Menu

Экстремизм

Сот Семетей Талас уулун эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-апрелде журналист Семетей Талас уулун экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, судья журналистти жазаны аткаруудан бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза өтөсүн деген чечим чыгарды.

Семетей Талас уулу өзү чечимге байланыштуу жогорку инстанцияга даттанар-даттанбасын адвокаттар менен кеңешкенден кийин чечерин маалымдады. Ал буга чейин сотто 2021-жылы Фейсбуктагы баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп койгону үчүн күнөөлөп жатышканын айтып, бул үчүн кечирим сураган.

Семетей Талас уулун милиция 1-ноябрда кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза ал “Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн” деген корутунду чыгарганын айткан.

41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазган. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет. Буга чейин Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип жүргөн.

Кыргызстанда 2019-жылы күчүнө кирген “Пробация жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыштардын айрым жеңил түрлөрүнө абактан сырткары жаза каралат. Ага ылайык, жазага тартылган кишилер коомдук иштерге тартылат, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат, түзөтүү иштерине чегерилет, эркиндиги чектелет.

Экстремистик материалдарды таркатууга шектүү аял кармалды

Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш иштеринин натыйжасында Кыргызстанды тыюу салынган диний уюмдардын биринин мүчөсү жана ошол эле уюмдун аялдар канатынын активдүү мүчөсү, буга чейин соттолгон Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы жашоочусу А.Б. аттуу аял кармалган.
Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүруш иштеринин натыйжасында жогорудагы аял экстремистик маанидеги материалдарды социалдык түйүндөр аракылуу жайылтканы аныкталып, аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, алынган материал тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык таркатылган материалда экстремистик маанилер камтылганы аныкталган.
Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграциягакаршы аракеттенүү кызматкерлери тарабынанжүргүзулгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы аял Жалал-Абад облусунун Аксы районунан кармалып, Аламүдүн райондук соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндуруш иштери улантылууда.

Меню