Menu

Өзбек-казак чек арасы

Өзбек-казак чек арасын демаркациялоо иши аяктады

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча иштер ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы тиешелүү макулдашуу 4-июлда күчүнө кирди.

“Макулдашууга 2022-жылы декабрда эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол коюп, парламенттер ратификациялаган. Бул келишимдин күчүнө кириши – Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча 19 жылдык процесстин толук аяктаганын билдирет”, – деди Смадияров.

Ал 2 357 чакырымга созулган чек арага 1 301 чек ара белгиси орнотулганын кошумчалады.

“Бул окуя чек ара аймактарындагы коопсуздук менен туруктуулукту бекемдеп, эки тараптуу жана аймактар аралык өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө түрткү болот”, – деди ТИМ өкүлү.

Ондогон казак жараны Каракалпакстандан мекенине кайта албай жатат

Казакстандын Каркалпакстанда жүргөн 80ге жакын жараны үч күндөн бери мекенине кайтуу үчүн чек арадан өтө албай турат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирүүдө.

“Абал Өзбекстандагы дипломаттарыбыздын көзөмөлүндө. Азыр маселени тез арада чечүүгө болгон аракетибизди көрүп, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биздин жарандар үч маал тамак менен камсыздалган, алар менен дайыма байланыштабыз”, – деди Казакстан ТИМинин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

Чек арадан өтө албай турган казакстандыктар ысыктан жана өтө чаалыккандыктан балдардын дене табы көтөрүлүп жатканын билдирүүдө.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Өзбекстандын Казакстан менен чектеш “Даут ата” — “Тажен” чек ара өткөрмө бекетинде кишилерди, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү токтотулганын кабарлаган. Өзбекстандын бийлиги өткөрмө бекеттердин жабылышын расмий түрдө “маалымат системаларынын үзгүлтүккө учурашы” менен түшүндүргөн.

3-июлда Казакстандагы каракалпак жарандары “митингдерге байланыштуу” чек ара 30-июнда жабылганын билдиришкен. Алардын айтымында, казак полициясы мекенине кайтууну каалаган каракалпактарды кайра артка кайтарып, жүздөгөн киши чек арадан өтө албай калган.

Эки өлкө ортосундагы чек ара өткөн жуманын аягында Каракалпакстандын Нукус шаарында жана башка аймактарында жапырт наарызылык акциялар башталганда жабылган. Тургундар Каракалпакстанды суверендүү макамынан ажыратуу сунушталган Өзбекстан Конституциясынын жаңы редакциясына каршылык билдирип чыгышкан.

2-июлда президент Шавкат Мирзиёев Конституциядагы Каракалпакстанга тиешелүү беренелерди өзгөртүүсүз калтыруу зарылдыгы тууралуу айтып, аймакта өзгөчө аба режимин жарыялап, өзбек Улуттук гвардиясынын кошумча күчтөрүн киргизген.

4-июлда Өзбекстандын бийлиги нааразылык акциялар маалында 18 киши өлүп, 243 адам жараат алганын билдирди. Расмий маалыматтарга ылайык, мындан тышкары акциялар учурунда 516 киши кармалган.

Меню