Menu

Үй-бүлөлүк зомбулук

Сокулуктун Селекционный айылында күйөөсү аялын балдарынын көзүнчө сабап, кулагын, мурдун кесип, бычактап салган

20-сентябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районунун Селекционный айылынын тургуну ажырашып кеткен аялына келип, зомбулук көрсөтүп, балдарынын көзүнчө сабап, бир нече жерин бычактап, акырында аялынын кулагы менен мурдун кесип салган. Бул тууралу КР Жогорку Кеңешиндеги жыйында бир нече депутат айтып чыкты.

Бул эргул буга чейин да бир нече жолу ажырашкан аялына келип, зордуктап зомбулук көрсөтүп кетип турган.

Аялынын жазган арызына милиция менен сот органдары кош көңүл мамиле кылышкан. Милиция экөөсүн жараштырып, кармалган күйөөсүн коюп жиберсе, сот пробацияга чыгарып жиберип турган экен.

Азыр аял оор абалда ооруканада жатса, мурунку күйөөсү камакта жатат.

 

Бишкекте аялы менен алты айлык баласын сабаган адам тергөө абагына камалды

Бишкектин Свердлов райондук соту аялы менен алты айлык баласын катуу сабаган деп шектелип жаткан 35 жаштагы шаар тургунун 26-апрелге чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы күйөөсүнө карата чара көрүү өтүнүчү менен Бишкектин жашоочусу арыз менен кайрылганын кабарлаган. Анын айтымында, күйөөсү мас болуп келип, алты айлык баласы экөөнү катуу сабаган.

Милициядан үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул төлөтүү же үч жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

“Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда”, – деп кабарлады Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Ички иштер министрлиги 2021-жылдан тартып үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жаза күчөтүлгөнүн билдирип келет. Башкы прокуратура 2022-жылы аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу 6 580 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканын билдирген.

Аялын аёосуз сабап салып, Россияга качып бараткан Сокулуктун тургуну кармалды

16-август күнү Улуттук госпиталга оор жаракаттары менен 28 жаштагы Сокулуктук Б.Ф. аттуу келин жаткырылган. Ал милицияга жазган арызында аны күйөөсү сабаганын айткан. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, кылмыш жасалган аймак – Сокулук райондук милициясына тергөө үчүн өткөрүлүп берилген.

Райондук милициянын ыкчам-тергөө иш аракеттеринин натыйжасында жабырлануучунун 1989-жылы туулган А.Н. аттуу күйөөсү Россияга качып бараткан жеринен кармалып, абакка киргизилди.

Ал эми жабырлануучуга соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Жабыр тарткан келиндин сүрөттөрү:

 

Ошто кыздарга карата зомбулукту токтотуу талабы коюлган акция өттү

Ошто бүгүн 8-июлда кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы тынч митинг өттү.

Жарандык активисттер тобу Ош шаардык милициясынын алдында чогулуп, “13 жашар кыз… Дагы ким?”, “Кыргызда кыз ыйык!”, “Кайдыгер болбо!”, “Укук кордоочубу?” деген жазууларды кармап турушту.

Чогулгандарга Ош шаардык милиция башчысынын орун басары Бакыт Исраилов чыкты. Ал зомбулукка каршы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, активисттерди бул багытта чогуу аракеттенүүгө чакырды.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда. ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстанда 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган.

ИИМ: 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган, аялдар ур-токмокко, кордоолорго көп чыдашат, айрымдары өлүм менен аяктайт

