Menu

Эшонхан Окилов

Өзбекстанда Курандын 1874-жылы колго жазылган нускасы уурдалды, ал китеп1995-жылга чейин Кыргызстандын Өзгөн шаарында сакталган

Наманган облусунун Чартак районундагы зыярат кылуучу жайдан ыйык Курандын колго жазылган нускасы уурдалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 10-августка караган түнү саат 00:04төрдө болгон. Белгисиз кишилер “Султон Увайс Караний” зыярат кылуу жайында сакталып турган Курандын колго жазылган көчүрмөсүн уурдап кетишкен.

Бул факты боюнча “Уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын жүрүшүн облустук прокуратура көзөмөлдөп жатканы кабарланды.

Ыйык Курандын уурдалган көчүрмөсү 1874-жылы жибектен жасалган. Узундугу 74 сантиметрди, туурасы 51 сантиметрди жана калыңдыгы 12 сантиметрди түзгөн китеп 426 барактан турат. Анын ар бир бетинде 13 саптан аяттар жазылган.

Куран китеп 1995-жылга чейин Кыргызстандын Өзгөн шаарында жашаган имам Эшонхан Окиловдун үйүндө сакталып келген. 1995-жылы намангандык Камолхан Мухиддинов аны Өзбекстанга алып барып, “Султон Увайс Караний” жайы оңдолгондон кийин 2019-жылдан бери ошол жерде сакталып турган.

Меню