Menu

Өзбекстан

Кытай Кемпир-Абаддан Фергана шаарына таза суу жеткирет

Кытайдын SINOMASH холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Фергана шаарына таза  сууну жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу Фергана облустук акимчилиги билдирди.

Маалым болгондой, SINOMASH компаниясы менен алдын ала макулдашуу түзүлгөн. Мындан тышкары компания облустагы социалдык мекемелердин курулушун жана капиталдык реконструкциялоо иштерин да жүргүзөт.

2022-жылы Өзбекстан менен Кыргызстан эки өлкөнүн чек арасындагы Кемпирабад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өткөн. Кыргыз өкмөтү Өзбекстан анын ордуна 19 миң гектар жерди бергенин билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активист былтыр октябрда камалган.

Өзбекстанда сакал койгондорго жана хижаб кийгендерге каршы рейддер күчөдү

Өзбекстанда кайрадан сакал коюп жана хижаб кийип жүргөндөргө каршы рейддер күчөдү. Бул тууралуу “Озодлик” радиосу кабарлады.

Редакцияга окурмандар жөнөткөн видеодо Анжиян шаарындагы Банк колледжинин хижаб кийген студенттери окуу жайга киргизилбей, алардан жоолукту артка байлап салынуу талап кылынып жатканын көрүүгө болот.

“Биз сиздердин редакцияга Анжиян шаарындагы Банк колледжинин студент кыздарынын атынан кайрылып жатабыз. Хижаб кийген кыздардан жоолукту артка байлап салынуунун талап кылып жатышат. Бул талап канчалык мыйзамдуу?”, – деген “Озодлик” радиосуна видео жөнөткөн студент.

Акыркы кездери студент кыздардын хижаб кийүүсүнө тыюу салуу учурлары Өзбекстандын башка аймактарында да байкалууда.

Бухара шаарындагы Инженерия жана технология институтунун 3-курсунун студенти Фатима Абдуллох окуу жайдын жетекчилиги аны хижабын чечүүгө мажбурлаганына даттанып, президенттин кызы Саида Мирзиёева кайрылды.

“Институттун жетекчилери мени хижабды чечүүгө мажбурлашты. Урматтуу Саида Шавкатовна! Студенттердин окуу жайларга хижаб менен кирүүсүнө тыюу жок, сизден хижабчан кыздарды коргооңузду өтүнөм. Институттун жетекчилиги кыздардын хижабын чечтирүүдөн көрө сабак өтө албаган окутуучуларды текшерсин”, – деп жазган Абдуллох президенттин кызына жолдогон кайрылуусунда.

Буга чейин Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчилиги 3-курстун студентинен хижабды чечүүнү талап кылып, болбосо окуу жайдын жатаканасынан орун берилбей турганын айтканы кабарланган.

Ал арада Алихонтура Шокиржон угли аттуу Facebook колдонуучусу Ташкенттин Сергели районундагы базарда сакал коюп жүргөндөргө каршы рейд болгонун жазды. Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө сакалчан 10 киши кармалып, 15 суткага административдик камакка алынган.

Facebook’тун башка колдонуучулары 13-сентябрда Ташкенттин Мирзо-Улугбек жана Алмазар райондорунда да ушундай эле рейддер болуп, анын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери төрт кишинин сакалын күчтөп алганын жазышты. Маалыматка караганда, алардын бири каршылык көрсөтүп, 15 суткага административдик камакка алынган.

11-12-сентябрь күндөрү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган топ Ташкенттеги бир нече ири тамактануучу жайларды текшерген. Анын жыйынтыгында Al-Fajr, Lagmon House, Tarnov boshi, Bursa, Nihol жана Joja сыяктуу ондон ашык кафелер менен ашканаларды жабуу чечими кабыл алынган. Себеп катары бул тамактануучу жайларда санитардык эрежелер сакталбаганы көрсөтүлгөн.

