Menu

Электр энергиясына тарифтер

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 кВт⋅с электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү

Электр энергиясын керектөөнүн тынымсыз өсүшүнүн шартында энергетикалык кубаттуулуктарды жогорулатууга байланыштуу чечимдер иштелип чыгууда.

Кыска убакыттын ичинде «Муз-Төр» чек ара заставасын электр менен камсыздоо», «Баткен облусунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу» сыяктуу орчундуу долбоорлор жыйынтыкталды, алардын ишке ашырылышы энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздап, Баткен облусунун электр менен камсыздоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Баткен облусунун аймагындагы жерлерди алуу маселелери да чечилип, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Баткен облусунда кубаттуулугу 500 кВ электр линиясынын курулушу башталды.

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча иш-чаралар активдүү жүрүүдө, анын алкагында №4 гидроагрегаттын жабдуусун монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө мыйзам иштелип чыгып, Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» кичи ГЭСинин курулушун баштоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

Энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү ишин жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында 2021-жылдын 30-сентябрында 2021-2025-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилген.

“Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) 1 кВт⋅саат электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү.

Аталган чечим даректүү социалдык колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Аз камсыз болгон жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тарифтер төмөндөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында   аталган жарандарга электр энергиясы үчүн тарифтерди төмөндөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну тапшырган.

Бул Жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Жарлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине токтом кылынат:

— 16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына тариф 2022-жылдын 1-январынан тартып, айына 700 кВтс чейин керектегенде, 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү каралган чараларды көрсүн.

Меню