Menu

Өндүрүш Токтонасыров

Бишкекте Орусия элчилигинин алдында пикет өттү

Бүгүн 1-июнда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында украиналык балдардын укугун коргоого багытталган акция өттү.

Орусиянын кол салуусунан жабыркап жаткан балдар маселесин жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров көтөрүп чыкты:

“Путиндин айынан анын агрессордук ой-максатынын кесепетинен Украинада канчалаган бөбөктөр өлүп, жетим калып жатышат. Бүткүл эл аралык коомчулук, прогрессивдүү адамзат Путинди эл аралык Гаага сотунда жоопко тартылышы керек деп талап кылалы”.

Токтонасыров “Путин өлгөн, жетим калган бөбөктөр үчүн Гаагада жооп бер” деген плакат кармап турду.

Украинага орус аскерлери басып киргенден бери бул өлкөнүн 4113 жайкын тургуну каза болгонун, алардын 264ү балдар экенин 31-майда Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча өкүлүнүн Киевдеги кеңсеси билдирди. 5 миңдей адам жараат алды, алардын 421и балдар.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Ошондон бери бир катар аймактарда салгылашуу уланууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр майнап берген жок.

Бүгүн 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү.

Маалымат мыйзамынын долбоору добуш берүүдөн өткөн жок

Маалымат мыйзамынын жаңы долбооруна каршы акцияга чыккан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды.

Парламенттеги 59 депутат “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

Добуш берүүдөн кийин депутат Бактыбек Райымкулов айрым депутаттар адашып калганын айтып, кайра добуш берүүнү талап кылды. Буга эл өкүлү Дастан Бекешев каршы чыкты. Бирок, парламент башка маселени кароого өттү.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралган. Талкуунун жүрүшүндө депутаттардын арасында кайым айтышуу орун алды. Демилгечилер жана колдогондор долбоордун негизги максаты ар бир жарандын укугун коргоо жана такталган маалымат алууга шарт түзүү экенин айтып жатышат.

28-июнда Жогорку Кеңештин тармактын комитети аталган мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары долбоор сөз эркиндигин чектей турганын билдирип, сынга алышууда. Кечээ, 30-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер Жогорку Кеңештин алдында бул мыйзам долбооруна каршы митингге чыкты.

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтолуп жатат. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталды. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөп жатышат.

Меню