Menu

Элдик Курултай

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы президент Садыр Жапаровдун айрым жарлыктарынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн конституциялык сотко берди

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 14-февралындагы аныктамасы менен Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жана 2022-жылдын 28-сентябрындагы №328 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыктарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө сунуштамасы өндүрүшкө кабыл алынды. Бул тууралу КР Конституциялык соттун басма сөз кызматы билдирет.

Кайрылуу субъектисинин позициясы

Конституциянын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутактарына бөлүнүшү, алардын өз ара ырааттуу иштөөсү жана аракеттенүүсү, ошондой эле мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын жана функцияларынын ажыратылышы тууралуу принциптерге негизделет. Ал эми анын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат деп белгиленген.

Кайрылуу субъектисинин пикиринде, бийликти бөлүштүрүүсүз жана тиешелүү эффективдүү токтотуп туруу жана тең салмак тутуму болмоюнча, укуктук мамлекет жана мыйзамдар болушу мүмкүн эмес. Мыйзам менен конституциялык принциптерге баш бербеген кандайдыр бир чексиз бийликтин пайда болушуна тоскоолдук болуп мамлекеттик органдардын ортосунда алардын бирин да бүтүндөй бийликке толук көлөмдө ээ кылдырбай бөлүштүрүүсү саналат.

Элдик Курултайдын макамы Конституцияда бекитилген жана бул органды мыйзамдаштыруу конституциялык мыйзамды кабыл алуу жолу менен камсыздалууга тийиш болгонуна карабастан, Президенттин Жарлыгы менен Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилген. Аталган жобого ылайык Бишкек шаарында 2022-жылдын 26-ноябрында 1072 делегаттан турган биринчи Элдик Курултай өткөрүлгөн.

“Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясы Президенттин талашылып жаткан Жарлыгы менен Элдик Курултайды мыйзамсыз чакыруу, аны уюштуруу тартибин жана ишмердүүлүгүн бекитүү, резолюциясынын кабыл алынышы терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп белгилейт. Бул өз кезегинде мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга жана талкуулоого бардык жарандардын катышуусун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн өкүлчүлүктүү органдын маанилүүлүгүн жоготууга алып келет.

Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыктарын конституциялуу эмес деп таанууну суранууда.

Садыр Жапаров: "Мындан ары кандай гана Курултай болбосун, мурдагыдай "дежур курултай" болбойт"

КР Президенти Садыр Жапаров Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасына жаңы пост жазып, Элдик курултайды эмнеге жана кандайча чакырып жатканына түшүндүрмө берди:
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кечээ күнү Элдик курултай жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, ушул жылдын 25-ноябрь күнү биринчи Элдик курултай өтөт.
Элдик курултай жөнүндө мыйзам ушул жылдын башында жазылып бүтүп, эки ай бою жалпы элдик талкууга коюлуп, андан кийин Жогорку Кеңешке киргизилген. Тилекке каршы, кабыл алынбай калды. Ошондуктан мыйзам кабыл алынганга чейин быйылкы Курултайды жарлык менен чакырууну туура көрдүм. Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат беребиз.
Курултайдын сунуштарын угабыз.
Курултайга кимдер делегат болуп шайланып келе алышат деген суроо туулат.
Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөт. Уюштуруу иштерин, делегат шайлоону жергиликтүү кеңештин депутаттары уюштурушат. Жергиликтүү элди чогултат. Ошол чогулушта эл өздөрү делегат шайлап беришет. Шайланган делегат Бишкекке Курултайга келет.
Ошондуктан эл-журт делегат шайлоого активдүү катышып бериңиздер.
Айыл өкмөт, аким, Президенттин өкүлдөрү делегат тандоо иштерине катышпайт.
Тыюу салынат!
Алардын катышпоосуна буйрук берилди.
Мындан ары кандай гана Курултай болбосун, мурдагыдай “дежур курултай” болбойт. Эл шайлаган делегаттар, келгиле. Ачык айтып, ак сүйлөп, сунушуңарды бергиле.

Элдик Курултай жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик Курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.

Кыргыз Республикасында улуттар аралык ынтымакты андан ары бекемдөө, жарандык коомду бириктирүү жана социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү максатында, ошондой эле өлкө жаңы глобалдык жана региондук чакырыктардын жана көйгөйлөрдүн босогосунда тургандыгын, аларды чечүү өз өкүлдөрү аркылуу бардык жергиликтүү жамааттардын катышуусун талап кылгандыгын эске алуу менен, кыргыз мамлекетин жана коомду туруктуу өнүктүрүү, этностор аралык жана диндер аралык макулдашууга жетишүү жана анын өлкөнү башкарууга катышуусу үчүн Кыргызстан элин түзгөн бардык улуттарды жана этносторду бириктирүү максатында жалпы улуттук диалогду камсыз кылуу зарылдыгы бышып жетилгендигин моюнга алуу менен, ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап, мамлекеттин ички жана тышкы саясаты маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда жарандык консолидацияны жана кызыкчылыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн балансын камсыз кылууга арналган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинде каралган Элдик Курултайды түзүү зарылдыгын эске алуу менен, Элдик Курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып токтом кылынат:

  1. 2022-жылдын 25-ноябрында жума күнү Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай чакырылсын.
  2. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин (мындан ары – Уюштуруу комитети) курамы жана Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо ушул Жарлыктын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
  3. Уюштуруу комитети:

–       административдик-аймактык бирдиктерден (айыл аймактарынан жана шаарлардан), эмгек мигранттарынан, конфессиялык коомчулуктардан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;

– биринчи Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл чараларды көрсүн;

– Элдик Курултайдын регламентинин долбоорун андан кийин Элдик Курултайдын бекитүүсүнө киргизүү менен иштеп чыксын.

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан финансылык жана башка уюштуруу-техникалык маселелерди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен чечсин.

– Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте биринчи Элдик Курултайды даярдоодо жана өткөрүүдө Уюштуруу комитетине көмөк көрсөтсүн.

– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү курултайларда Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

Бул Жарлык менен биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди:

Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич – «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Абыкеев Чолпонбек – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

Борубашов Бекбосун Ишенбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;

Айтиев Замирбек Каримович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;

Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) – «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Арабаев Чолпонкул Исаевич – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Дуйшеев Кубанычбек Турдумамбетович – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Кошалиев Кадырали Амиракулович – «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Райымкулов Билим Сардалбекович – Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Джунушалиев Айбек Жанышбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Укушов Мурат Каниметович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

Кожоев Мирбек Кокулбаевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Туманбаев Каныбек Тургунбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;

Алимбаев Абдикарим Карбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алымбаев Нурил Джайылбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жамалдинов Зиядин Исламович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Нарбеков Бакытбек Наркулович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сыргабаев Абсаттар Токтогулович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эргешов Алтынбек Калдарович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – Бишкек шаарынын мэри;

Мамбетов Алмаз Ишенбекович – Ош шаарынын мэри.

Меню