Menu

1999-жылдагы Ташкенттеги жарылуу

Ташкенттеги 1999-жылкы жардыруулар боюнча соттолгон беш киши акталды

Ислам Каримов диний экстремисттер уюштурган теракт анын өмүрүнө кол салуу аракети да болгонун билдирген

Кылмыш иштери боюнча Ташкент облустук соту 1999-жылы февралда Өзбекстандын баш калаасында болгон бир нече теракт боюнча соттолгон мурдагы беш бажы кызматкерин актап, аларды реабилитациялады.

1999-жылы июнда “Гишт куприк” бажы бекетинин беш башкы тескөөчүсү “Бийликтин аракетсиздиги” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири үч жылдан эрктеринен ажыратылган.

Алар аталган бекет аркылуу транспорт каражаттары менен адамдарды өткөрбөө тууралуу буйрукту так аткарган эмес деп айыпталышкан. Тергөөнүн маалыматына караганда, Ташкентте бир нече жардырууну ишке ашырган диний-экстремисттик кыймылдын мүчөлөрү шаардан дал “Гишт куприк” бажы бекети аркылуу чыгып кетишкен.

Соттун чечиминде тескөөчүлөр жолду транспорт каражаттары үчүн гана жаап, жөө адамдардын өтүүсүнө уруксат бергени жазылган. Анын жыйынтыгында жардырууларды уюштурган үч киши эч тоскоолдуксуз аталган бекет аркылуу шаардан чыгып кетишкен.

Бул иш боюнча соттолгон Ёлкин Камалов, Мухаммадзахир Хожаев, Иброхим Юнусов, Бахтиёр Бегматов жана Искандар Буриев аттуу бажычылар 1999-жылы апрелдин аягында президенттин жарлыгы менен жарыяланган мунапыстын негизинде эркиндикке чыккан.

Алар биринчи баскычтагы сот өкүмү боюнча апелляциялык арыз жазып, ал Ташкент облустук сотунда карала баштаган. Быйыл 24-июлда соттук коллегия мурдагы бажычыларды актап, райондук соттун айыптоо өкүмүн жокко чыгарды.

1999-жылдын 16-февралында Ташкент шаарында бир нече ири жардыруу болгон. Анда 16 киши көз жумуп, жүздөн ашык адам жаракат алган. Ошол кезде өлкөнү жетектеп турган Ислам Каримов диний экстремисттер уюштурган бул теракт анын өмүрүнө кол салуу аракети да болгонун билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню