Menu

«AstraZeneca» вакцинасы

Кыргыз Республикасына COVAX алкагында AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди

Кыргыз Республикасына COVAX механизми алкагында коронавирус инфекциясына каршы 226 миң 560 доза AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жүктү кабыл алуу учурунда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жана COVAX механизмине катышкан өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өлкөгө акысыз көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Эпидемияга даярдыкты камсыздоодогу инновациялар үчүн коалициясынын бардык катышуучу өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө, Вакцинация боюнча Глобалдык Альянска жана ЮНИСЕФ, ошондой эле COVAX механизмине катышкан өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиргим келет. Өлкө жетекчилиги коронавирус инфекциясына каршы калкты вакцинациялоого приоритеттүү маани берет, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртууга, оорунун деңгээлин кыскартууга, экономикалык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, окуу процессин салттуу формада жандандырууга мүмкүндүк берет. Мен жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөгө чакыргым келет, эмдөө сизди жана жакындарыңыздын ден-соолугун коргойт», – деди Жылдыз Бакашова.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасы бардык процедуралардан өткөндөн кийин, 2020-жылдын сентябрь айында 190 өлкө мүчөсү катары камтылган COVAX платформасынын мүчөсү болду. Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө AstraZeneca вакцинасын болжол менен 49 млн адам алган, ал эми Кыргызстанда бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1285 адам алган.

Жылдыз Бакашова эл аралык өнөктөштөр менен жалпы максаттарга жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мындан аркы тыгыз кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.

COVAX механизми COVID-19 каршы вакциналарга бирдей жана акыйкат жеткиликтүүлүгүн камсыздоону колдоого алат, бул пандемияны токтотуунун маанилүү шарттарынан болуп саналат деп белгиледи Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело. «COVAX глобалдык демилгесинин бөлүгү катары саналган ЮНИСЕФ жана ДСУ, ошондой эле өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракетине жараша, биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн өлкөгө вакцина жеткирүү ишинде колдой алдык. Эми ар бири туура чечим кабыл алуусу керек: вакцинация кылуу менен биз жакындарыбыздын өмүрүн сактап жана COVID-19дан коргоп калууга жардам беребиз», – деди ал.

Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр белгилегендей, COVAX механизми аркылуу берилген вакциналар өлкөдө жүрүп жаткан вакцинация кампаниясына олуттуу көмөк көрсөтөт.

«Кыргызстандагы эмдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү жакшырып жаткандыгына кубанып жатабыз жана бул вакцинанын партиясы менен өнөктүк иши мындан да ийгиликтүү болот деп ишенебиз. Бул биринчи гана этап, анткени биз жалпы 2,6 млн дозаны жеткирүүнү көздөп жатабыз, бул кыргызстандыктардын 20% вирустан коргоого жардам берет. Көпчүлүк донорлор колдоого алган COVAX программасы жок болсо, мунун бардыгын ишке ашыруу мүмкүн болмок эмес, анын ичинде Европа Биримдигинин 1 миллиард евро салымы бар», – деди Эдуард Ауэр.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасына COVAX механизми алкагында апрель айынан июль айына чейин жалпысынан 2 млн 617 миң шприц жана коопсуз утилизациялоо үчүн 25 миң 800 бокс алынып келинген. Мындан тышкары, ЮНИСЕФтин негизги фонддорунун жана GAVI муздаткычтар чынжырча жабдууларын оптималдаштыруу платформасынын колдоосу менен улуттук муздаткычтар чынжырын чыңдоо үчүн август айында вакциналар үчүн тоңдуруучу камералардын жана 86 аралаш муздаткычтын келүүсү күтүлүүдө.

COVAX – COVID-19 каршы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча Глобалдык механизми 172 өлкөнү камтып, бир нече келечектүү вакциналар үстүндө иш алып барууда. COVAX Глобалдык механизминин донорлору болгон өлкө Өкмөттөрү: Австралия, Басков Өкмөтү, Бутан, Канада, Каталония Өкмөтү, Колумбия, Эстремадура Региону, Исландия, Япония, Корея, Кувейт, Лихтенштейн, Маврикий, Мексика, Монако, Жаңы Зеландия, Норвегия, Оман, Филиппин, Катар, Сауд Аравия, Сингапур, Швейцария. Европа өлкөлөрү, анын ичинде: Австрия, Бельгия, Хорватия, Дани

Азербайжандан Бишкекке гуманитардык жардам катары 40 миң доза «AstraZeneca» вакцинасы жеткирилди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрининорун басары А.Мадмаров жана Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүүминистрлигинин статс-катчысы Ж.Ташиев 2021-жылдын 16-июлунда «Манас» эл аралык аэропортунда, Баку шаарынан COVID-19дун жайылышына каршы туруунун алкагында 40 миң доза вакцина «AstraZeneca»гуманитардык жардамды тосуп алышты.

Кыргыз тарап Азербайжан Республикасына өлкөлөрдүнортосундагы боордоштук мамилелердин көрүнүшү болгонбүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөнгуманитардык жардам жана колдоо үчүн ыраазычылыкбилдирди.

Белгилей кетсек, бул азербайжандык өнөктөштөртарабынан Кыргыз Республикасына жиберилген биринчигуманитардык жардам эмес. 2020-жылдын апрель айында 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттаралынган.

Бул гуманитардык жардамды көрсөтүү боюнча КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министриР.А.Казакбаевдин 2021-жылдын 1-3-июлундагы АзербайжанРеспубликасына жасаган расмий сапарынынжыйынтыгында макулдашууларга жетишилген.

Меню