Menu

Өмүрбек Бакиров

Жогорку Сот Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырды.

Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, соттук отурум 18-августта өттү.

Бакиров акыркы инстанциянын чечими боюнча журналисттерге комментарий берип, муну “мыйзамсыз” деп атады.

“Бул баарына эле билинип турат, бул мыйзамсыз чечим. Жаңы ачылган жагдай деп жатышат. Шайлоо кодексинде “жаңы жагдай деген түшүнүк жок”, – деди ал.

26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган.

7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан.

Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Өмүрбек Бакиров былтыр декабрда журналисттерге берген комментарийинде муну Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүрбек Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон.

УКМК: ЖК депутаты Өмүрбек Бакиров менен Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбектин(Көлбаев) жолугушканы аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги кызмат адамдары менен биригүүсү боюнча тынымсыз чаралар көрүлүп жатат, бирок келип түшкөн маалыматтар көрүлгөн чаралардын жетишсиздигин көрсөтүүдө.
Уюшкан кылмыштуулук феномен катары экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттик аппараттын динамикалуу өнүгүшүн камсыз кылуу зарылчылыгынын шартында өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп, улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч болуп калды.
Уюшкан кылмыштуулук феномен катары улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтире баштады, экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттик аппараттын динамикалуу өнүгүшүн камсыз кылуу зарылчылыгынын шартында өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда.
Коррупциялык компонент кылмышкерлердин мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен биригүүсүнүн негизи болуп, анын ичинде жооптуу кызматты ээлегендер, кее бир учурларда жеке кызыкчылык, ач көздүк, мыйзамсыз баюу мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турат.
Бул контекстте криминалдык авторитет Камчы Асанбек менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Бакировдун ортосунда улуттук коопсуздук органдары тарабынан белгиленген байланышка өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, себеби, Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында ал атайын Чолпон-Ата шаарына уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушуу үчүн келгендиги аныкталды, бул боюнча далилдүү фактылар бар.
Белгилей кетсек, кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде эл депутаттарына кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертет, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат.

Жогорку Кеңеш депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын мыйзамсыз деп тапты

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени караган депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, анын корутундусун бүгүн 1-декабрда парламент жабык талкуулады.

Натыйжада кабыл алынган токтомдо Министрлер кабинетинин төрагасына президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованы иштен алуу маселесин кароо сунушталды.

Ошону менен катар Иш башкармалыгынын жетекчилери Өмүрбек Бакировдун депутаттык кол тийбестигин одоно бузгандыгы белгиленип, Башкы прокуратурага аларга карата жазык мыйзамдарына ылайык катуу чара көрүү тапшырмасы берилди.

Бакировдун өзү журналисттерге “Бул жерде маселе кабинетте эмес, депутаттын жеке иш бөлмөсүнө мыйзамсыз кирген адамда болуп жатканында” деп, токтом тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

“Анда менин кабинетиме мыйзамсыз кирип, кагаздарымды чыгарып салган адамга укуктук баа берилсин деп жазылды. Менин иш бөлмөмдү алууга эч кимдин укугу жок. 2021-жылы декабрда келгенибизде депутаттык комиссия түзүлүп, бөлмөлөр фракция лидерлерине бөлүнүп берилген. Фракция лидерлери бизге, депутаттарга бөлүп берген. Чечим бүгүнкү күндө күчүндө”.

Депутат анын иш бөлмөсүнө башка депутат киргени тууралуу маалыматты төгүндөп, “Кабинет жабык турат. Буюмдарымдын жарымы ошол жакта, жарымы кайсы кабинетте экенин билбейм. Азыр кесиптештеримдин иш бөлмөсүндө иштеп жатам” деп айтты.

Бакировдун Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсү өткөн аптада алмашкан. Анын алдында Элмира Усенованын колу коюлган кат жарыяланып, анда “Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууңузду өтүнөм” деп жазылган. Катта эл өкүлүнө башка бөлмө берилери да көрсөтүлгөн.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор, бул окуя Бакиров 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткенден кийин болуп жатканы тууралуу комментарийлер жарыяланган.

Жогорку Кеңеште эки күндүк кызуу талаш-талкуудан кийин 24-ноябрда Бакировдун иш бөлмөсү алмашкан окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Меню