТнын иши тууралуу маалымат берип, Министрлик бизнес чөйрөсү менен диалогду жогору баалай тургандыгын белгиледи. Тышкы саясат ведомствосунун башчысы Министрлик Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жана бизнес коомчулугуна чет өлкөлүк инвестицияларды тартууда, ички экспортту жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын өнүктүрүүдө максималдуу жардам көрсөтүү боюнча иштеп жатканын белгиледи. Ал дүйнөдө коронавирус пандемиясынын жайылышы менен байланышкан оор шарттарга карабастан, бизнести, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлорду жана бизнес чөйрөсүн коргоо үчүн бир катар демилгелер жана программалар ишке ашырылганын белгиледи.

Жолугушуунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатия боюнча үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымындагы аракеттери, анын ичинде экономикалык мүнөздөгү чаралар, ошондой эле чет мамлекеттер менен биргеликте инвестициялык фонддорду түзүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле министр Р.Казакбаев гуманитардык жардамды, тактап айтканда, вакциналарды тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатындагы иштерге токтолуп, бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз уланып жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле альтернативдүү логистикалык каттамдарды түзүү боюнча КРдин Тышкы иштер министрлигинин аракеттери тууралуу билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр сапаттуу инвестициялык/бизнес долбоорлорду даярдоого катышуучулардын көңүлүн бурду жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери долбоорлорду илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди.

Сөзүнүн аягында Министр Р.Казакбаев ТИМдин Кыргызстандын бизнес-ассоциацияларына мындан ары да ар кандай жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Андан ары бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө өздөрүнүн суроолорун жана сунуштарын узатышты. Бизнес өкүлдөрүн кызыктырган негизги темалар төмөнкүлөр болду:

  • экспортту активдүү илгерилетүү;
  • бирдиктүү өнүктүрүү банкын түзүү;
  • экспорттуилгерилетүүнүн ажырагыс бөлүгү катары альтернативдүү логистикалык жолдорду өнүктүрүү;
  • экономикалык дипломатиянын маанилүү дирижёрлору болгон ардактуу консулдар институтун колдонуу;
  • чет өлкөлүк жарандаргаар кандай уруксаттарды берүү;
  • чет мамлекеттер менен экономикалык чөйрөдө келишимдерди түзүү ж.б.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын биргелешип илгерилетүү/коргоо жөнүндө макулдашышты. Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү бир катар маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу зарыл экендигин белгилешти. Руслан Казакбаев Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын бизнес чөйрөсү менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосунда ортомчу/гид болууга даяр экендигин билдирди.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар жолугушуунун маанилүүлүгүн айтып, жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Меню