Бүгүн бир катар маалымат агенттиктер  аялдарга жана кыздарга карата ырайымсыз зомбулук фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу  аялдардын укугун коргогон 27 уюмдун өкүлдөрү өлкө башчысына кайрылышканы тууралуу билдирүүнү таратышкан. Аялдардын укук коргоо уюмдары жогорку саясий деңгээлде зордук-зомбулукка, адам өлтүрүүгө жана кордоолорго каршы күрөштүн артыкчылыктуулугун жарыялоого, жазанын сөзсүз түрдө болушун жана алардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана кадыр-баркына кол салууга жол бербөө боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун камсыздоого чакырууда.
Жогорку Кенештин айрым депутаттары Ички иштер министрлигинин жетекчилиги мындай иштерден жыйынтык чыгарбай, кадимкидей эле ишин улантып жатканын жазып чыгышты. Ушуга байланыштуу,  Ички иштер министрлиги Кыргызстанда аялдар менен эркектердин бирдей укуктарын, укуктарды жана кызыкчылыктарды, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону кепилдеген мыйзам базасы бар экенин маалымдайт. Көрүлгөн чараларга карабастан, аялдарга карата зордук-зомбулук фактылары дагы эле бар жана
акыркы убакта мындай фактылар көп катталууда, анын ичинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ала качуу, адам өлтүрүү. Ошондой эле, белгилеп кетүүчү жагдай, депутаттар дагы коом алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек.
Сиздер дагы  мыйзам чыгарасыздар. Ал боюнча дагы жакшылап ойлонуп көрүңүздөр.
Никеге туруу максатында катталган зордуктоо жана ала качуу  фактылары боюнча маалыматтарды сунуштайбыз.
2021-жылдын 12 айында республиканын ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү зордуктоо фактылары боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси, 2017-жылдагы редакциясы) 604 сотко чейинки өндүрүштү каттаган, анын ичинен 325 иш, башкача айтканда 53 пайызы кылмыштын курамынын же окуяларынын жоктугуна байланыштуу кыскартылган. Алардын ичинен өндүрүштө турган 249 кылмыш ишинен 223 кылмыштын бети ачылып, 89,5%ды түзөт. Анын ичинен кылмыш ишинин 148 материалы сотко жөнөтүлүп, 75  реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартылган.
Никеге туруу максатында адамды ала качуу фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (2017-жылдагы эски редакция) менен 254 кылмыш кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын ичинен 214 кылмыш иши окуя же кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу, башкача айтканда, катталган фактылардын жалпы санынан 84% кыскартылган.
23 факты боюнча жабырлануучу тараптан арыз жок болгондугу боюнча кыскартылса, 14 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 3 сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү максатында 2021-жылдын октябрь айында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын курамында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча жаңы бөлүм түзүлгөнүн маалымдайбыз. Бөлүмдүн негизги милдеттери үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жарандардын коргоо деңгээлин жогорулатууга, укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган чараларды көрүү болуп саналат.
Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын 12 айындагы ички талдоосуна ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Бул аралыкта республиканын ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга карата 9038 убактылуу коргоо ордери, анын ичинен 8463 аялдарга, 264  жашы жете электерге берилген.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-декабрынан баштап жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары күчүнө кирген. Жаңы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин киргизилиши менен 70-беренеге “Үй-бүлөлүк зомбулук” ылайык укук бузуучуларга карата мажбурлоо жана таасир этүү чаралары күчөтүлгөн, анын ичинде 40 саатка коомдук жумуштарга тартуу жана 3 күндөн 7 күнгө чейин камакка алуу.
2022-жылдын 5 айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 3988 фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32%га аз. Бул мезгилде ички иштер органдары тарабынан жабырлануучуларга 3693 убактылуу коргоо ордери берилген (көбүнчө Бишкек шаары жана Чүй облусу).
Ведомстволор аралык аналитикалык отчетко ылайык, бул мезгилде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) боюнча 1392 протокол түзүлүп, алар боюнча сот тарабынан төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган: коомдук жумуштарга тартуу – 714, камакка алуу – 443, дагы 98 укук бузуулар боюнча протоколдор соттун кароосунда.
Бул мезгилде кылмыш ишин козгоо менен үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 187 факты катталып, анын ичинен 99  сотко жөнөтүлгөн.
Тилекке каршы, аялдар ур-токмокко, кордоолорго көп чыдашат, айрымдары өлүм менен аяктайт. Бул бүтүндөй коом үчүн ойлондуруучу маселе. Аялдарга карата зордук-зомбулуктун мындай фактылары байкалбай калбайт, ички иштер органдары тарабынан бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Үй-бүлөдөгү тынчтык жана ынтымак – бул жашоодогу эң маанилүү баалуулуктардын бири экенин унутпашыбыз керек. Бирок, тилекке каршы жакындарына агрессия көрсөтүп, үй-бүлөлүк зомбулукту көнүмүш, калыптанып калган көрүнүш катары кабылдап, аны адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу деп эсептебегендер бар.
Үй-бүлөгө көңүл буруунун, аялдардын жана балдардын укуктарын сактоонун маанилүүлүгүн ойлобогон ар бир адамга кайрылууга аракет кылгыбыз келет. Коомубузда аялдарды урматтоо биздин колубузда. Мына ушундай жол менен биз маданияттуу мамлекет катары өнүгө алабыз. Биз аялдарыбызды зордуктап жана өлтүрүп, балдарга азап алып келген маңкурт болбошубуз керек. ИИМ зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча бардык иш-чараларды көрөт.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганда эмне кылуу керек? ИИМдин кеңеши