Бирок аталган жайлардын ээлери бийлик өкүлдөрүнүн бул аракетин өлкөдө башталган диний куугунтук менен байланыштырууда. Алардын айтымында, жабылган жайлардын баарында намазканалар болуп, кызматкерлери сакал коюп, хижаб кийип жүрүшкөн.

“Бул рейдден кийин кызматкерлерди милиция бөлүмдөрүнө жеткирип, эркектерди сакалын алууга, кыз-келиндерди хижабын чечүүгө мажбурлашты. Бул талапка баш ийбеген бир нече кызматкерге айып пул салынып, үч суткага камакка алынды. Намазканаларды жаап, “халал” деген жазууларды алып, аталыштарын өзгөртсөк кайра ачылышыбыз мүмкүн экенин айтышты”, – деди жабылган кафелердин биринин ээси.

Мындан тышкары “Озодлик” радиосу өз булактарына таянып, укук коргоо органдары Ташкенттеги ислам адабиятын жана кийимдерин саткан бир нече дүкөндү көзөмөлгө алганын кабарлады. Алардын ээлерине дүкөндөрдүн ислам аталыштарын өзгөртүп, араб тилиндеги жазууларды алуу сунушталган.

Өзбекстан Конституциясынын жаңы редакциясынын “Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” 14-беренесине ылайык, диний уюмдарда иштебеген өзбекстанстандыктарга коомдук жайларда “диний” кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салынат.

Өткөн жумада Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров ислам дининде кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу катаал эреже жоктугун айтып, мусулманчылыкта бардык нерсенин ченеми болушу керектигин, чүмкөнүп жүрүүнүн, кара кийинүүнүн, сөзсүз узун сакал коюп, шалбыраган шым кийүүнүн кажети жоктугун белгилеген.

13-сентябрда “Озодлик” радиосу Өзбекстандын мечиттеринде азандын үнү азайтылганын кабарлаган.

Өз булактардын маалыматына караганда, өкмөттүн 10-сентябрдагы жыйынында өлкөнүн премьер-министр Абдулла Арипов мамлекеттик кызматкерлерге мечитке баруунун “кесепеттери болорун” эскерткен.

Өзбек өкмөтүнүн басма сөз кызматы мындай жыйын болгонун ырастап, бирок премьер-министр аткаминерлерден “же жумушту, же динди тандоону” талап кылганын четке какты.

Өзбекстандын муфтийи паранжа кийгендерди сындады

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий  Нуриддин Халикназаров аялдардын паранжа кийиши боюнча пикирин билдирди.

Ал ислам аялдардан жүзүн толук жабууну жана кара кийим кийүүнү талап кылбай турганын айтты. Видео насыятты диний башкармалыктын басма сөз кызматы жарыялады.

“Биз диний кийимдерди кийүүдө аша чаап кеттик. Биздин мазхаб аялдарга чүмбөттөнүп жүрүүгө буйрук бербейт. Динибизде сулуу көрүнүп, ашыкча нерселерден алыс болуу сунушталат”, – деди муфтий.

Нуриддин Халикназаров кийим кийүү нормаларына токтолуп, ар бир элдин өзүнүн каада-салты, кийимдери бар экенин айтты.

“Мусулмандар белгилүү бир формада кийим кийүүсү керек деген талап жок. Ислам бүткүл адамзатка жөнөтүлгөн – арабдардын өз кийими бар, түрктөрдүн өз кийими бар, Индонезия менен Малайзиядагы мусулмандардын өз кийими, өзбектердин өз кийими бар. Чекти билиш керек: бүткүл дүйнөгө шерменде кылган уятсыз кийимдерди кийүүнүн да, араб тибиндеги өтө кара кийимдерди кийүүнүн да кереги жок. Дененин айрым жерлерин жабуу зарыл эмес”, – деп белгиледи ал.

Муфтий сакал коюу маселесине да токтолду. Ал жаш жигиттерге сакалды тегиздөө керектигин эскертип, динаятчыларды исламдагы маселелерди акыл-эс менен туура чечмелөөгө чакырды.

