Menu

13 жашар кызды зордуктоо

Атыр Абдракматова, Акыйкатчы: "Жогорку Сот 13 жашар кызды зордуктаган милиционерлердин биринин жазасын жеңилдетти - бул балдар менен аялдардын бетине ачык эле түкүрүү болду"

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институнун кызматкерлери Жогорку сотто 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши каралган процесске мониторинг кылышты.

Жыйын жабык режимде өткөрүлдү. Жабырлануучу тараптын оозеки кайрылуусунан кийин Акыйкатчы институнун жана ЖМК өкүлдөрүнө өкүмдү угузуу учурунда сотко катышууга уруксат беришти.

Баардыгы болуп сот жыйынына 30дай адам катышты.

Жогорку соттун 2023-жылдын 5-апрелиндеги токтому менен айыпталуучу К. Д. А.га карата кылмыш иштери боюнча соттук коллегиянын өкүмү жана Бишкек шаардык сотундагы 2023-жылдын 12-январындагы жосундар боюнча иш өзгөртүлүп, калган бөлүктөр өзгөрүүсүз калды.

Сот К. Д. А.ны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты, ал 3 жылга чейин кызмат ээлөө же кайсы бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан (буга чейин, экинчи инстанциянын чечими менен ал 6 жылга эркинен ажыратылган) чектелди.

Мындай жол менен Жогору сот формалдуу түрдө жазаны каттаалдатты, бирок жыйынтыгында өкүм биринчи инстациянын чечимине караганда сезилерлик жеңилирээк болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова сот бийлигинин эң жогорку органынын чечимине өкүнгөнүн айтты. Белгилей кетсек, Акыйкатчы  бул иш башталгандан бери эле көзөмөлгө алып келген.

“Милициянын жоопкерчилигин жумшартуу – сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын курмандыгы болгон балдар менен аялдардын бетине ачык эле түкүрүү болду жана баардык зордукчуларга колдоо белгиси болду. Биз өлкөдө зомбулуктун кайсы гана түрүнөн болбосун балдар менен аялдарды коргоо мамлекеттик системасы калыптанбаганын көрүп жатабыз. Бийликтин баардык бутактары жана көзөмөл органдары зордукчулардын күнөөсүн кайра квалификациялоо жана жумшартуу, курмандыкты каралап, зордукчуларга жоопкерчиликтен качууга көмөктөшкөн, бул аракети менен коомчулукта зомбулуктун өсүшүнө жол ачкан тажрыйбаларга өзгөчө көңүл бурууга милдеттүү”,-деп баса белгиледи Атыр Абдрахматова.

Жогорку Сот 13 жашар кызды зордуктаган бир милиционердин жаза мөөнөтүн көбөйттү

Жогорку Сот 22-мартта 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталып, 15 жылга кесилген эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир адамдын ишин кароону 5-апрелге жылдырды.

Буга айыпталуучунун биринин адвокаты алмашып, ал иш менен таанышууга убакыт сураганы себеп болду.

5-апрелде Жогорку Сот 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталып, 15 жылга кесилген эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир адамдын ишин кароону улантты.

Анда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы айыпталуучунун жазасын алты жылдан 7,5 жылга өзгөрткөн чечим чыгарды.

Экинчи милиция кызматкери менен үчүнчү айыпталуучу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейинки соттук отурум 22-мартта өтүп, айыпталуучунун биринин адвокаты алмашып, ал иш менен таанышууга убакыт сураганы үчүн ишти кароо 5-апрелге жылдырылган.

Ошол күнү Жогорку Соттун имаратынын алдына калыс жана акыйкат чечим чыгарууну талап кылгандар акция өткөрүп, айыпталуучулардын жаза мөөнөтүн кыскартпоону талап кылышкан.

Секелектин зордукталышына байланыштуу жалпысынан төрт кишиге – эки милиция кызматкерине жана эки жаранга айып тагылган.

Былтыр 30-августта Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

Быйыл 12-январда Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын апелляциялык арызын карап, эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскарткан чечим чыгарган.

Ага ылайык, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы айыпталуучуну алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн 34 жаштагы айыпталуучуну тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Үчүнчү соттолуучунун 10 жылдык жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.

13-мартта Жогорку Сот бул ишке айыпталган төртүнчү кишиге карата Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Шаардык сот аны сегиз жылга эркинен ажыраткан.

