Menu

6-Глобалдык тоо шериктештиги

КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нурлан Айтмурзаев АКШнын Аспен шаарында өтүп жаткан 6-Глобалдык тоо шериктештигинин жолугушуусунда сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын делегациясы 2022-жылдын 27-28-сентябрында АКШнын Аспен шаарында өтүп жаткан 6-Глобалдык тоо шериктештигинин жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин тоолорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нурлан Айтмурзаев тоолуу өлкөлөрдүн жогорку өкүлдөрүнө, эл аралык уюмдарга, коммерциялык эмес экологиялык активисттерге жана башка катышуучуларга Кыргыз Республикасынын глобалдык тоо демилгелери тууралуу маалымат берди.

Атап айтканда, кыргыз делегациясы катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76 жана 77-сессияларынын жалпы дебаттарында, Глазгодо өткөн климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитте жана башка эл аралык форумдарда айтылган демилгелер менен тааныштырды.

Катышуучулар ошондой эле мамлекет башчысы тарабынан Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылынын алкагында жарыяланган Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында өткөрүлгөн «Жашыл Мурас» сыяктуу улуттук иш-чаралар менен таанышты.

Катышуучулардын өзгөчө көңүлү 2023-2027-жылдарга БУУнун тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер планын кабыл алуу максатында Кыргызстан тарабынан демилгеленген БУУнун Башкы Ассамблеясынын жаңы резолюциясына да бурулду.

Делегациялардын башчылары жана ПРООН, ФАО, ЮНЕП, Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык уюмдардын жогорку өкүлдөрү Кыргызстанга тоолуу өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарын дүйнөлүк аренада жылдырып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Колорадо штатынын губернатору Жаред Полис Кыргыз Республикасынын 2022-жылды Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоосун кубаттады. Жыйындын катышуучулары ошондой эле БУУнун тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер планын кабыл алууну колдошту.

Меню