Menu

Юрий Низовский

УКМК Акыйкатчынын өкүлдөрүн популисттик пиардан алыс болууга жана тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырат

Тергөө коргоо укугун камсыз кылуу менен ар тараптуу, толук жана объективдүү принципти сактоо менен жүргүзүлөт.

Ага ылайык, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн.

Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган.

Бирок, ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Ю.Низовскийдин жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алынып, баш коргоо чарасын «үй камагына» өзгөртүү чечими кабыл алынган.

Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз.

Ошону менен бирге, УКМК мыйзамдардын талаптарына ылайык, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына жана тергөө камак жайына кармалгандарга, камакка алынгандарга Акыйкатчы Аппаратынын өкүлдөрү тоскоолсуз кирип чыгуусун камсыздап жатканын белгилеп кетебиз.

Коррупцияга шек саналган Юрий Низовский үй камагына чыкты

Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын анын адвокаты Икрамидин Айткулов журналисттерге билдирди.

“Шектүүнү үй камагына коё берүү тууралуу менин өтүнүчүмдү тергөө да колдоду. Анткени анын мамлекеттик сыйлыктары бар. Андан тышкары ал ооруп жатат. Низовскийдин дарты шектүүнү камакта кармоого болбой турган оорулардын катарына кирет”, – деди адвокат.

Икрамидин Айткуловдун сөзүнө караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Юрий Низовскийге башта “Коррупция” беренеси менен иш козгогон. Ал азыр “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөртүлдү.

Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүү 16-сентябрга чейин үй камагына алынганын кабарлады.

9-августта УКМК Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Мекеме ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын жарыялаган.

Атайын кызмат шектүү мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды жакындарына жана ишенимдүү адамдарга каттатып жүргөнүн, “Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталганын” кошумчалаган.

Июлда президент Садыр Жапаров көп жыл иштеген мектеп директорлорун иштен алуу, аларды атайын сынак аркылуу дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген мектеп директорлору иштен бошотулуп, кайра сынак аркылуу тандалууда.

Юрий Низовский 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келаткан. Ал бул сынакка катышпай турганын айткан. Аны колдогон ата-энелер акция өткөрүшкөн.

Бишкектеги N61-физика-математикалык орто мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды. Анын 150 млн сомдук дүнүйө мүлкү да камакка алынды

Кечээ, 9-августта УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы N61-физика-математикалык орто мектептин директору  Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды.

УКМК билдиргендей Юрий Низовский көп жылдардан бери аталган мектептин директору болуп иштеп жүрүп, окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча жыйноо боюнча туруктуу коррупциялык схем аларды түзүп алган.

Юрий Низовский мектептин 1-классына кабыл алуу үчүн бир нече окуучунун ата-энелеринен мыйзамсыз акча алганы аныкталды. Ошондой эле аталган мектептин алдында түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү мекемесине балдарды кабыл алууда акча алган фактылары ыкчам-тергөө иш чараларында тастыкталды.

Юрий Низовский өзүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн мамлекеттен жашыруу үчүн туугандарына жана ишенимдүү кишилерине каттатып жүргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө Юрий Низовскийдин жакындарына катталган анын 35 кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү  – коттедждери, квартиралары, жер тамдары, дүкөндөрү жана жер участоктору такталды. Бул байлыктарынын баасы 150 миллион сомго жетти.

Ошондой эле Юрий Низовскийдин иш кабинетинде, квартирасында, факт түрүндө жашап жаткан үйүндө жана дачасында тинтүү жүргүзүлүп, жогоруда аталган мүлктөрүнүн документтери жана чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар табылды.

Юрий Низовский Бишкек шаарындагы N61-физика-математикалык орто мектепте 1991-жылдан бери, 30 жылдан ашык директор болуп иштеп келген.

Кечээ, 9-августта ал УКМКнын тергөө абагына камалды.

Юрий Низовскийдин айрым мүлктөрүнүн жана тинтүүдөн табылган акча менен куралдарынын сүрөттөрү:

 

Меню