Menu

Эркинбек Осоев

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Осоев Эркинбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Садыр Жапаров: "Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам"

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде акыркы мезгилдеги кадрдык алмашуулар тууралу да суроолорго жооп берди.

— Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүңүз, бир эмес, төрт министр өз каалоосу менен кызматын тапшырып кетти. Айрымдар муну чөгүп бараткан кемеден качуу катары баалашууда. Бул кадрдык жүрүштөр эмнени түшүндүрөт?

 Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Кыскасы эч кимди аямай жок. Министр болуп келдиңби, мамлекет үчүн, эл үчүн иште! Уурдаба! Напсиңди тыя албайсыңбы, министр болбой эле кой!

Ал эми Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок. Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек да. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын.

Айрым саясатчылар бар. Акыл үйрөтсө тим эле укмуш. Сүйлөсө асмандан сүйлөшөт. Бирок ишке келгенде ноль болушат. Мисалы былтыр Өмүрбек Суваналиевди Баткенге жибердим. “Сиз генералсыз, тажрыйбаңыз бар. Тажиктер менен жакшы мамиле түзүп, чек арада атышуулар болбогудай аракеттерди жасаңыз” деп. Анан эле 29-апрелде тажик тарап биринчи агрессия кылганда тажиктерге барып сүйлөшкөндү биякка коелу, облустук администрациянын алдына чогулган элге чыкпай кабинетинде жашынып олтуруп албадыбы. Анан дароо алмаштырдым.

Кыскасы, иштей албай жаткан кадрлар мага дапдаана көрүнүп турат. Иштей албагандарын көпкө күтпөй алмаштырып атам. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Өкмөттүк иш ушундай болот. Түбөлүк эч ким министр болбойт. Кан алмашуу сыяктуу тез-тез алмашып турат дегендей.

Булак: Kabar.kg

Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Самаркандда КР аймагындагы тилкеде “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Кечээ, 14-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду (Кыргызстандын аймагындагы тилке).

Макулдашууга КР транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана видеоконференция форматында катышкан КЭР өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин  Төрагасы Хэ Лифэн кол койду.

Документте Кыргыз Республикасынын аймагындагы  тилкеде “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” каттамынын бириктирилген варианты боюнча “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.

Тараптар активдүү кызматташат жана Кыргызстанда жүргүзүлө турган  техникалык-экономикалык негиздеме боюнча Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна биргелешип колдоо көрсөтүшөт.

Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) – 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес.

Тараптар техникалык-экономикалык негиздеменин каржылоосун үч тараптуу келишим түзүү жолу менен ТЭНге кеткен чыгымдарды Тараптардын ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүүнү ниеттенишет.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Кыргыз Республикасынын транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болуп саналат.

Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат.

Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Евробиримдикке жеткирүүнү камсыздайт.

Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат.

Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана  калкка транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө,  транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этет.

Эркинбек Осоев КР транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Осоев Эркинбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды.

Меню