Menu

Эмгек мигранты

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада мигранттардын жапырт текшерилип жатканын билдирди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарынын жапырт текшерилип жатышы жөнүндө билдирүү таратты.

Анда чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде кыргызстандыктарды текшерүү менен укук коргоо органдары Москванын “Кузьминки” меторсундагы жапырт мушташка тиешеси барларды издөөнү улантып жатканы айтылат.

Ошол эле маалда элчилик Орусия президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен 30-сентябрга чейин чет өлкөлүктөр же жарандыгы жок адамдар депортация болбой турганын да эскертет.

Элчилик кыргызстандык жарандарды, анын ичинде жапырт мушташка байланыштуу кармалгандарды коргоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилейт.

Москвада 12-июлда “Кузьминки” метросунун жанында кыргызстандык жана тажикстандык ондогон мигрант калайман мушташка катышкан. Бул окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, мушташка тиешеси бар деп шек саналган 65 кыргызстандык камакта.

Кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан кийин мигранттарды текшерүү дагы деле тыйылбай, депортация кылуу күчөгөнү айтылып жаткан.

Орусияга барган мигранттар "лоялдуулук келишимине" кол коюуга милдеттендирилет

Орусияга жаңы барган мигранттар “лоялдуулук жөнүндө келишимге” кол коюуга милдеттүү болот. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигине (ИИМ) таянып жазды.

“Лоялдуулук жөнүндө келишим” институтун киргизүү миграция жаатында жаңы мыйзам долбоорунун концепциясында каралган” – деп айтылат маалыматта.

Орусиядагы чет өлкөлүк мигранттар аталган келишимге кол коюу менен өзү тууралуу ачык маалымат берүүгө, орус өкмөтүнө зыян келтирбөөгө жана мыйзамдарды так сактоого милдеттүү болот. Келишимдин шарттары сакталбаган учурда мигрант Орусиянын аймагынан чыгарылат жана бардык чыгымды өзү көтөрөт.

Лоялдуулук – бул кайсы бир нерсеге же кимдир бирөөгө ишенүү менен мамиле кылуу, берилүү, жактоо, анын тарабын алуу. Орусиянын соңку миграциялык мыйзамдарында лоялдуу мамиле кылуу эрежелери каралган.

15-июнда Владимир Путин Орусияда жүргөн чет өлкөлүк мигранттарга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узарган.

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен. 15-июндан тарта буларга каршы тиешелүү жазалар ишке кирери айтылган.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны бир миллиондон ашат.

Бурятиянын Нижний Шатай айылында мыйзамсыз кармалып жаткан 6 кыргыз эмгек мигранты бошотулду

2021-жылдын 2-июнунда КРнын РФдагы Элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесине РФнын Бурятия Республикасынын Мухоршибирский районунун Нижний Шатай айылында жайгашкан жеке чарбанын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамсыз кармоо фактысы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын кыш мезгилинде Кыргыз Республикасынын алты жараны келишимдик негизде Бурятия Республикасына келишкен. Аларга жумуш таап берген ортомчу Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Эмгек акы төлөөнүн шарттары жана иштөө шарттары жөнүндө макулдашууга карабастан, жергиликтүү иш берүүчү мекендештерибиздин укугун бузуп, алардын паспортторун да тартып алган.

2021-жылдын 14-июнунда КРнын РФдагы Элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсеси Россиянын Ички иштер министрлигинин Бурятия Республикасы боюнча Башкы башкармалыгынын Миграция маселери боюнча башкармалыгынын көмөгү менен алынган паспортторду ээлерине кайтарып берген. Эртеси келген алты жарандын үчөө жумуш ордун таштап кетишти.

2021-жылдын 18-июнунда КРнын РФдагы Элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесинин жардамы менен Улан-Удэдеги кыргыз диаспорасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын калган жарандары жеке чарбанын аймагынан чыгарылды. Учурда алар Улан-Удэ шаарындагы мейманканага жайгаштырылып, диаспоралар тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бул факт боюнча, учурда Бурятия Республикасынын укук коргоо органдары тергөө алдындагы териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Меню