Menu

Үркүн

Улуу Үркүн окуясын эскерген жүрүш башталды

Бүгүн, 5-августта “Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн Бишкектен баштады.

Жүрүшкө катышууга аттанган 30дай жаран 1916-жылдагы трагедияларга байланышкан эс тутум жайларына таазим кылууга кылууга жөнөп кетишти. Жүрүш 5-14-август күндөрү уланмакчы.

Иш-чараны уюштуруучулардын бири Гүлзат Алагөз кызынын журналисттерге берген маалыматы боюнча, жүрүштүн максаты – “эс тутум саясаты” деген терминди мамлекет Үркүн темасында кандай колдонуп жатканын, Үркүндүн 90 жылдыгы, 100 жылдыгы, “Өмүр көчү” жөө жүрүштөрүнө мамлекет кандай баа берип жатканын, 1916-жылкы улуттук жоготуу кандай деңгээлде эс тутумда жашап жатканына жооп табуу. Жүрүштүн алкагындагы иш-чаралардын катарында Орусия империясынан совет дооруна чейинки колониалдык саясатты, андан кийинки эс тутум саясатын жана жайларын изилдөө да бар.

Бишкектин түштүк дарбазасындагы эскерүү ташынан башталган жүрүш Токмок, Боом, Көк-Мойнок, Балыкчы аркылуу Ысык-Көлдүн күңгөйүнө жетип, андан көлдүн тескей бетине жол тартат.

Катышуучулар 13-14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Тосор айылынан беш чакырым аралыктагы Кыргын-Сай деген жерге барып, ошол жердеги 1916-жылдагы кыргындын курмандыктарын эскеришет.

Демилгечилер тарыхчылардын изилдөөлөрүнө таянып тараткан маалыматтарга ылайык, 1916-жылы кеч күздө дал ушул Кыргын-Сай деген жерде орус падышачылыгынын жазалоочу аскерлери алардан жашынып кетип бараткан бүтүндөй бир айыл элди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Айрым маалыматтарда 150, айрымдарында 300-500 адам жок кылынганы айтылат.

Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

 

Меню