Menu

Өзбекстан-Украина

АКШ элчиси: Өзбекстан Орусияга каршы санкцияларды сактоого ниеттүү

Өзбекстан бийлиги Орусияга каршы санкцияларды сактоону ниеттүү экенин тастыктады жана санкцияларды айланып өткөн өлкөгө айлангысы келбейт. Бул тууралуу АКШнын Ташкенттеги элчиси Дэниел Розенблюм маалымдады. Анын айтымында, өзбек өкмөтү санкциялар боюнча Кошмо Штаттардан кеңеш алган.

Сентябрдын башында АКШнын Каржы министрлиги Орусия менен Беларус санкцияларынан айланып өтүп, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрү аркылуу товарларын башка мамлекеттерге жеткирип жаткан болушу ыктымал экенин кабарлаган.

АКШнын Ташкенттеги элчиси Дэниел Розенблюм Alter Ego долбооруна берген магениде аталган тизмеде Орусия менен ишкер карым-катнаштагы өлкөлөр бар деген.

“Демек бул потенциалдуу тобокелчилик катары каралууда, бул айыптоо же далил эмес, бул болгону тобокелчилик”, – деп түшүндүрдү ал.

Элчинин айтымында, Өзбекстан өкмөтү компаниялар экинчи санкцияга илинбөө үчүн Орусияга каршы салынган бардык чектөөлөрдү сактайбыз деген оюн ачык айткан.

Апрелде Өзбекстан банктары экинчи санкцияларга кабылбоо үчүн эл аралык кеңешчилерди тартканы айтылган.

8-августта Улуттук банк да Кыргызстан санкцияга туш болбошу үчүн аракет көрөрүн билдирген.

Меню