2022-жылы 2-июлда ЖМКлар милиция кызматкерлери жана дагы эки адам секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө макала жарыялаган. Мындан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы менен Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши эки жылдан кийин камакка алынды

Биринчи Май райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан кишинин баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу 22-мартта соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүү №1 тергөө абагына бир айга камакка алынды.

Жашы жете элек кыздын зордукталганы жөнүндө арыз милицияга 2021-жылдын ноябрь айында түшкөн. Аламүдүн районунун тургуну небереси 2021-жылдын август айында зордуктоого кабылганын, окуя Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ичинде болгонун, ал жакка кызды Алтынбек аттуу киши TikTok социалдык түйүнүнө видео тартам деп алдап алып барганын, натыйжада небересинин боюна бүтүп, бала төрөлгөнүн айтып берген. “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Быйыл мартта Акыйкатчы институту 2022-жылы тергөөчү ишти токтотконун, шектүү эки жылдан ашык убакыттан бери эркиндикте жүргөнүн кабарлаган.

Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова кыздын чоң атасы жардам сурап кайрылганын маалымдап, Биринчи Май райондук прокуратурасынан тергөөчүнүн ишине баа берүүнү талап кылган.

Тергөөчү ДНК маселесине байланыштуу ишти бир жылга токтотуп койгон бойдон кайра уланта электиги жана Орусияда жасалган тест баланын атасы шектүү экенин тастыктаганына карабастан, ал кайрадан Казакстандан 600 долларлык тест жасатууну талап кылганы кабарланган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон, алардын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмыш жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат.

Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого катышкан төртүнчү адамды 8 жылга кести

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Судья ошондой эле айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон айыпталуучуга тогуз жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны мүмкүн болушунча көп берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышына байланыштуу сот жараяндары жабык өттү. Өкүм чыккандан кийин айыпталуучу тараптын жактоочулары комментарий берген жок.

Бул кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт кишиге – эки милиция кызматкери жана эки жаранга айып тагылган.

30-августта Свердлов райондук соту экт милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

2-июлда журналисттер милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

8-июлда ушул иш боюнча териштирүү жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоого акциясы өткөн. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышты. Ушундай эле пикет Ош шаарында да шаардык милициянын алдында болгон. Алар Ички иштер министри балдарын, аялдардын укуктары тепселенип жатат деген негизде Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан.
19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган

13 жашар кызды зордуктаган эки милиция кызматкери 15 жылга кесилди

Кечээ, 30-августта Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, зордуктоого шектелген эки милиция кызматкери 15, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары ар бир айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди.

“Биз жабырлануучунун ата-энеси менен кеңешип сүйлөшкөнбүз. Бүгүнкү чыккан өкүмгө нааразы эмеспиз. Бул биз сураган айыптоо беренелеринин санкцияларында көрсөтүлгөн максималдуу жаза”, – деди жабырлануучу тараптын адвокаты Тимур Султанов.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон эки милиция кызматкерине 15 жыл, дагы бир айыпталуучуга 13 жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны максималдуу түрдө берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышы боюнча соттук жараяндар жабык өттү.

13 жашар кызды зордуктоо иши: айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган жок

12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо иши боюнча жараян уланды.

Бул ишке эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир киши айыпталууда. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султановдун айтымында, бүгүнкү отурумда үч күбө суралып, бирөө келбей калгандыктан кийинки жараян 13-июлга жылды.

“Азыркы күндө айыпталуучулар күнөөнү моюнуна алган жок. Соттук териштирүүдө алардын дагы позициясын билебиз. Аларды дагы сурайбыз”, – деди жактоочу.

Султановдун айтымында, сотто айыпталуучулардын жактоочусу ал коргоп жаткан кишинин сүрөтүн социалдык тармактарга таратып жаткандарды жоопко тартууну суранган.

12-июлдагы отурумга Акыйкатчы институтунун жана Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү киргизилген жок. Сот жабык өттү. Журналисттер жеринен кабарлагандай, азырынча соттон алардын эмнеге киргизилбегени боюнча түшүндүрмө боло элек.

8-июлдагы отурумда да Акыйкатчы институтунун өкүлү киргизилген эмес. Анда судья Азиз Эшалиев Акыйкатчынын өкүлү сотко катышуусуна айыпталуучу тарап каршы болгонун жүйө келтирген.

2-июлда ЖМКларга милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы отурум Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылган.

Меню