Menu

Элбах Фарес Ибрахим

Кыргыздын чоюн билек балбаны Бекдөөлөт Расулбеков Токио олимпиадасында 6-орунду ээледи

31-июлда оор атлетика боюнча Токио  шаарынын  Токио эларалык Форум имаратындагы олимпиадалык мелдешине  кыргыз спорт чебери Бекдөөлөт Расулбеков катышты. Аны устаттары Өмүржан Молдодосов менен Камбар Токтоналиев коштоп акыл-насааттарын айтып турушту. Ал   96 кг салмактагы чоюн билек 10 балбан менен олимпиадалык байге үчүн  күч сынашты. Бул салмакта 15 спортчу мөрөй талашса, анын ону «А» тобундагы балбандар  болду. Мелдеш бишкек убактысы боюнча 16.50дө башталды. Бекдөөлөт жулкуп көтөрүүдө алгач 162 кг салмакты багындырды. Экинчи жолку аракетинде 165 кг салмакты көтөрө албай койду. Үчүнчү жолку чыгууда  166 кг салмакты көтөрдү. Бул көнүгүүдө канадалык Сантай Роберт 178 кг салмакты көтөрүп топ башында турду. Түртүп көтөрүүдө Бекдөөлөт  алгач 200 кг салмакты багындырды. Кийинки чыгууда 208 килограмм салмакты көтөрдү. Соңку чыгууда 216 кг салмакты көтөргөнү менен сол колу ооп кетип, штанга помостко түшүп кетти. Ошентип ал жалпы 374 килограмм салмакты багындырды.

1-орунду Катардын спортчусу Элбах Фарес Ибрахим алды. Ал 402 килограмм салмакты көтөрүү менен Олимпиаданын рекордун да жаңыртты. Спортчу булкуп көтөрүүдө 177 килограмм, түртүп көтөрүүдө 225 килограммды көтөрдү.

Күмүш жана коло байгелерди 387 килограммды эсебине жазган Венесуэла спортчусу Кейдомар Валенилья (177 кг, 210 кг.) менен Грузиянын өкүлү Антон Плесной жеңип алды.

Бекдөөлөт Расулбеков 1996-жылы Токтогул районунун Кайрак айылында туулган. 2011-жылдан бери оор атлетика менен машыгып,  94, 96 жана 102 килограмм салмак категорияларында өлкө намысын коргоп келатат. 2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын коло медалынын ээси болгон. 2019-жылдагы Дүйнө чемпионатында ал алдыңкы ондукка кирген. Билими боюнча – программист. Техносфера коопсуздугу боюнча экинчи адистикти алган.

Бекдөөлөт 2021-жылы февраль айында Ирандагы жана Өзбекстандагы турнирлердин жеңүүчүсү болуп саналат. Март айында ал атаандаштарынан  80 килограммга озуп, Кыргызстандын беш жолку чемпиону болгон эле.

– Жаш кезинде таятам машыккан экен. Бул анын хоббиси болчу. Ал кесипкөй оор атлетчи болууну  кыялданган, бирок мүмкүнчүлүк болгон эмес. Анын кыялын ишке ашыргым келип, оор атлетчи болдум. Жеңиштеримди таятама жана кыргыз элине арнап келген. Бирок тилегим орундалбай калды. Эмдиги жылы Азия оюндары болот. Ошондо дагы тажрыйба топтоп, кийинки Париж шаарында өтө турган олимпиадага жолдомо алып, бул жолку каталыктарымды оңдоого аракет кылам. Токио олимпиадасына биринчи ирет катышып жаткандыктан катачылыктар кетип калды. Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан оор атлетчилер Митал Шарипов, Улан Молдодосов, Бекзат Осмоналиев агайлардай болгум келип, бул спортту тандап алгам. Аягына чейин чыгып, бир натыйжага ээ болгум келет,-дейт Бекдөөлөт Расулбеков.

Эгемендүү өлкө болгону 2000-жылы Сидней олимпиадасына Митал Шарипов менен Бакыт Ахмедов катышып, 16-орунду ээлеген. 2004-жылкы Афина жана 2008-жылкы Бээжин олимпиадаларына Улан Молдодосов катышып, 10-11-орун менен чектелген. 2012-жылы Лондон олимпиадасында Бекзат Осмоналиев байгелүүң орунга илинбей калган. 2016-жылы Рио-де-Жанейро олимпиадасына кыздардан Жаңыл Океева катышып, 10-орунга жеткен. Ал эми 69кг салмакта коло байге уткан Иззат Артыковдун кызытма пайдалаганы билинип калып, байгесинен айрылып, оюндан четтетилген.

Ошентип эгемен өлкө болгону Бекдөөлөт Расулбеков олимпиадалык оюндарда байгелүү делип, атайын упай жана сертифиат берилген 6-орунду ээлегени дагы дурус көрсөткүч. Токиодогу спорт адистердин айтымында Бекдөөлөттүн келечеги кең, алдыда дагы Азиялык, дүйнөлүк таймашуулары турат. Башты жерге салба, Бекдөөлөт!!!

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Меню