Menu

Эмил Бекиев

Шаардык сот 6 жылга эркинен ажыратылган активист Эмил Бекиевдин өкүмүн күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту алты жылга кесилген активист Эмил Бекиевдин апелляциялык арызын 7-сентябрда карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырганы белгилүү болду. Бул тууралуу сот чечимдери жарыяланган act.sot.kg сайтындагы документте айтылат.

Ушул жылдын 2-июнунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2022-жылы Орусиядан депортация болгон кыргызстандык активист Эмил Бекиевди күнөөлүү деп таап, алты жылга соттогон.

Райондук соттун чечимине ылайык, Бекиев Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүгү, 327-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча күнөөлүү деп табылган.

Актыда жазылгандай, соттук отурумда Бекиев өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнуна алган эмес. Ал интернетке жарыялаган видеолорунда коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасабаганын айткан.

Активист Эмил Бекиев былтыр 7-сентябрда Орусиядан депортацияланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилген. Атайын кызмат ага кастыкты козутууга байланыштуу айып тагылганын, ал Facebook баракчасына “кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөнүн” билдирген.

2021-жылдын ноябрында Москвада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери болгон ондогон кыргызстандык саясий талаптарын айткан акция өткөрүшкөн. Акциянын уюштуруучуларынын бири болгон Эмил Бекиев анда 15 күнгө камалган.

Орусиядан депортацияланып, УКМК абагына камалган жаран "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапкери, блогер Эмил Бекиев болуп чыкты

Орусия активист Эмил Бекиевди Кыргызстанга депортациялады. 7-сентябрда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилип, ага улут аралык кастыкты козутуу айыбы тагылды.

УКМКдан билдиришкендей, Бекиев Facebook баракчасына “кастыкты козуткан, чагымчыл мүнөздөгү” маалыматтарды байма-бай чыгарып келген. Тергөө иштери аяктаганга чейин ал УКМКнын тергөө абагына камалды.

6-сентябрда Москванын Преображенский соту “Орусиянын мыйзамдарын бир канча жолу бузганына жана антиорусиялык ишмердүүлүк жүргүзгөнүнө” байланыштуу Бекиевди Кыргызстанга депортациялоо чечимин чыгарган.

Социалдык түйүндөрдө ФСБнын Москва шаардык башкармалыгынын жетекчиси кол койгон коштомо каттын сүрөтү тарап жатат. Анда Бекиевдин ишмердүүлүгү “коомдук коопсуздукка коркунуч жаратып, улут аралык кастыкты козутууга түрткү болору” белгиленген.

Документте Челябинск шаарындагы Совет райондук сотунун чечими менен Эмил Бекиевдин орус жарандыгы жокко чыгарылганы жазылган. Соттун ал токтому 2022-жылы 25-мартта күчүнө кирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өз билдирүүсүндө Бекиев Кыргызстандын жараны экенин белгилеген.

Социалдык түйүн колдонуучулары Эмил Бекиевдин Кыргызстандын азыркы бийлигинин саясатын кескин сындап жаткан интервьюсун да жарыялап жатышат.

2021-жылы ноябрда Кыргызстандын ондогон жараны Москва шаарынын борборунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын желектери менен автожүрүш уюштуруп, саясий ураандарды кыйкырышкан. Анда акциянын уюштуруучуларынын бири Эмил Бекиев 15 суткага камакка алынган.

Меню