Өзбекстандын калкынын саны 36 миллион 370 миңден ашты

1-июлга карата Өзбекстанда туруктуу жашаган адамдардын саны 36 миллион 372 миң 300 кишиге жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,2% көп.

Өзбекстандын Статистика агенттиги жарыялаган маалыматка ылайык, өлкө калкынын 18 миллион 66 миңин аялдар жана 18 миллион 306 миң 300үн эркектер түзөт. Булардын ичинен 18 миллион 557 миң 500 киши шаарларда, 17 миллион 815 миң 800ү айылдарда жашайт.

Өзбекстан Борбор Азиядагы калкы эң көп өлкө. Калкынын саны боюнча ал дүйнөдө 41-орунда турат.

Өзбекстанда 140 миң долларга 14 гектар жерди мыйзамсыз сатып алууга аракет кылган Орусиянын жараны кармалды

Фергана облусунун аймагынан багбанчылык үчүн 140 миң долларга 14 гектар жерди мыйзамсыз сатып алууга аракет кылган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка караганда, орус жараны Фергана облусунун 26 жаштагы тургуну жазган арыздын негизинде кармалды.

Орусиянын Кыргызстанда 1985-жылы төрөлгөн жараны тиешелүү документтерсиз эле Кучкорчи айылынан жер сатып алууга аракет кылган. Ал жер жергиликтүү фермердик чарбага узак мөөнөткө ижарага берилгени кабарланды.

Шектүү аванс катары 15 миң АКШ долларын берип жатканда кармалган.

Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Өзбекстандын бийлиги кышкысын калкка былтыркыдан көбүрөөк электр энергиясын берүүнү убадалады

Өзбекстанда быйылкы күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөргө 34 миллиард 918 миллион киловатт-саат электр энергиясы берилет. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард 540 миллион киловатт-саатка көп.

Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, электр энергиясынын 10 миллиард 938 миллион киловатт-сааты калкка, калганы экономиканын тармактарына берилет.

10-октябрда вице-премьер жана энергетика министри Журабек Мирзамахмудовдун катышуусунда өткөн жыйында быйылкы күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөргө 30,6 миллиард куб метр жаратылыш газы берилери айтылган. Анын 10,4 миллиард куб метрин калк, калганын экономиканын тармактары пайдаланат.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө 15-сентябрдан тарта калкка 144 миң тонна көмүр берилгени, жыл соңуна чейин дагы 882 миң тонна даярдалышы керектиги айтылган.

Өзбекстанда жыл сайын күз-кыш мезгилинде электр жарыгын жана жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурап, буга байланыштуу нааразычылык акциялар өтүп турат.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы: Россиянын куралдуу күчтөрүнө кошулуп, Украинага каршы согушкандар 10 жылга чейин соттолот

Орусияда жарым-жартылай аскердик мобилизация башталгандан кийин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өзбек мигранттарына чет өлкөлүк армиянын катарында согушка катышуу үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы бар экенин эскертти.

Мекеменин билдирүүсүндө Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 154-беренесинин биринчи бөлүмүндө согуштук аракеттерге катышуу үчүн жалдангандарга беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганы белгиленген.

Аталган беренеде башка мамлекеттердин армиясында, коопсуздук кызматтарында, полициясында, аскердик юстициясында же башка органдарында кызмат өтөгөн Өзбекстандын жараны 300 базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөп же үч жыл коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендириле турганы жазылган. Эгер жаран аталган чет өлкөлүк түзүмдөргө жалданма болсо беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

“Мындан улам чет өлкөлөрдө жашаган өзбек жарандарын куралдуу күчтөрдүн катарына кошулбоого, аскердик аракеттерге катышпоого чакырабыз. Мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган”, – деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

21-сентябрь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыяланганын билдирген. Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты. Министр армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырыларын, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн кошумчалады.

