Menu

Этностук кыргыздар

«Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында «Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда артыкчылыкка ээ жана аларды жарандыкка кабыл алуу жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 5 миңден ашык этникалык кыргыздар жашайт, ар кандай себептер менен  алардын өздүгүн аныктоочу документтери жок.

Натыйжада көптөгөн этникалык кыргыздар чет өлкөлүк паспортторунун жоктугунан улам Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук статуска ээ эмес жана  Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Бул маселенин актуалдуулугу COVID-I9 коронавирус инфекциясы пандемиясынын башталышы жана өзгөчө абал режиминин киргизилиши мезгилинде күчөгөн. Ошого байланыштуу этникалык кыргыздар жана алардын үй-бүлөлөрү негизги социалдык жана медициналык кызматтардан (тез жардам кызматы келбей, ооруканага кабыл алынбаган учурлар ж. б.) пайдалана алышпайт.

Аталган категорияга төмөнкүлөр кирет:

— эгерде чет өлкөлүк паспортунун, СССРдин паспортунун, ошондой эле кайрылман күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү бүтсө же бүтүп жатса;

— туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо (жоголгон, жарактан чыккан, албаган болсо ж. б.);

— республиканын аймагында жашап 18 жаш куракка жетсе, бирок ар кандай себептерден улам паспорту жок же Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала элек болсо;

— Кыргыз Республикасында төрөлүп, ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин эрезеге жеткендер.

2021-жыл 9-июль
Меню