Menu

7-апрель 2010-жыл

УКМК: Жалал-Абад шаарында 2010-жылы мыйзамсыз басып алынган 430 миллион сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланышкан кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш жана соода жайлары, 430 миллион сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Такталгандай, иш боюнча соттолгондор 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчикке мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 2010-жылдын май жана июнь айларында Жалал-Абад шаарында административдик имараттарды күч менен басып алууну жана улуттар аралык кагылышууну уюштурууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда, мамлекетке өткөн жалпы аянты 2 гектарга жакын жер тилкелерине Жалал-Абад шаарынын мэриясы социалдык объектилерди (бала бакча, мектеп ж.б.), жана ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак-жай, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында курууну пландоодо.

Апрелчилер мурдагы президенттердин келишине каршы бийликке кайрылды

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликтин жанында нааразылык акциясы өттү.

Ал жерге 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары чогулду. Алар кыргыз коомчулугуна жана бийликке кайрылуу жолдоп, мурдагы президенттерди өлкөгө алып келүү аракеттерине каршы экенин билдиришти.

“Тилекке каршы, элибиздин башынан өткөн кандуу окуялардан сабак алып, туура жыйынтык чыкпаганына күбө болуп жатабыз. Бүгүн көз көрүнө калың элдин тынчтануусун жараткан аракеттер аткаминерлер тарабынан болуп жатат. Бул Акаевди актап өлкөгө чакыруу жана жексур Бакиевди көз көрүнөө актоо аракети”, – деп жазылган кайрылууда.

Алар адам өмүрү кыйылган окуяларга себепкер болгондорду мыйзам алдында жоопко тартып, камакка алынышын талап кылышкан. Мындан сырткары, бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиев менен маек уюштурган УТРКнын журналисти, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевге нааразылыгын билдиришкен.

2005-жылдагы Март окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келгени талкуу жаратууда.

Акаевдерге жакын адамдар ал башкалаада айрым жогорку окуу жайларда лекция окуй турганын билдиргенден кийин бир катар студенттер нааразылыгын билдирип кайрылуу жасады. Ушундан кийин анын үч жерде белгиленген дарсы болбой турганын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда башкалкалап келет.

Өткөн аптада элдик толкундоонун аркасы менен бийликтен кулатылган дагы бир мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маеги да талаш жаратты. Өлкөнү 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жетектеген Курманбек Бакиев башында турган бийлик 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоодон кийин кулатылган. Ал жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

80ден ашык адамдын өмүрүн алган кандуу Апрель окуясына байланыштуу мурдагы президент Курманбек Бакиев жана тун уулу Марат Бакиев 30 жылдан, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою кесилген.

УКМК: 2010-жылы К.Бакиевдерге таандык 97 даана кыймылсыз мүлк мамлекетке өткөн, бирок кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, депутаттар жана соттор пара катары бөлүп алышкан

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мурда улутташтырылган мүлктү мыйзамсыз алып коюу жана легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө, атап айтканда, Ысык-Көл районундагы «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлер.

2010-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн №43 Декрети менен 10 га жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан, К.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 даана өлчөмүндөгү кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттин карамагына өткөн. 

Бирок, кийин бул объектилер 3 инстанциядагы соттор тарабынан атайылап адилетсиз чечимдерди чыгаруу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Ошол эле учурда судьялар «Аврора плюс» ишканасынан кымбат баалуу коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптардан пара түрүндө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган.

Ошондой эле, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн коттедждер жана батирлер түрүндө пара катары алышкан.

Натыйжада суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 500 миллион сомдон ашуун мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.

КР МУКК чогулткан материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун мурдагы Төрагасы Д.Ф.З., Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын мурдагы орун басары С.Э.Э., Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Ж. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, КР МУКК тарабынан бул кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

Видео - Нарын Айып: 2010-жылдагы апрель революциясы жыйынтыгында парламентаризм идеясын булгап, Кыргызстанда авторитардык бийлик орнотту

Кыргызстанда бүгүн 2010-жылдагы апрель революциясынын 12 жылдыгы белгиленип жатат. Бишкектин борбордук аянтындагы кандуу кыргындан кийин президент Бакиев качкан, бирок ошол окуялар жана алардан кийинки Ош менен Жалал-Абаддагы июнь коогалаңы сырткы күчтөрдүн катышуусу менен уюштурулган деген шек бар.

Жаңы адамдар кандай жол менен бийликке келсе дагы, өлкөнүн кийинки өнүгүүсү алар убадалагандай болгон жок – бир жарым жылдан кийин алар баары өздөрү сүрөп, бийликке Атамбаевди алып келди, анын 6 жылдык президенттиги учурунда мамлекет саясий жактан көптөгөн жылга артка кетти.

Эң негизгиси болсо парламентаризм идеясы булганып, парламенттик шайлоо кадимки эле соода-сатыкка айланып кетти, европалык баалуулуктарды баарыбыз сөгө баштадык жана 1980-жылдардан бери авторитаризм менен күрөшүп келген кыргыз коому 30 жылдан кийин расми түрдө авторитардык бийликке кайтып келди.

Нарын Айып, журналист

Меню