Үй-бүлөлүк зомбулук деген эмне? Бул бир үй-бүлө мүчөсүнүн экинчисине карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысымдарды атайылап колдонушу, анын кесепетинен денеге жаракат келтирилет, эмоционалдык жактан жабыркайт, ар кандай кемсинтүүлөргө дуушар болот.

Үй-бүлөлүк зомбулук – жабырлануучунун макулдугуна, эркине жана кызыкчылыктарына карама-каршы келип, белгилүү бир максатта жүзөгө ашырылган үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин максаттуу эмоционалдык же күчтөп мажбурлоосу/аракети. Үй-бүлөлүк зомбулук зомбулуктун башка түрлөрүнөн негизги айырмачылыгы жакын же үй-бүлөлүк мамиледе болгон адамдардын ортосунда гана болот.
Эгерде критикалык кырдаал укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаса же аны чечүүгө мүмкүн болсо дагы, бир катар алдын алуу чараларын көрүңүз:
-коркунуч жаралган учурларда бара турган коопсуз жайыңыз бар болушу керек (туугандарыңыз, досторуңуз);
-үй-бүлөңүздө болуп жаткан кырдаал жөнүндө жакындарыңыз кабардар болушу керек;
-милиция менен коркутпаңыз (бул үйдөгү зөөкүр адамыңыздын күтүүсүз реакциясын жаратышы мүмкүн), өз убагында анын өкүлдөрү менен байланышыңыз. Мыйзам сиз тарапта экендигин эсиңизден чыгарбаңыз!
Окуя болгондон кийин эмне кылуу керек, ким менен байланышуу керек, кайда баруу керек?
Окуядан кийин дароо тез жардам бөлүмүнө кайрылып, алган жаракаттарды жаздыртып, милицияга кабарлоо керек. Кризистик борборлорго баруудан тартынбаңыз: ал жерде сиздин азыр кандай эмоционалдык абалда экениңизди билген, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтө турган адамдар иштешет, керек болсо убактылуу жашоого шарт түзүп беришет.
Эгерде сиздин өмүрүңүзгө жана ден соолугуңузга кандайдыр-бир коркунуч туулса, жардам суроого аракет кылыңыз жана болгон окуя боюнча милицияга кабарлаңыз: 102 номерине чалыңыз же ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүңүзгө кабарлаңыз.
Ошондой эле, 112 (http://ru.mes.kg/2018/02/20/sistema-112-2/) жана 111 “Балдар үчүн телефон 111” телефондору аркылуу чалсаңыз болот.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН! Үй-бүлөдөгү зомбулук кырдаалында бир гана күнөөкөр бар, ал зомбулук жасаган адам. Ал муну жабырлануучунун жүрүм-турумуна карабастан жасамак. Анын курмандыгын күнөөлөө жол берилгис нерсе.
Үй-бүлөлүк зомбулук – бул оор кесепеттерге алып келген кайгылуу тажрыйба. Зомбулук канчалык узакка созулуп жана күч колдонулган сайын, ошончолук терең жаракат алат. Эң оор учурда, психологиялык травма өнөкөткө айланып, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Меню