20-сентябрда Мамлекеттик дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, өз ыктыяры менен туткунга түшкөндөргө, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган. Анда бул мобилизацияга даярдык катары сыпатталган.

Орусия Украинага кол салгандан бери көптөгөн аскердик эксперттер Владимир Путин армиянын алдына койгон максаттарга кошумча мобилизациясыз жетүү мүмкүн эмес экенин айтып келишкен. Кремль буга чейин бир нече жолу жалпы мобилизация жарыяланбай турганын билдирген.

Өзбекстан 8 жылда уран казууну эки эсе көбөйтүүнү пландоодо

Өзбекстан 2030-жылга карата жылына 7100 тонна уран өндүрүүнү пландап жатат.

Ушул тапта Өзбекстан жылына 3,5 миң тонна уран казып алууда.

Уран казууну көбөйтүү үчүн наркы 460 миллион долларлык 20 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу чечими кабыл алынды.

Дүйнөлүк өзөктүк ассоциациянын (WNA) маалыматына караганда, Өзбекстан уран казуу боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат.

Өзбекстандын өзүндө уран кайра иштетилбейт, толугу менен экспорттолот. Өзбекстанда урандын 132 тонна запасы бар, бул дүйнөлүк камдыктын 2% түзөт. Урандын запасы боюнча Өзбекстан 11-орунда турат.

Уран казуу боюнча 2021-жылы Казакстан биринчи, Австралия экинчи, Намибия үчүнчү, Канада төртүнчү орунду алган.

Өзбекстанда чет өлкөдөгү замандаштарды колдоо үчүн "Ватандошлар" фонду түзүлдү

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 11-августта “Ватандошлар” коомдук фондун түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Расмий маалыматка караганда, кордун максаты – “чет өлкөдө турган мекендештерди тарыхый мекенинин айланасында бириктирүү, алардын жүрөгүндө өлкөгө болгон сыймык сезимди бекемдөө, улуттук өзгөчөлүктү сактоо, замандаштарды жана алар түзгөн коомдук бирикмелерди колдоо”.

Фонддун негизги иш багыттары аныкталган: коомдук кор чет өлкөдө жашаган замандаштар жана алар түзгөн бирикмелер менен өнөктөштүктө иш алып барат; алардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого көмөктөшөт; чет өлкөдө оор жагдайда калган жарандарга материалдык жана социалдык колдоо көрсөтөт; өзбек тилин, маданиятын жана салт-санаасын өнүктүрүүгө багытталган иштерди колдойт; чет өлкөлөрдө өзбек улуттук борборлорун түзүүгө көмөктөшөт.

Фондду түзүүгө өкмөттүн резервдик корунан 5 млрд сум (470 миң доллар) бөлүндү.

Маалыматка караганда, фонд 100дөн ашык өлкөдө жашаган 10 миллиондой өзбекстандыкка жана алар түзгөн 170тен ашуун маданий борборлорго көмөк көрсөтөт.

Өзбекстан Баткендин Самаркандек айылына жаңы мектеп салып берет

Өзбекстан Баткен облусунун Самаркандек айылындагы жатак мектептин ордуна жаңы мектеп салып берет. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы кабарлады.

Маалыматка караганда, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Базаров баштаган делегация менен жолугушкан.

Жетекчилер эки тараптуу алаканы арттырууну макулдашкан.

Жолугушуу учурунда Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилери 70 жылдык тарыхы бар, эскилиги жетип турган гимназиянын имаратын заманбап мектеп катары салып берүүнү убадалаган.

23-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчылары Ферганада жолугушуп, үч мамлекеттин ишкерлеринин бизнес-форуму өткөн.

Ага Кыргызстандан Баткен облусунун мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражобий Ахмодзода, Өзбекстандын Фергана дубанынын губернатору Хайрулло Бозоров баштаган делегация катышкан.

Сүйлөшүүлөрдө экономикалык кызматташтык талкууланганы айтылган.

Меню