Menu

14 жашар кызды зордуктап өлтүрүү

Кадамжайда 14 жаштагы кызды өлтүргөнгө шектелгендердин экөөсү абактагы ажатканада асынып алышкан

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов Ош шаарындагы №5 тергөө абагында шектүүлөрдүн өлүмү боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди.

Анын айтымында, камакта жаткандардын экөө 4-декабрга караган түнү саат экилерге жакын дааратканада шейшептерине асынып алган.

“Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери боюнча материалдар катталып, текшерүү иштери башталды. Биринчи кароо жүргүзүлүп, каза болгондордун денесинен эч кандай залал аныкталган жок. Денелери таза. Соттук-медициналык экспертиза да жүргүзүлүп жыйынтыгы чыгарылат”, – деди Камолидинов.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалган төрт айыпталуучунун үчөө Кадамжай райондук сотунун чечими менен 1-декабрда Оштогу №5 тергөө абагына которулган. Буга алардын сот иши башталганы негиз болгон. Ал эми шектүүлөрдүн дагы бири Жалал-Абад облусундагы жашы жете электер кармала турган мекемеге өткөрүлгөн.

Быйыл 5-сентябрда Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Кадамжай районунун Исхак-Полотхан (ред: мурдагы Халмион) айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 8-сентябрда кыздын өлүмүнө байланыштуу жашы жете элек дагы бир адам кармалган.

Ноябрь айында алардын камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 4-январына чейин узартылган.

Тергөө абагында каза болгондордун жана азыр камакта жаткан эки шектүүнүн адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек.

Кадамжайдагы өспүрүм кыздын зордукталып өлтүрүлүшүнө төртүнчү шектүү болуп өспүрүм бала камакка алынды

Кадамжайдагы өспүрүм кыздын зордукталып өлтүрүлүшүнө төртүнчү шектүү болуп өспүрүм бала камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

8-сентябрда жашы жете элек, 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунун жашы жете элек тургуну суракка алып келинген. Ал жактоочунун жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек өспүрүм өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайда олтурат. 9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган өспүрүмгө карата эки айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 5-сентябрда Баткен облусунун милициясы Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылганын билдирген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Меню