Menu

ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ Кыргызстандын 100 мектебин компьютерлер менен жабдыйт

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарындагы К.Бобулов атындагы №88 мектепке ЮНИСЕФ Япония Өкмөтү тарабынан каржыланган долбоордун алкагында 11 комплект компьютер жана COVID-19 кесепеттеринин алдын алуу үчүн санитардык каражаттарды тапшырды. Бул тууралу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

№88 К. Бобулов атындагы орто мектептеги салтанаттуу линейкага жана IT-каанасынын  ачылышына Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Жапониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда жана ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Томоя Сонода катышты.

Компьютердик класстын ачылышында У.Мамбетакунов 88-мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн атактуу программисттер жана мыкты адистер чыгат деп үмүттөнөрүн белгиледи.

ЮНИСЕФ 100 мектепти жалпы суммасы 600 миң АКШ долларын түзгөн компьютерлер менен жабдыйт. Ал эми 460 мектепти жалпы суммасы 800 миң АКШ доллары болгон термометрлер, кол кургаткычтар, дезинфекциялоочу каражаттар жана оорулардын алдын алуу жана COVID-19 менен күрөшүү үчүн самын сыяктуу гигиеналык каражаттар менен камсыз кылат. Мындан тышкары, бардык мектептер жеке гигиена жана коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык материалдар менен камсыздалат. ЮНИСЕФтин жаңы долбоору COVID-19 шартында сапаттуу билим берүүнү көздөйт.

“Жапония өкмөтү менен ЮНИСЕФ коопсуз чөйрөдө сапаттуу билим алуу ар бир баланын укугу деген баалуулукту карманат”, – деп белгиледи Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана  Ыйгарым укуктуу Элчиси Шигеки Маэда.

Долбоорду ишке ашырууга долбоордун өкмөтү 2,7 млн АКШ долларын бөлгөн.

Долбоор 2024-жылдын августуна чейин уланат жана ал Туруктуу өнүгүүнүн 4-максатына: инклюзивдүү жана адилеттүү билим берүүнү камсыздоого жана бардык адамдардын өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшөт.

ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Томоя Сонода “COVID-19 шартында окуу кризисинин алдын алып, балдарды билим жолуна кайтарыш үчүн биз мектептердин коопсуздугун жана ачыктыгын камсыз кылышыбыз керек”, -деп билдирди.

Меню