Menu

Япония

КРдин Япониядагы Элчилиги Токио шаарындагы Акабане мектебинин окуучуларына Кыргызстан жөнүндө ачык сабак өткөрдү

Бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Токио шаарындагы Акабане мектебинин окуучуларына Кыргызстан жөнүндө ачык сабак өткөрдү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Мектептин окуучулары үчүн презентация, тематикалык викторина улуттук музыкалык аспаптар көрсөтүлүп, Кыргызстандын жаратылышы боюнча фотостенд уюштурулду.

Ушуну менен бирге, Акабане мектебинин окуучулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын дисциплиналарынын бири болуп саналган «Ордо» кыргыз улуттук оюнунун ыгын жана жоолук таштамай оюнун шамдагайлыгын сынап көрүштү.

Ачык сабак япон окуучуларына Кыргызстандын тарыхын жана салттарын тааныштыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

Токиодоги олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт

23-июлда Жапониянын баш калаасы Токио шаарында баштала турган олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Олимпиада иштери боюнча министри Тамаё Марукава билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун “дельта” деп аталган жаңы штаммынын жайылуусуна байланыштуу кабыл алынды.

“Көрүүчүлөр баш калаанын сыртында өтө турган айрым мелдештерге киргизилиши мүмкүн. Ал боюнча чечимди аймактардын бийликтери кабыл алышат”, — деди министр.

Буга чейин жапон өкмөтү оюндардын ачылуу аземин көрүүчүлөрсүз өткөрүү жана мелдештерге он миңден ашпаган жергиликтүү гана көрүүчүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алган.

Былтыр коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган XXXII Жайкы Олимп оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню