Menu

5G технология

Акылбек Жапаров: 5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт, биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө кызыкдарбыз

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды.

Белгилей кетсек, «Альфа Телеком» жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан 5G сыноо зонасын ишке киргизди жана Бишкек шаарында бешинчи муундагы технологиялардын биргелешкен көргөзмөсүн ачты.

Министрлер Кабинетинин башчысы павильондо санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер, анын ичинде 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты.

Акылбек Жапаров республикада 5G технологиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө, байланыш операторлоруна аталган тармактарды жайылтууга көмөк көрсөтүүгө кызыкдарбыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта олуттуу иштерди жүргүзүүсү зарыл», – деди ал.

5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт, мамлекеттик кызматтарды жана бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди жакшыртууга таасирин тийгизет.

Кыргызстан алдыдагы эки жылда 5G технологиясын киргизүүнү пландоодо

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылга чейин 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын санариптик экономикасынын 2021-2023-жылдардагы консепциясында айтылат.

Ведомство ушул тапта 4G түйүндөрүн өнүктүрүү тиешелүү чегине жете электигин, ага карабай улуттук телекоммуникациялык тармак 5G технологиясын ишке киргизүү алдында турганын белгилеген.

“Жаңы технологиялар маалыматты берүүдө кечигүүнүн алдын алып, жасалма интеллектти ишке киргизүүгө жана жайылтууга жардам берет. Анын жардамы менен “акылдуу шаарларды” жана “үйлөрдү” куруу, аралыктан башкарылуучу автоунааларды пайдалануу, мындан тышкары өндүрүштө, кеңселерде, соода борборлорунда, социалдык жана өндүрүш объектилеринде ар кыл процесстерди оптималдаштырууга мүмкүндүк түзүлөт”, деп түшүндүрдү министрлик.

2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган маалда дүйнөдө “бешинчи муундагы мобилдик байланыш технологиясы же 5G аркылуу илдет таркайт экен” деген имиштер жайылган. Кыргыз өкмөтү бул технология али өлкөдө ишке киргизиле элек экенин тастыктоого аргасыз болгон.

Меню