Menu

Эл аралык валюта фонду

COVID-19: Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 242 миллион доллар бөлдү

COVID-19 пандемиясы уланып жаткан маалда Эл аралык валюта фонду дүйнө өлкөлөрүнө бөлө турган каражаттын суммасы белгилүү болду.

Эл аралык валюта фондуна мүчө өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келе турган сумма SDR (Special Drawing Rights) резервдик бирдиги менен аныкталды.

Фонддун отчетуна ылайык, уюмга мүчө 190 өлкөгө бөлүнө турган жалпы сумма 650 миллиард долларды түзөт. Финансылык каражатты бөлүү чечими 23-августта күчүнө кирген.

Уюм бөлүнгөн каражат дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Фонд бул пандемия уланып жаткан шартта пайдалуу болуп, айрыкча кризистин кесепеттери менен күрөшүп жаткан өлкөлөргө жардам берет деп эсептейт.

Эл аралык валюта фонду Казакстанга 1 миллиард 600 миллион, Өзбекстанга 750 миллион, Кыргызстанга 242 миллион, Тажикстанга 236 миллион доллар бөлдү. Түркмөнстанга 325 миллион доллар туура келет.

Бул арада Түркмөнстан өкмөтү азыркыга чейин өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келет. Бирок “Азаттыктын” түркмөн кызматынын жер-жерлердеги кабарчылары медицина кызматкерлеринин сөзүнө таянуу менен вирус жуктурган жана андан өлгөн адамдар көп экенин кабарлап жатышат.

Меню