Menu

Эл аралык тоо күнү

Тышкы иштер министрлиги БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Эл аралык тоо күнүнө арналган тегерек стол өткөрдү

Кечээ, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Эл аралык тоо күнүнө арналган тегерек стол уюштурду.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве жана ФАОнун Тоо өнөктөштүн катчылыгынын жетекчиси Розалаура Ромео сөзүн сүйлөштү. Иш-чарага ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, атап айтканда, Франция Республикасынын, Япониянын элчилери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле Тоо өнөктөштүгүнө кирген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер” боюнча доклад жасады. Ал өз сөзүндө кыргыз дипломаттарынын аракети менен 14-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер» жарыялаган резолюция кабыл алганын айтты. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго таандык жана БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебатында билдирилген.
Атайын өкүл экономика жана соода, илим, билим жана маданият, курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктардын алдын алуу, ошондой эле бул аймактарда эл аралык кызматташуу жаатындагы тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын демилгелеринин комплексин жарыялады.
Мындан тышкары, беш жылдык иш-аракеттер планы боюнча өздөрүнүн идеяларын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын мониторинг жана реформалар бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Бексултан Ибраимов, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, Органикалык айыл чарба Федерациянын жетекчиси Искендербек Айдаралиев, ошондой эле Кыргызстандан Тоо өнөктөштүгүнө мүчө өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү айтып беришти.
Эркин талкуунун алкагында катышуучулар тоолуу аймактардын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди көтөрүштү, атап айтканда, тоолуу аймактардын тургундарынын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө мамлекеттик органдардын жардамынын зарылдыгына токтолушту.
Иш-чаранын алкагында Тоо өнөктөштүгүнүн мүчөлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.
Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргыз Республикасынын демилгеси менен жарыяланган тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын жыйынтыктоочу этабы болду.

Меню